Биз социалдык тармакта

БЕЛГИЛҮҮ САЯСАТЧЫ БОЛОТ ШЕР 61 ЖАШЫНДА КАЗА БОЛДУ

Белгилүү саясатчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты, “Ата Мекен” партиясынын көрүнүктүү өкүлү Болот Шер 21-июнда мезгилсиз дүйнө салды. 61 жаштагы саясатчы үчүнчү жолу инсульт алып, өзүнө келе албаганы айтылды.

Маркум 23-июнда кичи мекени Таластын Чоң-Капка айылында жерге берилди. Туулган жеринде жерге берүү саясатчынын өзүнүн керээзи экени айтылды.

Болот Шер – Жогорку Кеңештин 3 жолку чакырылышынын депутаты. 2010-жылкы Апрель революциясынын лидерлеринин бири жана ИИМдин мурдагы жетекчиси. Учурда популярдуу улуттук оюн болгон көк бөрүнү өнүктүрүү максатында 1998-жылы өлкөдө Көк бөрү федерациясын негиздеген.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Болот Шердин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан