Чет өлкөдө ийгилик жаратып жаткан кыргыздар көп. Араб Эмираттарынын алдыңкы ресторандарында ырдаган Акмо да алардын катарында. 5 жылдан бери Дубайда жашап, иштеп жүргөн таланттуу ырчы кыз менен тааныштырабыз.
АКМО ТУУРАЛУУ:
Туулган жылы – 1997-жыл
Туулган жери – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары
Бою – 166 сантиметр
Параметри – 88-65-90
Учурда – Ырчы
– Акмо, салам! Кыргызстанга куш келипсиң! Социалдык тармактагы баракчаң аркылуу көптөн бери Дубайда ырдап, иштеп жатканыңды билебиз. Алгач өзүңдү окурмандарга тааныштыра кетсең...
– Саламатсызбы? Мен 23 жаштамын. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлүп-өскөм. Апам мугалим, атам жеке ишкер. Атам гитарада ойноп калганы болбосо, үй-бүлөдө менден башка музыкант жок. 9 жашка чыкканда апама “туулган күнүмө белек бербей эле коюңуз. Андан көрө комуз ийримине алып барыңыз” деген элем. Апам каалоомду аткарып, комуз ийримине жетелеп барган. Ошол күндөн тартып мен үчүн музыка дүйнөсүнүн эшиги ачылды. Комуз үйрөнүп, ырдап баштадым. Музыкалык сынактарга катышып, жеңүүчү да болдум.
18 жашка чыкканда Дубайга сапар алдым. Ошол жактан музыканттар менен кошо музыканын жаңы жанрлары менен тааныштым. Ошентип, 5 жылдан бери жашоомду Дубайда улантып келе жатам. Ресторандарда джаз, поп-соул, фанк жанрында жандуу үн менен ырдайм. Ырдап жатканда өзүмдү коштоп туруу үчүн пианинодо ойногонду үйрөнүп алгам. Барабанда да ойной алам. Комузду аябай жакшы көрөм. Бул музыкалык билимимдин башаты болгонго болсо керек. Учурда Дубайга ала кетейин деп жакшы комуз таппай жүрөм.
– Кайсы музыкалык сынактарга катыштың эле?
– 2015-жылы Москвада өткөн “Дельфийские игры” сынагында 2-орунду алып, күмүш медаль тагынып келгем. 2016-жылы “Мейкин Азия” сынагына катышып, “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү” сыйлыгын жеңип алгам. Андан сырткары К-рор музыкалык фестивалына катышып жеңүүчү аталып, Кореяда өткөн фестивалга катышууга жолдомо алгам.
– Кыргызстанга коронавирус башталганынан улам келдиңби?
– Дубайда Орозо айында музыканын жаңырып турушуна тыюу салынат. 4 жылдан бери мекениме келе элек болчумун. Ошондуктан Кыргызстанда жүрө турайын деген ойдо апрелдин аягында келе бергем. Буюрса, аба каттамдары ачылса, ушул айдын аягында жолго чыгам.
– Инстаграмга ырчы Айыма Айылчиева менен кавер ырдап тартылган видеону жүктөдүң. Сулуу, жаш, таланттуу бийкечтердин ырдаганын ыр сүйүүчүлөрү жакшы кабыл алышты...
– 2013-2014-жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окугам. Ал окуу жайда Кыргыз Эл артисти Анарбек Ибраев вокалдан сабак берчү. Бардык жактан колдоо көрсөтчү. Айыма да Анарбек агайдан сабак алчу. Экөөбүз бири-бирибизди сыртыбыздан эле таанычубуз. Дубайда жүргөндө Айыма Инстаграмдан мага катталган. Бирок буга чейин сүйлөшүп, жолугуп көргөн эмеспиз. Көптөн бери мекениме келе элек болгонума байланыштуу тааныштарым деле калбай калыптыр. Алар да башка жактарга кетип калышкан экен. Үйдө отуруп зериккенде Айымага “меникине келбейсиңби, үйдө пианино бар” деп жазсам, сунушумду кабыл алып, үйгө келип ырдап калдык.– Эмне үчүн Дубайды тандадың?
– Анткени ата-энем да, 2 байкем да ошол жакта жашашат.
Дубайга жаңы барганда ырдап акча таба алган жокмун. Себеби келишим түзүп иштөө үчүн 21 жашта болушуң керек. Башында жаш балдарга, чоңдорго вокалдан сабак берип иштеп жаттым. Сабакты англис тилинде өтчүмүн. 21 жашка толгондон кийин ырчылык карьерам старт алды. Азыр мени көбү тааныйт. “Джаз жанрында ырдаган ырчы” деп корпоративдерге көп чакырышат. Келишимдик негизде иштөөнү сунушташат. Ишмердүүлүгүмдөгү эң чоң келишим катары Бурж-Халифанын (ред.: "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген дүйнөдөгү эң бийик имарат. Бийиктиги 828 метр, 163 кабаттуу) эң үстүнкү кабатында жайгашкан ресторанда иштегенимди айта алам. Ал жакта 1 жылдык келишим менен иштедим. Анан Абу-Дабидеги “Формула-1” фестивалына 2 күн катышып, ырдап келгем. Учурда дүйнөгө белгилүү болгон “Luxury” өңдүү бир канча ресторандарда ырдайм.
– Сыр болбосо келишимдин негизинде ал жактан канча каражат тапса болот?
– Бул суроону көбү беришет. Сыр деле эмес. Жакшы ырдасаң, эл жакшы кабыл алса, ошого жараша жакшы каражат таба аласың. Музыкалык билимиң барбы, жокпу, айырмасы жок. Бир деңгээлге кирип алгандан кийин ошол деңгээлде болосуң.
Башында кыйын болду. Көп кастингдерге бардым. Бирок азиат жана жаш болгонум үчүн дискриминацияга көп туш болдум.
Мисалы, отелдердин ресторандары кастинг өткөрүшөт. Кастингдерде агенттер ортомчу катары иш алып барып, артисттерди таап беришет. 21 жашка толуп, Канадага окууга кетейин деп пландап жатканда кастингге барып калдым. Үнүмдү аябай жактырышты. “Ай-ий, кандай сонун таза үн! Көптөн бери мындай үн уга элек болчубуз” дешти. Үнүңдү жактырганы менен, кол коюуга убакыт келгенде баары бир европейкаларга, чачы сары блондинкаларга басым жасалып калат. Ошондуктан көптөгөн келишимдерден куру калгам.
Биринчи жолку келишимим капыстан түзүлүп калды. “Aloft” деген отелде ырдаган немис улутундагы ырчы кыз 2 жумага Индияга кетиптир. Ошол отелдин ресторанына ырчы керек болуп калганда агент “Абу-Дабиге барып, 2 жума ырдай аласыңбы?” деп мага жазып калды. Макул болдум. Репертуарым жок, эптеп даярданып барып ырдап бергем. Ырдаганымды жактырып, тиги кыз менен келишимди токтотуп, мени менен иштешип калышкан. Жумасына 1 жолу барып ырдап берчүмүн. Ар бир иштеген күнүңө 30 миң сомдой төлөнөт. Жумасына ар башка ресторандарда ушундай суммага ырдайсың. Ал эми корпоративдерде бул сумма эки эсеге көбөйөт. Жаңы жыл эң жакшы көргөн убактыбыз. Анткени ар бир ырдаганыбыз 10 эсеге жогорулайт. Муну уккандар “аябай көп табат турбайсыңбы?” дешет. Бирок ошого жараша ал жакта жашоо да кымбат.
– Келечекке кандай пландарың бар?
– Кайтып келип, бул жактан ырчылык карьера жасайын деген ой болгон. Бирок Дубайда ойлогон максаттарым ишке ашып калды. Мага берилген мүмкүнчүлүктөр ойдогудай болуп, калып калдым. Негизги жумушум Дубайда жүрүп жаткандыктан ошол жакка басым жасайм.
Чыгармачылыкты бардык жерден улантса болот. Кыргызстандан жакшы сунуштар, долбоорлор чыгып калса, иштешүүгө даярмын. Кайсы жерде аудитория болсо, ошол жакта ырдай берем.
Кыргызстандан деңгээли бийик, билимдүү, тажрыйбалуу музыканттар менен сүйлөшүп көрдүм. Бирок алар “бул жакта жылдыздарга, таанымал ырчыларга жеңил” деп нааразы болушту. Ал эми музыка менен дем алгандар, ошондой инсандар аз каражат табышат экен. Ошентсе да иштеп жатышат.
Кыргыз жергесинде чыгармачылыгымды уланта турган болсом, акча башкы орунда болмок эмес. Чыгармачылыгым, жеке кызыкчылыгым, күйөрмандарым үчүн иштемекмин. Бул жакта төрөлүп-өскөн кыргыз кызы болгонум үчүн да жүрөгүм Кыргызстанга тартып турат. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Балким, кетериме чейин ишке ашып калышы ыктымал.
– Маегиңе рахмат! Чыгармачылык ийгилик каалайм!
Динара Абдыкадырова
star@super.kg