Токтобек Асаналиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЖИГИТСИҢБИ? КҮЧҮҢДҮ АЯЛЫҢДАН ЭМЕС, РИНГДЕН ЧЫГАР»
Бул ырчынын кыргыз сахнасында салмактуу орду бар. Тебетейин кийип, комузун колуна алып обон созгондо айрым өзүн ырчы атап жүргөндөрдүн уялып калчу жөнү бар. Кыргыздын улуттук баалуулуктарына маани берген, сөз байлыгы кенен, чыныгы чыгармачыл инсан, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиевдин чыгармачылыгы тууралуу сөз болсун.
– Саламатсызбы, Токтобек байке? Чыгармачылык жаатта кандай жаңылыгыңыз бар?
– 2 жылдан бери Акмат Султан уулунун «Кайдасың, кыргыз?» деген ырынын үстүндө иштеп жатабыз. Ыр жаздырылып, клип тартылды. Жакында элге сунабыз. Бул кыргыздын атуулдук чыгармаларынын катарына кирет. Элдин алкоосуна татыйт деп ойлойм. Мен сүйүү тууралуу анда-санда гана ырдабасам, ата-эне, туулган жер, мекен тууралуу чыгармалар жүрөгүмө жакын.
– Атайбек Бөдөшовдун «Сен менин түшүмсүңбү?» деген ырын Кыргыз улуттук консерваториясынын 2-курсунун студенти Миргүл Асаналиева менен ырдап чыктыңыздар. Элге жакшы алынып жатат. Дуэттин жаралышы тууралуу айтып берсеңиз.
– 2 адамдын үнү бири-бирин толуктаса, үндөрү окшошуп, айкалышып, бири-бирин кубаттап турса, ыр көркүнө чыгат, өмүрү узун болот. Болбосо, дуэт болбойт. Миргүл экөөбүздүн үнүбүз бири-бирин толуктап турат. Дуэт ырдаганыбыздын себеби ошол. «Сен менин түшүмсүңбү?» ырын башында Самара Каримова экөөбүз ырдайбыз деп даярданып калганбыз. Самара карындашыма «чогуу ырдайлы» деп сунуштаган элем. Бирок анын колу бошобой, ырдай албай калды. Ошентип Миргүлдүн үнүн ылайык көрүп, экөөбүз ырдадык. Дуэт ийгиликтүү болду. Ырды өткөн жылдын декабрь айында жаздырганбыз. Ага чейин Миргүлдү 4-5 ай даярдадым.
Чогуу ырдап чыксак, социалдык тармактарда Миргүл экөөбүз тууралуу ар кандай сөздөр жазылды. «Токтобек Асаналиев, карт бөрү элең. Жаш кыздын башын айлантып, дагы эмне кылганы жатасың же алып алдың беле?» деген сыяктуу бир топ сөздөр жазылыптыр. Мен социалдык тармактарда активдүү эмесмин. Миргүл «ушинтип жазып жатышат» деп айтып калды. «Жазып жаткан адам сени, мени тааныйбы?» десем, «жок» дейт. «Анда ал адамдын биз менен эмне иши бар? Жазса жаза берсин, десе дей берсин. Биз Кудай алдында акпыз. Кудай алдында сен менин окуучум, карындашым, кичинекей кызымсың, болду» дедим. Келинчегим да жазылгандарды окуп, күйбөгөн жери күл болуп, туталанып, жинденип алыптыр. «Ага эмнеге башыңды оорутасың?» дедим. Миргүл жакында турмушка чыгат. Мен анын бактылуу болушун каалайм. Биз жөн гана элге жакшы ыр тартуулайлы деп тилек кылганбыз.
– Бул ырды Талант Кадыров менен Айя Садырова да ырдап чыгышкан. Алардын аткаруусуна кандай баа бердиңиз?
– Cөзсүз эле жаман айткандан алыс болуш керек. Алар эстрада багытында жакшы аткарышты. Биз элдик ырдоо багытында ырдадык. Калганын эл таразалап, эл сындасын. Агайым Улукмырза Полотов «элдик ырдоо багыты жоголуп кетпесин, катуу кармайлы» деп талап кылат. Мен да ата салтын карманган ырчылар көп болсо деп тилек кылам.
– Көпчүлүк чыгармачыл адамдар «башыңа сүйүү келген кезде жакшы чыгармалар жаралат» дешет. Буга сиздин оюңуз?
– Обончулардын, авторлордун жүрөгүндө от болбосо, алоолоп күйүп турган чок болбосо, жакшы нерсе чыкпашы мүмкүн. Аткаруучу акындын да, обончунун да жүрөгүн сезип, чыгармага өз жүрөгүн кошуп жан тартууласа, анда ал ийгилигин берет. Сөзсүз бир адамды эмес, акынды, ырды, обончуну, обонду сүйүш керек. Акындын жүрөгүн түшүнүү зарыл. Ырга, жумушуңа, элге болгон сүйүү болушу керек.
– Жаш ырчыларга кандай баа бересиз?
– Жаш ырчылардын багы чоң экен. Өздөрү эмес, компьютер ырдайт да. Ачык айтайын, 100 ырчы бар болсо, анын 7-8и гана ырдай алат. Калгандары таштанды. Жалтырап кийинип алып сүлкүлдөп «ана-мына, тиги бу» деп койсо эле ыр болуп калбайт. Ийине жеткирип, эч нерсесин бузбай кылым карыта турган ырларды аткарган ырчы болуш керек. Азыр кыздар-балдардын баары эле түрктүн, арабдын, казактын, орустун кайрыктарын чапташтырып жатышат. Бул – мутант чыгарма. Мурун обончулар 1 обонду 10-20 жылдап иштеп чыгып, ошондо да элге тартуулагандан уялышчу. Азыр чыгармачылык жок. Азыр Атай Огонбаев, Рыспай Абдыкадыров, Аксуубай Атабаев, Асанкалый Керимбаев, Калмурат Рыскулов, Элмирбек Иманалиевдин чыгармалары жок. 100 ыр эмес, 2 же 5 болсо да, кыргыз жок болмоюнча жашай турган ыр жаратууну максат кылыш керек. 500 ыр чыгарып, бүгүн чыгарганын эртең өзү унутуп калгандын эмне кереги бар? Колумдан келсе, ар бир ырчыга кайсы жакта ырдаса боло тургандыгы боюнча лицензия бермекмин. Чоңдор маданиятты түшүнбөйт. Ошондуктан Маданият министрлигин сыйлашпайт. Маданият – бул мамлекет, эл, түбөлүктүүлүк. Маданияты жок адам да, мамлекет да болбойт.
– Сиз патриотсузбу? Патриоттуулук эмне менен өлчөнөт?
– "Эл, жеримди жакшы көрөм" деп айтып койгон киши эле патриот эмес. Ал чынчыл, мекенчил, элине ак ниети менен кызмат кылган киши. Ата Журтун таштабай, Ала-Тоону мекендеген кыргыздын өзү мекенчил. Туулган жеринин кокту-колотун, сайын, топурак-ташын көрүп-билип, таманы тийип баспаса, абасы менен дем алгандан ырахат албаса, ал мекенчил эмес. Мен жайында 1 жумадай тоо-ташты аралап кетмей жайым бар. Ат-Башынын тоо-ташын 4-5 жылдан бери кыдырып бүтө албай жүрөм. Чатыр тигип алып асканын арасына жатып керемет ойлорду топтоп, руханий байлык жыйнап келгенден кийин жакшы чыгарма жаралса, ал эл, жер үчүн болот деп ойлойм.
– Китеп окуган адамдардын катарында экениңизди билебиз. Китеп окуу, билим алуунун маанилүүлүгү тууралуу ой бөлүшө кетсеңиз...
– Айта берсе армандуу күн. Эгемендүү болгондон берки 30 жылыбыздагы билимдүүлүгүбүздүн деңгээли мамлекет башында турган кишилерден билинип калды. Жазылып турганды окуй албагандан кийин сөз жок да. Билим берүү деңгээлин көтөрүш керек. Баланы эненин курсагынан баштап тарбиялоо кажет. Азыр да келечекте өлкөнү өнүктүрө турган балдарды тарбиялоого кеч эмес. Курсактагы баланы тарбиялаш үчүн энени тарбиялаш керек. Эркектер аялзатын алпештеп, жакшы сөз айтып, аларга өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болушубуз зарыл. Бизге Манасты, Чыңгызды, Алыкулду төрөп бере турган ушулар. Ушундай жакшы заманда аялын камчылагандарды түшүнбөйм. Жигитсиңби? Күчүңдү рингде көрсөт, Майк Тайсонду жыга чап, Хабиб менен мушташ, элге сыймык алып кел. Уруш-талаштуу үйдө балдардын аң-сезими бузулат. Ал бала кийин коомго терс таасирин берет. Ошондуктан үй-бүлөдөгү зомбулукка, аялдардын басмырлануусуна каршымын. Жини келип баратса, келинчегиңди чекесинен өөп, эркелетип, саамайынан сылап кой, жакшы сөз айт. Сенин денең кандай ооруса, анын да денеси ошондой ооруй турганын эске ал.
– Бирок көпчүлүк эркектер «аялдар өздөрү жеткиришет» деп актанышат...
– Бир жактуу кароо – чекилик. Күнөө экөөнөн тең кетет. Бирок эркек сабырдуу, акылдуу болушу керек. Эркек – үйдүн ээси, атанын уулу, тукумдун ээси. Сабырдуу бол, өзүңдү бекем карма.
– Жакшы. Маегиңизге рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайм!
– Сөзүмдөн кемтик кетсе, аша чаап катуу сүйлөп алсам, ал менин жеке оюм. Катуу тийсе, кечирип койгула. «Күйгөн катын кошокчу» дегендей, ар нерсени ойлоно берет экенбиз. Чоңдордун жүрөгүнө ыйман салынса, калың журттан кабар алат деген үмүтүм бар. Шайлоонун алдында гана чуркай бербей, кыскасы, силерди шайлоодон кийин күтөбүз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Чиркиндики, маек болбосоң коё кал...
Тим эле окугандан жан дүйнөң арууланат го
Азыркы ырчылар жонундо жакшы айтыптыр
Мындай маекти окуй элекмин. Бизде да ушундай ырчылар бар экен ээ??? Маданиятынызга, талантынызга, тарбиянызга терен таазим. Сиздей уулдар кобойсун Кыргызда!!!
Кайран Токо, ачуу чындыкты кашкайта айтыптыр го.
Аман болунуз.Мына ушундай адамдар супер инфондон жарк этип чыга калса суйуном
Азыркы ырчылар жөнүндө туптуура айтыптырсыз. Ыр жазып обон жарата албаган ырчы ырчыбы кебир ырчылар телевизорго түз эфирге чыкканда өзү ырдаган ырын унутуп калышатко уят болушуп. Мага чыгармачылык жаатта такшалып калган адамдардан бир аз жардам болсо мен ырдап чыгат элем өзүм ыр жазам.
Кыргыздан ар бир уулу мына ушундай даражага жеткенде гана бизде өнүгүү өсүү болсо керек.Сизге чыгармачылык ийгилик бар болуңуз замандаш.
Кандай гана сонун маек акыркы ырчылар тарбия алса ушул кишиден. Создун гулун терип суйлогон чыныгы ырчы
Эң туура сөз, сонун маек, бул ырчыны абдан сыйлайм. Бирок тиги ырчы кыз экөө тууралуу өзүн өзү пиар кылыптыр. Ал экөө тууралуу дуетти эл абдан жакшы кабыл алды. Экөөнүн Ортосунда бир нерсе бар деп эч ким ойлогон эмес. Ойлобойт да болушу мүмкүн. Эмнеси болсо да кыргыздын маданиятына салым кошуп жүрө бериңиздер, чыгармачылык ийгилик каалайбыз!