КОЙ (21.03-20.04)
Принциптерге бекем турам деп чөйрөдөгүлөргө жаман көрүнүүнүн кереги жок. Негизи аптада уруш-талаш, түшүнбөстүктөр, жагымсыз кырдаалдар көп болот. Бул нервдин чыңалуусуна алып келет. Жан дүйнөнү эч кимге ачуунун кереги жок.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Өмүрүңүздүн коопсуздугу үчүн бейтааныш адамдын унаасына түшпөңүз. Күнүмдүк маселелер үйдөгүлөр аркылуу чечилет. Туруктуу эмес материалдык абал баш оору болуп калмакчы. Гаджетиңизге этият болбосоңуз, сынат же бузулат. Достор менен мамиле оорлошот.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Ары-бери уруна берип уруш-талаш жарата бербөө кажет. Болбосо бирөөлөрдүн сыны катуу тийип калат. Сизге пайда алып келбей калган нерселерден же иштен баш тартуу керек. Статусу жогору адамдар менен жекече мамиле жакшырат. Жаңы буюм сатып алууңуз мүмкүн.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жүрүм-турумдун нормаларынан, мыйзамдан четтөө жооп берип калууга жеткирет. Өзүн баалоонун төмөндүгү ишке терс таасирин тийгизерин эске алуу керек. Туугандардын жардамын алуу үчүн алардын айтканынан чыкпаңыз. Балдарды жайкы каникулда аларга жаккан жерде эс алдыруу күтүлөт.
АРСТАН (23.07-23.08)
Кырдаал кескин өзгөрөт. Жаракат алуу, кырсыкка кабылуу коркунучунун алдын алыңыз. Бирөөлөргө көз карандылыктан кутулуу үчүн көбүрөөк киреше табууга киришиңиз. Достордун айткан акылын колдонуңуз. Шаңдуу компанияда убакыт өткөрүү күтүлөт.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта башында чөйрөдөгүлөрдүн айрымдары агрессивдүү болуп чыга келишет. "Сеники чын" деп алдап сүйлөшүү оң. Аптанын экинчи жарымын оптимизм коштойт. Көңүл ачуу, достор менен сырдашуу күтүүдө. Киреше кириши мүмкүн. Жакындарыңыздын бирине врачтын жардамы керек болот.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Организм инфекцияларга өтө сезимтал болот. Андыктан оорулардан сактаныңыз. Жакын адамыңыз бир ишиңизди бүтүрүүгө жардамдашат. Турак жайдын жайлуулугу үчүн оңдоп-түзөөгө киришсеңиз болот. Ата-энеңиз же бир тууганыңыздын талабын аткарууга туура келет.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Социалдык тармактарда активдүүлүгүңүз күчөйт. Сүйүүдө туруксуздук күтүлөт. Мамилеге аяр болуу кажет. Жол жүрүү, иште жаңы ыкмаларды колдонуу ойдогудай ишке ашат. Сараңдык кылсаңыз досуңузду таарынтып аласыз.
Ата-энеси менен бирге жашаган жубайлардын үйүндө чатак чыгуусу ыктымал. Бул бирөө өз милдетин аткарбагандыктан болот. Унааны же тиричилик техникасын оңдотуу убаракерчилиги чыгат. Сиз ишене бербеген кабардын чын экендиги аныкталат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Маалыматты туура эмес кабыл алышкандан улам коңшу же бирге иштешкен адам менен кер-мур айтышасыз. Душманыңыз сиз тууралуу ушак таратат. Арты достукка айлануучу таанышуулар күтүлүүдө. Жол жүрүүдө абайлаңыз, буюм же акча жоготуп алуу коркунучу бар.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Финансылык азгырыктарга аралашпоо керек, чыгаша тартып каласыз. Профессионалдык деңгээлди көтөрүү үчүн издениңиз. Үйдө чакан ийгиликти белгилешиңиздер мүмкүн. Туугандардын маселесине аралашпай туруу сунушталат.
Максаттардын бири ойдо жок жерден ишке ашат. Химиялык каражаттарды көп колдонбоңуз, аллергияга кабылуу коркунучу чоң. Жакын адамыңыз жашыруун сыры менен бөлүшүп, сизден акыл сурайт. Белек алып бир жерге барышыңыз ыктымал.