АЛЕКСАНДР ВОЛКОДАВ – КЫРГЫЗЧА ЫРДАГАН “САРЫ КЫРГЫЗ”

Александр Волкодав – кыргызча ырларды катыра аткарган биздин мекендешибиз. Ал музыка дүйнөсүнө 15 жылдан бери аралашып жүрсө да, коомчулукка Алла Пугачёванын «Любовь, похожая на сон» ырынын кыргызча версиясын аткарып чыккандан кийин тааныла баштады. Мукам үнү менен кыргыз ырларын созолонткон таланттуу ырчы менен таанышып алыңыз.

АЛЕКСАНДР ТУУРАЛУУ:

Туулган жылы 1989-жыл, 27-март

Туулган жери Бишкек шаары

Билими – Кыргыз-Орус Славян университетин жана Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада-вокал бөлүмүн бүтүргөн

Бою – 180 сантиметр

Салмагы – 84 килограмм

Спортко кызыгуусу – күрөш, самбо, эрежесиз эр уруш, сууда сүзүү менен машыгат

– Александр, саламатсызбы! Сиз коомчулукка “Махабат” ырыңыздан кийин көбүрөөк таанымал боло баштадыңыз окшойт. “Любовь, похожая на сон” ырынын кыргызча версиясы кантип жаралды?

– Бир күнү шоумен Максат Тынаев “Саша, мен “Любовь, похожая на сон” ырына ремейк жазып жатам. Аны сен аткарып чыгышың керек” деп чалганда дароо макул болдум. Бул ыр котормо эмес, ремейк болгону аябай жакты. Максат ырдын мазмунун, мелодикасын сактап, башка текст жазыптыр. Жыйынтыгында ыр сонун чыкты. Анткени бул ыр эне тилибизде жакшы чыгарын эч ким күткөн эмес.

Бул ыр былтыр эле чыккан. Бирок азыр популярдуу болуп жатат. Бир күнү телефонумду ачсам эле социалдык тармактагы баракчама достук жөнөткөндөр жайнап калыптыр. Карап, “эмне болгон?” деп түшүнбөй калдым. Көрсө, ыр Фейсбуктагы бир группага жүктөлгөндөн кийин жакшы карала баштаптыр. Көпчүлүк бөлүшүп, ырга экинчи өмүр берилди.

“Эне жүрөгү” аттуу автордук ырым аймактарда аябай жакшы кабыл алынгандыктан Оштон, Жалал-Абаддан чалып, келип ырдап берүүмдү суранышты. Тойлорго барып ырдап бердим.

– Автордук деп калдыңыз. Ырдын текстин да өзүңүз жаздыңызбы?

– Бул ырдын тексти кандай болушун, кандай сөздөр камтылышы керектигин Акбар Кубанычбеков аттуу акынга түшүндүрүп бердим. Текстте эне жүрөгү уулун канчалык жакшы көрөрү, сүйүүсү аны жолдон чыгарбай, коргоп жүрөрү тууралуу сөздөр камтылды.

Учурда “Сары кыргыз” деген ырым жазылып жатат. Ырдын жаралуу тарыхына кайрыла кетейин. Мен анда ырчы Актан Исабаевдин студиясында иштечүмүн. Балдар ыр жазып, аны “Кара кыргыз” деп аташыптыр. "Мен кара эмесмин го” десем, “анда сары” дешти. Ушундан улам “Сары кыргыз” болуп калды. Ырдын тексти күчтүү, патриоттук сезимди ойготуп, рухуңду көтөрөт. Азыр карьерам ушинтип кыргыз тилиндеги ырлар менен өнүгүп баратат.

Жакында кыргызча ырларымдын жыйнагын чыгарып, анын алкагында Кыргызстанды кыдырып концерт берейин деген планым бар. Анткени мени Бишкек шаары жакшы билгени менен, аймактарга анча тааныла элекмин. Ал жактан да өз аудиториямды табайын деп максат кылып жатам.

– Кыргыз тилин жакшы билесизби?

– Азырынча кыргызча сүйлөй албайм. Жакшы деңгээлде сүйлөй ала турган болгондо баарын таң калтырайын деп жатам. Кыргызча оюмду жакшы билдире албайм, бирок түшүнөм. Досторум да жардам берип сөздөрдү туура айтканды үйрөтүп, тилимди жатык кылып жатышат. Мисалы, “Эне жүрөгү” менен “Махабат” ырларын угуп көрсөңүздөр сөздөрдүн айтылышында айырмачылык бар. Бул өзүмө аябай байкалды. “Эне жүрөгүндө” акцент болсо, “Махабатта” тилим жакшырыптыр. Ал эми “Эс ал” ырымда өзүмө чакырык таштадым. Анткени ырда рэп бар. Башында “кыргыз тилинде рэп айта аламбы?” деп ойлодум. Анткени сөздөрдү туура, бат айтышым керек да. Жадакалса кыргыз тилдүү эстрада ырчылардын көбү рэп айта алышпайт. Мен кыргыз тилинде рэп айтууну максат кылдым да, ырды жаздырдым. Жакында бет ачары болот, күтүңүздөр.

– Кызыктырып койдуңуз. Анда кепти музыкалык карьераңыздын башталышы тууралуу улабайлыбы?

– Кичинекей кезимде эле ырдап баштагам. Хорго катышып, гитарада ойночумун. 16 жашымда “К52” аттуу топ түзгөм. Убакыттын өтүшү менен топтун курамы да алмашты. 2014-жылга чейин өз алдымча кавер аткарып жүрдүм. 2015-жылы актриса Замира Сатыбалдиева Актан Исабаев менен тааныштырды. Актан байке “Асман Ала-Тоо” ырын жаздырып жаткан экен. Замира эже “Саша, тезинен студияга келе кал. Ырдашың керек болуп жатат” деп чалып калды. Актан Исабаев мага чоң таасир берди. Экөөбүздүн мүнөзүбүз төп келип, тил табышып, дос болуп кеттик. Актан байке “кел, чогуу иштешүүгө аракет кылып көрөлү” деп “Гори” аттуу ырын белек кылды.

Ошол жылы Москвада өткөрүлгөн эл аралык “Арт-футбол” сынагына катыштым. Футбол ойногон ырчылардын арасында өткөрүлгөн сынакта 16 мамлекеттин арасынан мыкты вокалист катары 2-орунду алдым. Кыргызстандын желегин көтөрүү чоң сыймык болду, колум титиреп турганы эсимде.

Актан байке экөөбүз жараткан ырлар коммерциялык эмес болчу. Ал музыканы тар чөйрө гана түшүнчү. А мен массага таанылууну кааладым. Ошондуктан ал “мен сени коё берейин. Коммерциялык багыттагы ырлар меники эмес” деди.

Актан байкеден кеткенден кийин өз алдымча кафеде ырдап, иштеп жүрдүм. Кийин өзүм кафе ачып, иштетип көрдүм. Чыгармачылык менен бизнести чогуу алып кетүү оор экен. Азыр ишкерликти токтоттум, эми чыгармачылык менен 10 жылдай тыгыз иштеп, КМШ өлкөлөрүнө чыгайын деп жатам.

– Музыкалык сынактарга катышайын деген максаттарыңыз барбы?

– Ооба. 2 жыл мурун Москвада өткөн “Голос” долбооруна катышып, башкы 2 этабынан өткөм. Калыстар тобу катышуучуларды тандап коюшкандыктан кезекте турган мен, дагы 30дан ашуун катышуучу кийинки жылга калып калганбыз. Кийинки жылы “Песни на ТНТ” сынагына чакырып калышты. Барып тандоодон өтпөй калдым. Буга кабатыр болгон жокмун, болгону ушул сынак үчүн “Голосту” өткөрүп жибердим. Бул жылы да “Голос” сынагына катышайын дегем, пандемияга байланыштуу тилегим орундалбай калды.

– Караоке клубдарга барып каласызбы?

– Кээде барып калам. Бирок ал жерде ырдагандан тартынам. “Өзүн көрсөтө албай мактанып жатат”, “сенден кийин ырдабайм” деген сөздөрдү укпаш үчүн отуруп алып ырдайм. Кээде таанып калышат. Тааныбагандар жаныма келип, “жакшы ырдайт турбайсыңбы. Музыка менен алектенишиң керек экен. Сахнага чыгып ырдап көрбөйсүңбү?” дешет. Жанымда отурган досторум “Саша, чын эле сахнада ырдап көр да. Балким, оңунан чыгып калат” деп каткырып калышат. Айрымдары “Махабатты” сен ырдайсыңбы?” деп сурашат. Бир жолу караокеден 4 жолу “Махабат” ырымды ырдадым. 4 жолу тең туруп алып кол чаап колдошту. Орус жигиттин кыргызча ырдап жатканына таң калышты окшойт.

– Ата-энеңиз тууралуу да айтып бериңизчи...

– Атам Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүргөн. Баянда жакшы ойнойт. Атам турмуш-шартка байланыштуу жеке ишкерлик менен алектенет. Азыр “топ түзүп, сахнага чыгууну кыялданчумун. Сен менин кыялымды ишке ашырдың. Сени менен сыймыктанам” деп калат. Ата-энем менин дайымкы угармандарым. Клибим, маектерим телевизордон көрсөтүлүп калса “сени көрсөтүп жатышат” деп чалышат. Ушул үй-бүлөдө төрөлгөнүмө ыраазымын.

Апам да жакшы ырдайт. Атам “мүмкүнчүлүк болсо, апаң менен чогуу ыр жаздырып көрчү” деп айтып калат. Буюрса, бул идеяны ишке ашырам.

Атам музыкант болгондуктан чыгармачылыгыма сын көз караш менен карайт. Мурда ырларымды угузганда “балам, окшошпой калыптыр” деп бетке айтып салчу. Башында жүрөгүмө жакын кабыл алып, таарынып калчумун. Бирок кайра иштеп чыгып, атам туура багыт бергенин аңдап калар элем. Кудайга шүгүр, азыр музыкалык деңгээлим өсүп, жакшы жазылган ырларды угузуп калбадымбы.

Атам досторунун WhatsApp`тагы группаларына “уулумдун ырын угуп койгула” деп жөнөтүп жыргай берет. Ошентип чыгармачылыгымдын өнүгүшүнө жардам берип жатат (күлүп). Мисалы, “Махабат” ырымды дүйнөнүн жарымы угуп койду окшойт. Анткени достору ар кайсы өлкөдө жашашат.

– Сөз соңунда сизге ашык болуп жаткан кыздарга жооп алып берейин. Жүрөгүңүз бошпу?

– Жүрөгүм бош эмес, сүйүктүүм бар.

– Маегиңизге рахмат! Чыгармачылыгыңыз өркүндөй берсин!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
suban78
2020-06-29 10:09:13
Чыгармачылык ийгилик. Город 312 тобуна окшоп атагын чыксын. Дуйного тааныл. Биз сыймыктанып Кыргызстандык, менин жердешим деп сыймыктанып айтып журо турган бололу.
+6
ainura220888
2020-06-29 12:59:36
Саша, ишине ийгилик!
+4
Eliza83
2020-06-29 17:05:31
Махабат ыры аябай сонун жазылган. Молодец!!!
+2
Mamiev
2020-07-01 17:48:58
Кыргызча үйрөнүп таң калтырайын деп жатам дейт. 30 жыл кыргыздардын арасында жашап уйронбогон өзүңдүн кызыгуун жок да. Америкада эки жыл жашасан англис тилин үйрөнүп алмаксын. Анын үстүнө өзүбүз кунолуубуз ушулардын тили менен баарлашкан. Мамбеттер чыгат кыргыз болуп туруп каалагандай суйлойбуз деп жооп жазып
+3
Arai92
2020-07-01 21:52:58
Mamiev,Мамбеттер дегенин жакты. Экообуз кантип жостошсок болот???
0
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан