Убагында «Кыз-Бурак» тобунда, кийин Ибрагим Жунусов түзгөн «Элегия» тобунда ырдап кыргыз элине таанылган Асел Касымова азыр Ошто жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып жаткан чагы. Көпчүлүк Асел Касымованы «Эркелеп» ыры менен жакшы таанышкан. Жалаң позитивдүү ойлорду баккан ырчы гезитибизге маек курду.
– Асел, кандайсыз? Учурда эмне менен алексиз?
– Жакшы, рахмат. Күндүз 50дөн ашык эмес адам чогулган ар кандай тойлор болуп жатат. Ошол тойлордо ырдап жатабыз. Жакшы ырларды, клипке жакшы идеяларды издеп, кыскасы, чыгармачылык жолунда эле жүрөм. Акыркы жолу сөзү, обону Ильяс Кудретовго таандык «От болуп жандым» ырын ырдап, клип тарттырдым.
– «Жакшы ыр издеп жатам» деп калдыңыз. Жакшы ыр сиз үчүн кандай болушу керек? Ырдын эмнесине көңүл бурасыз?
– Жакшы деген мага жаккан ыр. Бардык ырларыбыз хит болушун каалайт экенбиз. Бирок андай болбойт. Анткен менен ар бир ырдын өз угуучулары болот. 5 кол тең эмес да, мага жаккан ыр башкага маанисиз туюлушу мүмкүн. Башкалар үчүн сонун ыр мага жакпашы мүмкүн.
– Чыгармачылыгыңызды Ош жергесинде гана улантып жатканыңызга эмне себеп?
– Мен өзүм Ошто төрөлүп-өскөм, окугам. Бишкекте 5-6 жыл гана жашадым. Анда да бир жылдын 6-7 айы Ошто өтүп жатты. Ошко 2 жумага келсем да, айлап жүрүп калчумун. Анткени Оштун эли шаан-шөкөткө жакын эмеспи. Тойлордо, иш-чараларда кармалып калчумун. Бишкекте ыр жаздыруу, клип тарттыруу, ММКларга маек берүү жумуштары гана болбосо, көпчүлүк ишим Ошто болуп жатат. Азыр ыр жаздырып, клип тарттыруу боюнча Ташкенттеги студиялар менен да иштешип баштадым.
Мен атактуулукка жулунбайм. Массага таанылбай калдым деп да кейибейм. Ырчыга деле ийгилик ар кандай жылмаят. Бир ырды тытынып Америкага чейин барып жаздырып келсең да, аны эч ким укпай коюшу мүмкүн. Бир ырды жөн эле кафеден ырдап жаздырып койсоң эле хит болуп кетиши ыктымал. Ар бир ырың өлкөгө таанылса жакшы. Бирок андай болбойт да. Мен ырым элге алынбай калды деп ойлонбойм. Негизгиси өзүмө жакса болду. Ошто тойлордо, концерттерде ырдап жүрөм. Ырчылардын баары татып көргөн сахнанын даамын мен да татып койгом. Көпчүлүк тааныбай жатса, ал менин күнөөм. Бишкекке барбай калдым, гезит, ТВга маек бербей калдым. Оштон жылбай отурам. – Атактуу болуу үчүн эмне керек?
– Мурун эмгек керек болчу. Азыр баары жеңил болуп калды. Интернет эле керек. Же элдин кыжырына тийип хайп жаратып атактуу болосуң, же аябай жакшы иш менен атың чыгат. Бирок хайп мен үчүн эмес.
– Сиздин атыңызды укканда эсиме «Эркелеп» ыры келет. Башка ырларыңыз анчалык хит болгон жок окшойт?..
– Балким, силердин оюңар боюнча башка ырларым тараган жоктур. Бирок «Эркелеп» ырыма чейин эле гастролдорго барганда бардык аймактарда мени жакшы тосуп алышчу. Сахнадан элдин маанайы билинет да.
– «Кыз-Буракты» эстегенде кайсы учур эсиңизге келет?
– Гүлшайыр эженин катуу мүнөзү эсиме келет. «Кыз-Буракта» иштегениме өкүнбөйм. Биринчиден, ата-энемдин тарбиясын алсам, экинчиден, Гүлшайыр эженин тарбиясын алдым. Бул адамдар мени эч кимден коркпогон, өзүмө ишенген адам кылып тарбиялашты. Жашоомдо эч качан уяла турган иш кылган эмесмин. Кандай адам болгум келсе, ошондой адам болуп жүрөм. Ошондуктан баарына ыраазымын. Кудайга шүгүр. Азыр WhatsApp’та топ түзүп алганбыз. Ошол жактан Гүлшайыр эже «кыздарым, жакшы жүрөсүңөрбү?» деп жазып калат. Бүгүн Гүлнара эже (ред.: Калдарова) Ошко келиптир. Азыр аны менен жолугушуп, эс алууга барганы жатам. Кыскасы, «Кыз-Бурактын» кыздары менен жакшы мамиледемин.
– Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов түзгөн «Элегия» тобунда да ырдап калдыңыз. Ибрагим агай, топтогу Айчүрөк эже менен да байланышыңыз барбы?
– Агай азыр Ташкентте. Клип тарттырганы Ташкентке барганда учурашып коёюн деп ойлоп жаткам. Бирок колум бошогон жок. Кийинки жолу Ташкентке барганда учурашып келем деген оюм бар. Ал эми Айчүрөк менен байланышым жок. Бирок көрүшүп калсак, саламым түз болот. – «Сүйүүдө алсызмын» дегениңиз бар. Азыр деле сүйүүдө алсызсызбы?
– Ооба, бардык маселеде күчтүүмүн, бирок сүйүүдө жана уйкуда алсызмын (күлүп). Сүйгөндө ар бир адам алсыз боло түшөт деп ойлойм. Сүйгөнүмө жетпей калып депрессия болгонумду айтып эле жүрөм. Мен сүйүүгө туруктуумун. Бир адамдан экинчисине өтүп сүйө бербейм, көрүнгөндү «жаным» деп айта албайм. Мындай сөздөрдү сүйгөнүмө гана айта алам, сүйгөн адамымды гана эркелетишим мүмкүн. Башка бир-эки көргөн адамдардан да мындай сөздөрдү угууну каалабайм, сөздүн баркын кетирип «жаным» дей бергендерге жиним келет.
– Азыр сизде сүйүү маселеси кандай болуп жатат?
– Жүрөгүм бош эмес. Жүрөгүндө сүйүү жок адам ийине жеткире ырдай албайт деп ойлойм. Жөн эле ырдап коюу менен сүйүп жатканда ырдагандын айырмасы бар.
– Биздин коомдо бойдок кыздарды турмушка чыгууга шаштырган көз караш бар. Сизге да турмушка чыгыш керектигин эскертип турушабы?
– Бул адамдын өз чечими. Бардык абалдын жаман жана жакшы жагын тапса болот. Наалысаң, наалый бересиң. Образдуу айтсам, адам алтындан салынган үйдө жашап да наалыганга жагдай табат. Ал адамдын чечими. Бактысыз болууну чечсе, бактысыз болот. Бактылуу болом деп чечсе, бактылуу болот. Мен бардык нерсени жакшы жагынан карайм. «Турмушка чыкпай жатам» деп наалыбайм. Кааласам бүгүн эле турмушка чыгып кетем. Элде туура эмес түшүнүк бар. Турмушка чыкпай жүргөн кыз кишини балдар карабай жатат деп ойлошот. Ал туура эмес. Менимче, азыр улуу муун менен кичүү муундун түшүнүгү дал келбей жаткан заман.
Байкасаңар, күйөөгө тийбегендерге караганда күйөөгө тийгендер көп наалышат. Ооба, турмуш куруш керек, ал жакшы нерсе. Бирок таңуулабаш керек деп ойлойм. Кудайга шүгүр, менин ата-энем, инилерим «каалагандай жаша, каалаган убакта күйөөгө тий, негизгиси бактылуу болушуң керек» дешет. Кыйнап, өзү каалабаган адамга күйөөгө бергенде ал кыз кор болот, чөгөт. Ошондон чоң маселелер келип чыгат.
– Бактылуу болуңуз! Маегиңизге рахмат!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg