Бурул Арунова, ырчы: “ЖОЛДОШУМ ИЧИМЕ ТЕПКЕНИ ҮЧҮН БАЛАМ МӨӨНӨТҮНӨН ЭРТЕ ТӨРӨЛҮП КАЛУУ КОРКУНУЧУНДА”

Ырчы Бурул Арунова жолдошу Эрнис Турсун уулу менен эки ажырым жолго түшкөнүн, буга үй-бүлөлүк зомбулук себеп болгонун айтып чыкты. Экөөнүн чыры сотко чейин жетип, ишти азыр Бишкектин Ленин райондук соту карап жатат. Мурунку жолдошу тарабынан эки күн мурун өзүнө кол көтөрүп, бул боюнча да арыз жазганын Бурул Арунова көзүнө жаш алып айтып берди.

“КӨП ЖОЛУ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУККА КАБЫЛДЫМ”

– Мурунку жолдошум Эрнис менен 2020-жылдын январь айында ажырашканбыз. Бирок ошондон бери ал мага тынчтык бербей келет. Эки адам эки ажырым жолго түшкөндөн кийин ар кимиси өз жашоосу менен жашашы керек да. Бирок ал жанымды койбой үйүмө чейин келип, сөгүп, кол көтөрүп жатат. 11-мартта да унаамдын ичинен кол көтөрүп, ичке тепкен. Анда 3 айлык боюмда бар эле. Ал кайрадан аны менен жашашымды талап кылып жатат. “Чогуу жашап, баланы экөөбүз чогуу тарбиялайбыз. Болбосо баланы алдырасың. Ага да каршы болсоң, тынч жашоо бербейм” деген. Мен анын кордугуна чыдап жашай албайм. Ошол себептүү милицияга арыз жазгам. Бул окуя Жоруктар кодексинин 75-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Менин сабалганымды соттук-медициналык экспертиза тастыктап берген. Иш азыр сотко жетип, Ленин райондук сотунда каралып жатат, чечим чыга элек. Ал ажырашкандан кийин гана эмес, чогуу жашап жатканда да кол көтөрчү. Ажырашуубуздун себеби ошол болду. Урушубуз анын көп адамдардан карызга акча алып, бербей, алдап жүргөнүнөн улам башталган. Ошонун айынан ортобузда пикир келишпестиктер жаралган. Мен бул адам тарабынан көп жолу үй-бүлөлүк зомбулукка кабылдым. Күч органдарынан бул маселеге дыкат көңүл бурулушун, адам өз жазасын алышын суранат элем.

“АЙЫМДАР, ӨЗ УКУГУҢАРДЫ КОРГОГУЛА!”

– Жеке жашоомду коомчулукка жарыялагым келбей, жашырып жүрдүм. Эл көзүндөгү адам болгондуктан мындай маселени элге айтып чыгуу оор болду. Азыркы учурда менин гана эмес, ата-энемдин, туугандарымдын, тааныштарымдын да жашоосуна коркунуч туулуп жатат. Керек болсо ата-энеме кол көтөргөнгө чейин барган. Ошол себептүү коомчулукка ачык айтып чыгууга аргасыз болдум. Менин оюмча, Эрнис ага кол көтөрүшүбүздү, ошону шылтоо кылып үстүбүздөн арыз жазгысы келип жатат. Кийин бул адамдын жасаган мамилесин кенен айтып берүүгө даярмын. Кош бойлуу болгондуктан учурда баарын эстеп айтуу оор. Акыркы жолу ал 14-июнда өз үйүмдөн мага кол көтөрдү. Ошол себептен ден соолугум жабыркады. Убагынан эрте төрөп коюу коркунучу алдында турам. Үйгө чейин келип, кол көтөргөнү боюнча менде видеофактылар бар. Бул факты боюнча Ленин РИИБине кайрадан арыз жаздык. Эрнис дагы “мага кол көтөрүштү” деп арыз жазыптыр.

Ал мени “пиар жасап жатат” деп пост жазды. Акыл-эси соо адам мындай пиарга барбайт. Сиздер деле менин чыгармачылыгым менен таанышсыздар да. Мен эч качан хайп жасап иштеген эмесмин. Эч бир адамга мындай сыноо каалабайм. Эрнис экөөбүз баш кошо электе мага өзүн такыр башкача адам катары көрсөткөн. Үйлөнгөндөн кийин башка адам болуп чыга келди. Никебизди ЗАГСка каттаталы десек, “паспортум жоголуп кетти” деген. Ошону менен каттала элек болчубуз.

Минтип зомбулук көрүп жүргөндөрдүн арасында кесиптештерим да бар экен. Мен пост чыгаргандан кийин көп келиндер кайрылып, “Бурул, биз сени колдойбуз. Биз да үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жатабыз. Кайда кайрылышыбызды билбейбиз” деп жазып жатышат. Мага окшоп өмүрлүк жолдош тандоодо жаңылып калгандар болушу мүмкүн. Бирок мен айымдарды коркпой, өз укугуңарды коргогула деп чакырат элем. Айымдар, өзүңөрдүн жашооңор, балдарыңар үчүн күрөшкүлө.

Эрнис Турсун уулу, Бурул Арунованын мурунку жолдошу:
“4-5 ЖОЛУ АЖЫРАШЫП-ЖАРАШКАНБЫЗ”

Ырчынын мурунку жолдошу бул айыптоолордун баарын четке кагып, жубайына кол көтөрбөгөндүгүн, тескерисинче, өзүнө кол көтөрүү болгонун айтат.

– Биз Бурул экөөбүз 8 ай бирге түтүн булаттык. Ошол аралыкта 4-5 жолу ажырашып-жараштык. Ким эле ажырашууну кааласын? Мен элдешүү аракетин көрдүм. Мен ага кол көтөргөн жокмун. Ооба, ар бир үй-бүлөдө казан-аяк кагышат. Негизи чыгармачыл адам менен жашаштын өзү чоң түйшүк экен. Мен анын чыгармачылыгын түшүнбөй, пикир келишпестиктер болуп турчу. Ошол себептен ажырашканбыз. Ал кетип калгандан кийин 22-февралда токсикозу катуу болуп, ооруканага жатып калды. Ошондо кыйналып жатканын айтып өзү чалды. Барып, каралашып Бурулдун жанында 3 күн болдум. Ошондо “мейли, жашабай эле коёлу. Бирок балам менен мамилемди үзбө. Ага өз фамилиямды берейин, жардам берип турайын” деп айткам. Мен “боюнда бар аялын таштап кетти” деген сөзгө кабылгым келген жок. Ошондуктан “элдешели” деп көп жолу бардым. “Баланы алдыр” деген билдирүүлөрдү жазган деп Инстаграмга чыгарды. Ал мен эмес. Мен баланы алдыруусун каалабайм. Дайыма “баламдан алыстатпа” деп суранып келем. Ал болсо төрөлө элек баланы менден кызганып жатат. Элдешүүнү каалаган адам коркутпайт да, мен Бурулду коркуткан эмесмин. Инстаграмга менин номеримди көрсөтүп скриншот чыгарды го, ошол билдирүү меники. Калганы меники эмес.

Бурул белгилүү адам да. Ал кандай сөз айтса да, коомчулук ишенет. Мен таанымал эмесмин. Ошондуктан мага ишенишпейт. Акыркы 2 жолу Инстаграмга чыгарган айымдар менен түшкөн сүрөтүмдү өчүрүп коюусун суранып үйүнө баргам. Сүрөттөгү айым досумдун келинчеги. Сүрөткө туулган күндө түшкөнбүз. Эми ал адамдардын да үй-бүлөсүндө келишпестиктер болуп жатат.

“ТЕСКЕРИСИНЧЕ, МАГА КОЛ КӨТӨРҮШТҮ”

– Бурул тууралуу эч кандай жаман нерсе айта албайм. Ата-энеси, бир туугандары, өзү да жакшы адамдар. Бирок эмне себептен мындай жолдорго барып жатат, түшүнгөн жокмун. Бирөөлөр ушундай багыт берип жатабы же окуяны пиар катары колдонуп жатабы, билбейм. Жеке жашообузду элге жарыялабай эле койсок болмок.

Бурул менен ажырашуу чечимин кабыл алгандан кийин андан “сотко жетпей эле, моралдык зыянды мындай эле төлөйүн. Арызды алып койбойсуңбу” деп 2 ирет үйүнө бардым. Эки жолу тең Бурулдун байкеси, үйүндөгү эркек туугандары тарабынан кол көтөрүү болду. Биринде 102 кызматы чакырылган. Милиция кызматкерлери денеме келтирилген залалдардан улам мага арыз жаздырып алышты. Мага азыр деле телефон аркылуу коркутуулар болуп жатат.

ЗАГСка турбаганыбыздын себеби – мен аны олуттуу нерсе деп кабыл алган эмесмин. Негизгиси, нике болсо болду деп ойлогом. Бурул мени документтери жок дептир. Документтерим бар, аны силерге көрсөтө алам (ред.: бизге паспортунун электрондук версиясын жиберди). Мени аферист деп жатат. Ким болсом дагы мен анын бир кездеги тандоосумун да. Аферист болсом эмнеге мага тийиптир?

Соттук отурумга башында бир жолу келгем. Анда менин жактоочум жок болгондуктан, отурумдун мөөнөтү жылдырылган. Кийинки отурум мен телефонумду өчүрүп, Кочкорго эс алууга кеткенимде болуптур. Мына, бүгүнкү отурумга келдим. Соттон качпайм, мен эч кандай кылмыш кылган жокмун. Жактоочум жок болгондуктан отурум жылдырылды. Эми мага мамлекет тарабынан жактоочу бермей болушту.

Ажырашуу жаман нерсе экен. Муну аял кишилер кантип көтөрүшөт, билбейм. Мен эркек болуп туруп көтөрө албай калган учурлар болду. Оорудум, кыйналдым. Айла жок, жашоо экен.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
taalay25
2020-06-22 10:33:34
Кудай сактасын тооба кылдым
+7
Pepe93
2020-06-22 10:58:08
Журогум тушуп калды куйоосу дааана жиндиго
+5
Dikowka93
2020-06-22 11:35:59
Точно аферист экеенда мындай кишиден торогондун ОЗУ ооор...Бурул сага сабыр берсин...жылдыздуу Кыз Элен Аман эсен коз жарып ал
+10
Bazana
2020-06-22 12:09:44
Куйоосу жалган айтып атканы корунуп эле калыптыр , тообо
+9
Jamalym
2020-06-22 12:32:39
Бурул аябай жакшы,тушунуктуу кыз.Озу да назик.Куйоосуно ишене албай турам.Куйоосу ажырашууну каалабай тургандай.Эркек болуп туулдунбу эркек бойдон кал.
+8
Jamalym
2020-06-22 12:38:20
Тиги аяштарым менен тушкон сурот дептир, аяшы деле эмес экен "мына бизди коруп ал" деп жазып жоноткон экен инстадан кордум.Анан аны Бурул инстаграмга жуктоп койсо дагы жонотуптур тоодо кыздар мн тушкон суротун "мыногуну да жуктоп койчу эс алып журобуз" деп.Аферист эле окшойт ортицать этпептир.
+14
AksyKum
2020-06-22 15:42:02
Эшек бардык эле СМСинде баланы алдыр деп жазыптырго.ылайым балага зар болгур
+1
Arstan18.18
2020-06-25 11:42:20
AksyKum,ой кайдан кордунор
-3
AksyKum
2020-06-26 10:55:33
Arstan18.18,бурулдун Инстаграмдагы баракчасын карасанар
0
Senator
2020-06-22 19:27:17
Кудай озу билет Ким алдап айтканын, экоонун бири алдап атат.
-6
rola
2020-06-23 07:21:43
Чымчыктын да уясы бузулбасын.Негизи мындай эркек менен жашабай туура кылыпсын.Каанчалаган кыз-келиндер айтпастан кордук коруп жашап журушот.Аялдардын укугун коргош керек!
+6
ilgis1991
2020-06-23 07:42:55
Мен бул кызды тааныбайт экенмин. Ырчы деп атасынар кайдан көрсөм болот ырдаган ырларын?
-4
Sonyasonya
2020-06-23 08:07:17
Олоорунчо мен куноолу эмесмин деп каргана турчу (эркек деп айтууга да оозум барбайт) неме экен. Мындайлардан артынды карабай качыш керек. Бурул туура эле кылат.
+6
Tiken
2020-06-24 12:47:11
Чыр чатагын оздору билишет да... Элдерге силердин урушунардын эмне кереги бар?! Силерге окшогондордон элдер улгу алат... Ушундай бей-жай, акылсыз, нарксыз адамдардан улгу алып, элдер бузулду... Бурул жон эле олтурса тиги зоокур куйоосу урбагандыр... Зоокур экени чын болсо жанына жолобо.
-8
Sara1993
2020-06-26 14:58:58
Tiken, ошонтип эчкимге айтпай зомбулук коруп жургондор канча,тескеринче айтканы жакшы башкаларга сабак болсун,айымдар оз укугун коргогонду уйронсун.Мындай мыкаачылар адам болуп жарытпайт пусть жазасын алсын.
+2
fanatka19
2020-06-26 15:07:40
Эмнеге ушуга окшогондорго биздин милиция алдын ала жардам бербейт? Качан олтурмойунчо отура беришеби.
+1
Nur777
2020-06-26 15:15:01
Чужая семья потёмки дегендей бироонун уй-булосунун чыр-чатагын эмнеден келип чыкканын билип-билбей эле куноолой беруудон алыс бололу туугандар!
-1
№ 915, 18-24-июнь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан