Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Темир Азем уулу, режиссёр: “БАСПАЙ КАЛЫП, ЭЛДЕН ЖАРДАМ СУРООГО АРГАСЫЗМЫН”

№915 18-24-июнь, 2020-ж.


Жашоо кызык. Кечээ эл арасында кадыр-баркка ээ адам бүгүн жүрбөй калган машинени үй кылып, жалгыздык жана оору менен алышып жашаганга, жардам сураганга аргасыз. “Карагул ботом”, “Туңгуюк”, “Күзгү жалбырак” тасмаларын тарткан режиссёр Темир Азем уулу азыр кант диабетинен жабыркап, инсульт алып баспай калган.

“КИНОГО ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВГЕ ТААСИРЛЕНИП КЕЛГЕМ”

– Аксы районунун Кара-Жыгач айылында 1955-жылы 15-августта төрөлгөм. Союз убагында кино тармагы өнүгүп жаткан мезгилде тагдыр жолум мени кыргыздын мыкты режиссёру Дооронбек Садырбаевге туш кылды. Экөөбүз тасма тартуунун күнгөй-тескейи тууралуу көп пикир алмашчу элек. Мен анда айылда фотограф болуп иштечүмүн. Бири-бирибизге кат жазып, пикир алышып турчубуз. Ошол каттарды жоготуп алдым, болбосо музейине берсем деп жүргөм. Кийин мени борборго чакырды.

Өзүм Москва шаарында кино тармагында окуп жүргөндө атам айылда жалгыз калып, ага каралашам деп окуумду уланта албай калгам. Башынан эле ушул тармакка кызыкчу элем.

Доке кыргыз элинин биринчи сериалдарын тарткан адам. Үркүн тууралуу тартылган “Кайран эл” деген тасмасына мен жардамчы болуп чогуу тартып калдык. Кийин бийлик ал тасманы көрсөтүүдөн алып салды. Ушул тасманы бүтүрсөм деп аябай аракет кылган эле. Ал убакта кино плёнкага тартылчу. Өзүнүн акчасына плёнка сатып келген. Аябай патриот киши эле. “Кайран эл” тасмасына Касымалы Баялиновдун “Ажар” чыгармасынын монологун тартмакчы болуп башкы каармандын ролуна Оштон бир кызды алып барып тарттырган элем. Кызды карышкыр талап кеткен жерин, кыргыздар топ-топ болуп өлүп калган жерин тартканбыз. Дагы кызык жери – массовка жасаганга акча жок болгондуктан, айла кеткенде милициянын соолуктуруучу жайына түшүп калган кишилерди алып келип тарткан. Самара Токтакунованын күүнү сыздатып турган жерлери да таасирдүү эле. Аттиң, тасманын элге көрсөтүлбөй калганы менин да арманым болду. Ал кезде өзүнчө кино тартуу мүмкүн эмес эле. Бүт баары Москвада чечилчү. Эгемендүүлүктү алгандан кийин өзүбүз деле тартсак болот экен деп, Докеме окшоп өз каражатым менен тартууга кириштим. Докем менин устатым болду. Ага таасирленип 1996-жылы Кожожаштын окуясы баяндалган “Карагул ботом” деген тасмамды тарттым. Аксыдагы Авлетим жайлоосунда тарткам. Тасмага 20га чукул адам катышып, тартуу иштери бир жарым айга созулган.

“ГҮЛНУР АСАНОВАНЫ ТАСМАГА ЭҢ БИРИНЧИ МЕН ТАРТКАМ”

– “Карагул ботом” тасмасына кичинекей эркек бала табылбай калып, ырчы Гүлнур Асанованы тарткам. Тебетей кийгизип эркек балага окшотуп тарткан элек. Гүлнур өзү башкача маалымат берип коюшу мүмкүн. Бирок бул болгон окуя. Мен анын апасына үйлөнгөм. Гүлнурдун апасы менен 10 жылдай жашадым, кийин ажырашып кеттик. Азыр байланышпайбыз.

Ал убакта Гүлнур мектепке бара элек кыз болчу. Ырдаганды жакшы көрчү. Мен сүйлөшүп Гүлнурду телеге чыгарып турчу элем. Алгачкы клиптеринин баарын мен тарткам. Кийин “Туңгуюк” тасмасын тарттым. Фильмдин башкы каарманы эркек бала болчу. Бирок Гүлнур “мен тартылайынчы” деп суранганынан сценарийдеги эркек башкы каарманды кызга өзгөртүп, Алтынай деп атагам. “Туңгуюк”, “Күзгү жалбырак”, “Табышмактуу тагдырлар” тасмаларына Гүлнурду тарттым. “Башкы каарман торпок жетелеп эле кала береби? Аягын бактылуу кылыш керек го” деген көрүүчүлөрдүн сунушунан улам кинонун уландысын тарткан элем.

Ошол тасмаларды, дагы бир топ документалдык, көркөм тасмаларды тарттым. Сыйлыктарым да бар. Эки колу жок бир адамдын турмушу тууралуу фильм тартып, чет өлкөдө өткөн фестивалда да сыйлангам.

“ООРУП КАЛГАНДА ЖАЛГЫЗДЫГЫҢ БИЛИНЕТ ЭКЕН”

– Кийин үйлөнгөн жокмун. Азыр жалгыз жашайм. Көп жылдан бери кант диабети менен алышып келем. Кийин инсульт алдым. Бул дарт колдон, буттан алат экен. Мендей адамдарды “итке мингизип” коёт тура. Жакында тааныш балдар келип видеого тартып кетишкен. Ошолор аркылуу социалдык тармакка тарап кетти. Аргасыз элден жардам сураганга туура келди. Анткени бутум баспай калды. Кан басымым да жогору. Өкмөткө кайрылып, президентке чейин кат жазгам, эч жардам болгон жок.

Учурда убактылуу Аксыда эжемдикинде турам. Кыбырабасам болчудай эмес. Жакшы баса албасам да, анча-мынча видео тартып жүрөм.

Биринчи никемден 5 балам бар. Ажырашканыма көп жыл болду. Апасы балдардын кулагына туура эмес маалыматтарды куюп койгон экен. Ачыгын айтсам, алар карабай коюшту. Жакында барып жолукканга аракет кылдым, бирок майнап чыккан жок.

“Эмнеге тасмаларыңда оор тагдырларды тарткансың?” деп көп сурашат. Мен "жогору жакта тургандар эл үчүн бир нерсе кылышабы?” деген ойдо тарткан элем. Тарткандарымдын баары коррупцияны чукуган тасмалар. “Чындыктын өчкөн изи”, “Атылган ок” – элдин таламын талашкан тасмалар. Комедия жанрындагы, компьютер менен жасалган тасмаларды тартпайм, көрбөйм дагы. Турмуштун чындыгын көрсөтүш керек. Азыр эки сценарий жаздым, фестивалдык сыйлыктарга татый турган тасма болот деп ойлоп жатам.

Оор тасмаларды тартканым менин тагдырыма таасир берген жок. Ооруп калганыма биринчи аялым менен болгон мамилем себеп болду окшойт. Анткени кант диабети стресстен улам жабышчу дарт тура. Ызы-чуу болуп жашап жүргөн учурумда дарт курч кармаган. Ошол учурда эле дарылансам болмок экен. Кант диабетине көпчүлүк олуттуу карабайт тура, симптомдору да көп байкалбайт. Катуу ооруган учурда баспай калгам, азыр акырын басып жүрөм. Жер төлө сыяктуу жерлерде жашадым. Мен жашаган жерлерге эч ким чыдай албайт болуш керек. Былтыр кышында баса албай калдым. Ошондо да видео тарттырып бирөөгө жөнөткөм. Бирок ал чыгара албай калды окшойт. Дарыгерлер “өтүшүп баратат, жардам сурап элге кайрыл” дегенинен макулдугумду бердим. 2 жыл мурда ооруп жатканымды жалган деп чыгышты. Мага эмне азап? Чың ден соолугумду оору кылып башыма таш тийди беле? Дарыгерлер койгон диагноздорум, маалымдамалар көрүнгөн жер төлөдө жашап жүрүп жоголду. Азыр бир эски машина бар, ошонун ичин үй кылып жашап жатам.

Темир Азем уулуна жардам берүүнү каалагандар үчүн: Элсом: 0773 51 24 06

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
22.06.2020. 10:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
294
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
06-08-2020 23:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+3
Кудай шыпаа берсин.
22.06.2020. 12:21 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
31-07-2020 13:20
Жынысы:
Белгисиз
+10
Гулнур Асанованы Гулнур кылган ушул киши! Таш Комурдо жургондо бардык тарткан кинолоруна баш каармандын ролун ушул кызга берген. Бору баласы ит болбойт деп эми каралашбайт. Темир байке андан коро оз балдарына конул болсо болмок. Тунгуюкта оз балдарын да тарткан
22.06.2020. 19:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
07-04-2020
Соӊку аракети:
06-08-2020 20:54
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аллахым шыпаасын берсин. Айрым эркектер бир аз акча жана дөөлөт боло калса эле үй бүлөөнү таштай калып эле үйлөнө калышат. Ата мээримин жон териси менен сезбеген балдар албетте кийин карабайт да. Таштап кеткени аз келгенсип аялын да жамандап салыптыр.
22.06.2020. 20:23 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
31-07-2020 13:20
Жынысы:
Белгисиз
+4
Noon,аралашып жашап кордун беле сен?
23.06.2020. 21:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
07-04-2020
Соӊку аракети:
06-08-2020 20:54
Жынысы:
Белгисиз
-1
taalay25, эмне сен аралашып жашап көрдүң беле? А мен аралашпасам да кандай адам экенин беш баласын таштап койгондугу үчүн да билгендей болуп турам. Баласын таштап кеткен аталарга эч кандай кечирим жок.
23.06.2020. 23:28 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
31-07-2020 13:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Noon,таштаган эмес
25.06.2020. 01:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
615
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
07-08-2020 03:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
+2
Noon,бироону куноологонго акыбыз жок!Эгер Кудай кечирсе,биз ким болуп калыппыз.
23.06.2020. 15:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
06-08-2020 20:11
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх Темир байке сиз ушундай акыбалга түшүп калдыңызбы. Өтө таланттуу көптү көрө билген адам элеңиз. Мен сизди көргөн эмесмин тааныбайм. Бирок сиз тарткан күзгү жалбырак, туңгуюк кинолорун кимдер билбейт. Гулнур Асанованы мен ошол кинодон тааныгам. Негизи Гулнур Асанова ырчы эмес актриса деп таанып билгенбиз
Келгиле Кыргыз элим 5,10 сомдон болсо да чогултуп ушул таланттуу кино режиссерубузга жардам кылалычы туугандар
23.06.2020. 17:21 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
31-07-2020 13:20
Жынысы:
Белгисиз
+5
Krai,Гулнурду Гулнур кылып маданият чойросуно алып келген ушул киши. Озу мактаныптыр «Астанада откон фестивалга кийип барчуу койгогумду 3 мин долларга тиктирдим», деп. Ээ устатына жардам берип койбойсунарбы кичине. Билем силерди эжен экоон кантип байып квартира, катар катар машина джип алганынарды. Силерди эрчитип машина алып берген кишилер да кичине ойлонушса гулдорго убагында кочот кезинде ким сугарганын
24.06.2020. 17:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
06-08-2020 20:11
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулнур Асанова кадыр баркын бар маалда устатына жардам кыл. Ага жардам бербесең, элдин алдында уят болосуң.сени ким адам кылганын элдин баары билет.
27.06.2020. 23:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
07-08-2020 00:40
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тенирим сизге ден соолук берсин. Оорубаныз
28.06.2020. 21:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
214
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
06-08-2020 22:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
0
Аллахым шыпаасын берсин,ушул макаланы балдары окуп калсанар жардам бергиле атанарга,ата назарына калбагыла,атанарды ыраазы кылып батасын алсанар эки дуйнодо тен бактылуу болосунар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
24248;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: