Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Асел Касымова, ырчы: «МЕН СҮЙҮҮГӨ ТУРУКТУУМУН. БИР АДАМДАН ЭКИНЧИСИНЕ ӨТҮП СҮЙӨ БЕРБЕЙМ»

№916 25-июнь-1-июль, 2020-ж.


Убагында «Кыз-Бурак» тобунда, кийин Ибрагим Жунусов түзгөн «Элегия» тобунда ырдап кыргыз элине таанылган Асел Касымова азыр Ошто жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып жаткан чагы. Көпчүлүк Асел Касымованы «Эркелеп» ыры менен жакшы таанышкан. Жалаң позитивдүү ойлорду баккан ырчы гезитибизге маек курду.

– Асел, кандайсыз? Учурда эмне менен алексиз?

– Жакшы, рахмат. Күндүз 50дөн ашык эмес адам чогулган ар кандай тойлор болуп жатат. Ошол тойлордо ырдап жатабыз. Жакшы ырларды, клипке жакшы идеяларды издеп, кыскасы, чыгармачылык жолунда эле жүрөм. Акыркы жолу сөзү, обону Ильяс Кудретовго таандык «От болуп жандым» ырын ырдап, клип тарттырдым.

– «Жакшы ыр издеп жатам» деп калдыңыз. Жакшы ыр сиз үчүн кандай болушу керек? Ырдын эмнесине көңүл бурасыз?

– Жакшы деген мага жаккан ыр. Бардык ырларыбыз хит болушун каалайт экенбиз. Бирок андай болбойт. Анткен менен ар бир ырдын өз угуучулары болот. 5 кол тең эмес да, мага жаккан ыр башкага маанисиз туюлушу мүмкүн. Башкалар үчүн сонун ыр мага жакпашы мүмкүн.

– Чыгармачылыгыңызды Ош жергесинде гана улантып жатканыңызга эмне себеп?

– Мен өзүм Ошто төрөлүп-өскөм, окугам. Бишкекте 5-6 жыл гана жашадым. Анда да бир жылдын 6-7 айы Ошто өтүп жатты. Ошко 2 жумага келсем да, айлап жүрүп калчумун. Анткени Оштун эли шаан-шөкөткө жакын эмеспи. Тойлордо, иш-чараларда кармалып калчумун. Бишкекте ыр жаздыруу, клип тарттыруу, ММКларга маек берүү жумуштары гана болбосо, көпчүлүк ишим Ошто болуп жатат. Азыр ыр жаздырып, клип тарттыруу боюнча Ташкенттеги студиялар менен да иштешип баштадым.

Мен атактуулукка жулунбайм. Массага таанылбай калдым деп да кейибейм. Ырчыга деле ийгилик ар кандай жылмаят. Бир ырды тытынып Америкага чейин барып жаздырып келсең да, аны эч ким укпай коюшу мүмкүн. Бир ырды жөн эле кафеден ырдап жаздырып койсоң эле хит болуп кетиши ыктымал. Ар бир ырың өлкөгө таанылса жакшы. Бирок андай болбойт да. Мен ырым элге алынбай калды деп ойлонбойм. Негизгиси өзүмө жакса болду. Ошто тойлордо, концерттерде ырдап жүрөм. Ырчылардын баары татып көргөн сахнанын даамын мен да татып койгом. Көпчүлүк тааныбай жатса, ал менин күнөөм. Бишкекке барбай калдым, гезит, ТВга маек бербей калдым. Оштон жылбай отурам.

– Атактуу болуу үчүн эмне керек?

– Мурун эмгек керек болчу. Азыр баары жеңил болуп калды. Интернет эле керек. Же элдин кыжырына тийип хайп жаратып атактуу болосуң, же аябай жакшы иш менен атың чыгат. Бирок хайп мен үчүн эмес.

– Сиздин атыңызды укканда эсиме «Эркелеп» ыры келет. Башка ырларыңыз анчалык хит болгон жок окшойт?..

– Балким, силердин оюңар боюнча башка ырларым тараган жоктур. Бирок «Эркелеп» ырыма чейин эле гастролдорго барганда бардык аймактарда мени жакшы тосуп алышчу. Сахнадан элдин маанайы билинет да.

– «Кыз-Буракты» эстегенде кайсы учур эсиңизге келет?

– Гүлшайыр эженин катуу мүнөзү эсиме келет. «Кыз-Буракта» иштегениме өкүнбөйм. Биринчиден, ата-энемдин тарбиясын алсам, экинчиден, Гүлшайыр эженин тарбиясын алдым. Бул адамдар мени эч кимден коркпогон, өзүмө ишенген адам кылып тарбиялашты. Жашоомдо эч качан уяла турган иш кылган эмесмин. Кандай адам болгум келсе, ошондой адам болуп жүрөм. Ошондуктан баарына ыраазымын. Кудайга шүгүр. Азыр WhatsApp’та топ түзүп алганбыз. Ошол жактан Гүлшайыр эже «кыздарым, жакшы жүрөсүңөрбү?» деп жазып калат. Бүгүн Гүлнара эже (ред.: Калдарова) Ошко келиптир. Азыр аны менен жолугушуп, эс алууга барганы жатам. Кыскасы, «Кыз-Бурактын» кыздары менен жакшы мамиледемин.

– Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов түзгөн «Элегия» тобунда да ырдап калдыңыз. Ибрагим агай, топтогу Айчүрөк эже менен да байланышыңыз барбы?

– Агай азыр Ташкентте. Клип тарттырганы Ташкентке барганда учурашып коёюн деп ойлоп жаткам. Бирок колум бошогон жок. Кийинки жолу Ташкентке барганда учурашып келем деген оюм бар. Ал эми Айчүрөк менен байланышым жок. Бирок көрүшүп калсак, саламым түз болот.

– «Сүйүүдө алсызмын» дегениңиз бар. Азыр деле сүйүүдө алсызсызбы?

– Ооба, бардык маселеде күчтүүмүн, бирок сүйүүдө жана уйкуда алсызмын (күлүп). Сүйгөндө ар бир адам алсыз боло түшөт деп ойлойм. Сүйгөнүмө жетпей калып депрессия болгонумду айтып эле жүрөм. Мен сүйүүгө туруктуумун. Бир адамдан экинчисине өтүп сүйө бербейм, көрүнгөндү «жаным» деп айта албайм. Мындай сөздөрдү сүйгөнүмө гана айта алам, сүйгөн адамымды гана эркелетишим мүмкүн. Башка бир-эки көргөн адамдардан да мындай сөздөрдү угууну каалабайм, сөздүн баркын кетирип «жаным» дей бергендерге жиним келет.

– Азыр сизде сүйүү маселеси кандай болуп жатат?

– Жүрөгүм бош эмес. Жүрөгүндө сүйүү жок адам ийине жеткире ырдай албайт деп ойлойм. Жөн эле ырдап коюу менен сүйүп жатканда ырдагандын айырмасы бар.

– Биздин коомдо бойдок кыздарды турмушка чыгууга шаштырган көз караш бар. Сизге да турмушка чыгыш керектигин эскертип турушабы?

– Бул адамдын өз чечими. Бардык абалдын жаман жана жакшы жагын тапса болот. Наалысаң, наалый бересиң. Образдуу айтсам, адам алтындан салынган үйдө жашап да наалыганга жагдай табат. Ал адамдын чечими. Бактысыз болууну чечсе, бактысыз болот. Бактылуу болом деп чечсе, бактылуу болот. Мен бардык нерсени жакшы жагынан карайм. «Турмушка чыкпай жатам» деп наалыбайм. Кааласам бүгүн эле турмушка чыгып кетем. Элде туура эмес түшүнүк бар. Турмушка чыкпай жүргөн кыз кишини балдар карабай жатат деп ойлошот. Ал туура эмес. Менимче, азыр улуу муун менен кичүү муундун түшүнүгү дал келбей жаткан заман.

Байкасаңар, күйөөгө тийбегендерге караганда күйөөгө тийгендер көп наалышат. Ооба, турмуш куруш керек, ал жакшы нерсе. Бирок таңуулабаш керек деп ойлойм. Кудайга шүгүр, менин ата-энем, инилерим «каалагандай жаша, каалаган убакта күйөөгө тий, негизгиси бактылуу болушуң керек» дешет. Кыйнап, өзү каалабаган адамга күйөөгө бергенде ал кыз кор болот, чөгөт. Ошондон чоң маселелер келип чыгат.

– Бактылуу болуңуз! Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -5 
Комментарийлер(11)
29.06.2020. 10:01 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
23-06-2020
Соӊку аракети:
06-08-2020 11:20
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асель тузуксун!Ошто эле журо бер,той топур маарекелерге жана жакшы иш чараларга катышып.
29.06.2020. 13:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
471
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
01-08-2020 02:12
Жынысы:
Белгисиз
-7
Дагы бир той ырчысы. Инимин тоюна досторунун атынан келип эки ыр ырдаган баарыбыз ишибиз жок эле нары басып бери басып жургонбуз акемин 1-класста окуган кызы мени суротко тартып коюнчу дейт жончу эй десем бул Асел Касымова дейт. Мен Нурландын Аселин айтып атыптыр деп ой бул ал эмес деп койом. Корсо ырчы экен. Ошондо биринчи жолу тааныгам 2019- жылы 24-август эле той кун. Долоно рестораны озу деле эстейт может даже эч ким бийлебеген
29.06.2020. 15:48 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
15-05-2020
Соӊку аракети:
06-08-2020 22:32
Жынысы:
Белгисиз
+10
ainura220888,анан ошондо нени айткын келди?унуройуп эсинер ооп отурбай бийлебейт беленер силерге Ким тоскоол болду?
30.06.2020. 23:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
471
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
01-08-2020 02:12
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jibakana,анан ошондо элдин манайын кото турган ыры жок жана публиканы озуно карата албайт дедим. Бийлей турган ыр ырдаса бийлейби. Ал тойдо Н. Насип, Расул кызы, мурадиловдор болгон жакшына эле элдер бийлеген тааныбасак олуп кетелиби. Же жакшына ыры болбосо
29.06.2020. 17:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
31-05-2013
Соӊку аракети:
01-07-2020 09:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шибер
+12
ainura220888, мына ошол тойдо да билинет маданиятыбыз "бийик" экени. Озунчо эле бирдемени кыйраткансып ары-бери басып журо беребиз, тоготпой, озубузду кыйын сезебиз. Колдогонду билбейбиз мурун чуйруп...
30.06.2020. 12:20 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
23-06-2020
Соӊку аракети:
06-08-2020 11:20
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eliza83,туура
30.06.2020. 23:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
471
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
01-08-2020 02:12
Жынысы:
Белгисиз
-1
Eliza83,бир тууган акен той откоруп атса корот элем сенида. Озунчо диванные критик боло бербечи. Элдер бийлебесе элди озуно тарта албагын айтсам не куноолумунбу? Акылдуу болуп кетесинерда
29.06.2020. 14:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
202
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
02-08-2020 19:31
Жынысы:
Белгисиз
-1
Таш ыргыткан ырчыга тиет,канк деп
29.06.2020. 14:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
196
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
03-08-2020 23:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйраткан деле ыры жок. Андан коро эрге тийип торогону жакшы
30.06.2020. 00:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
07-08-2019
Соӊку аракети:
13-07-2020 21:17
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз! Анча мынча ырчыларга караганда бой келбети жарашкан, дуйно тааанымы да бийик экенин байкадым. Акыркы суроого жоопту так айтыптырсыз. Чындыгында азыр элдер наалып жашап калышты, уй булосу денсоолугу бар туруп. Анан кайра бироого акыл уйротуп эрге тийбейсинби торобойсунбу дешет, чынында ошондойлор уйундо куйоолору менен сыйдан кетип жашашат. Сиз келечекте балдарынызга мыкты тарбия берип, аларды коомго пайдалуу кылып остурушунузго ишенем.
30.06.2020. 03:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
307
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
04-08-2020 08:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+3
Акыркы ыры жакшы чыккан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
24248;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: