Президент Сооронбай Жээнбековдун жанында жүргөн кызматкерлерден коронавирус табылып, мындан улам өлкө башчынын Москвадагы иш-чарасы үзгүлтүккө учурады.
Президент 23-июнда Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата Кремлде өтүүчү аскердик парадга катышуу үчүн Орусияга барган. 24-июнда парад көрүүгө келген президенттердин арасынан Кыргыз президенти көрүнгөн жок. Бул көпчүлүккө дароо байкалып, “Жээнбековго эмне болду?” деген суроо берилип жатты. Президенттик аппарат билдирүү жасап, президент Жээнбековдун парадга катышпай калганына жанындагылардан коронавирус табылганы себеп экенин жарыялады.
Маалыматка таянсак, президентти Москвага коштоп барган делегациядан Президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана бир күзөт кызматкеринен коронавирус табылган. Коомчулукта "делегация Москвага баратып анализ тапшырган болсо, демек, Кыргыз өлкөсү колдонуп жаткан тесттердин сапаты начарбы?" деп суроо салгандар болууда.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg