БАТУКАЕВДИ БОШОТУУ ОКУЯСЫ: АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 11 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

Алмазбек Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылдыЭкс-президент Алмазбек Атамбаев кримавторитет Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылды. Ошондой эле анын үй-мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик наам-сыйлыктарынан ажыратылат.

Мындай өкүмдү 23-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Атамбаев бул күнү сот жыйынына катышуудан жана соттогу акыркы сөзүн айтуудан баш тартты. Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мүлктөрүнүн ичинде 5 автоунаа, жер тилкелери, “Медиа форум” ишканасы, “Апрель” телеканалы, 24 банктагы акциялары, банк ячейкалары, эсептери жана башкалар бар. Ал II даражадагы “Манас” орденинен, “Данакер” орденинен, “Даңк” медалынан жана энчилүү сааттарынан ажыратыла турган болду.

Соттун бул чечими чыккан күнү Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева 62 жашка чыкты. Ал: "Сооронбай Шарипович, мындай "белек" үчүн сизге рахмат",- деп билдирүү жасады.

Кылмыш ишинин башка фигуранты – мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 миллион сом айып төлөтүү чечими чыкты. Экс-чиновник чининен ажыратылып, үй камагында калды. Прокурорлор Атамбаевди да, Жолдубаеваны да ар бирин 15 жылдан эркинен ажыратууну өтүнгөн эле. Сот бирин 11 жылга соттоп, экинчисин айып пул салуу менен гана жазалады. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев 2 жылга эркинен ажыратылып, бирок буга чейин камакта отурган күндөрүнүн эсебинен “жазасын өтөп бүттү” деп табылып, эркиндикке чыкты. Айыпталган дарыгер Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, бирок “жазага тартуу мөөнөтү өтүп кетти” деп сот залынан бошотулду.

Маалымат үчүн: Оор кылмышы үчүн 2006-жылы 16 жылга соттолгон Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс дартка чалдыкты” делип түрмөдөн мөөнөтүнөн эрте бошотулган. Ушул эле күнү ал кездеги ЖАМКнын жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев баштаган кызматкерлердин коргоп-коштоосунда Нарындан Бишкекке жеткирилип, “Манас” аэропортунун VIP коридору аркылуу өтүп, өлкөдөн чыгып кеткен. Бул окуяга жалпы 19 адам айыпталган, алардын көбү учурда үй камагында. Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын августунан бери УКМКнын Тергөө абагында отурат.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан