ОРУСИЯДА КӨР КАЗУУ БОЮНЧА СЫНАК ӨТӨТ

Орусиянын Омск шаарында көр казуучулар арасында сынак өтөт. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды. “Некрополь” жарманкесин уюштуруу комитетинин билдиргенине караганда, сынак аза кызматтарын көрсөтүүчү агенттиктердин форуму алкагында өтөт. Сынактын сайтына шарттар киргизилип, көрдүн көлөмү, тереңдиги кандай болуш керек экендиги жазылган. Ошондой эле табытты түшүрүүдө кыйынчылык жаралбашы керек деген шарт да каралган. Сынак качан өткөрүлөрү такталып жатканы маалым болду. Ушундай эле көр казуу боюнча сынак Казакстанда да уюштурулуп, бирок катышуучулардын саны аз болгондуктан ишке ашпай калган.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ainura220888
2020-06-29 13:30:25
Шумдугун кургур.биздин айылда айылдаштар эле казат очеред менен. Ошол жаштар учун жакшы тарбия деп ойлойм. Гор казып жатып ушул 2 метр жерге келебиз деп ойлоп жашоосуна да сарасеп салышса керек.
+1
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан