ПУТИНДИН “СССРДЕГИ ӨЛКӨЛӨР ОРУС ЖЕРИН БЕЛЕККЕ АЛЫП КЕТИШТИ” ДЕГЕН СӨЗҮ ТАЛКУУГА ТҮШТҮ

Орусия президенти Владимир Путиндин СССРдин тарашы тууралуу пикири талкууга түштү. 21-июнда телеканалдардын бирине берген маегинде Путин: “Эгерде кайсы бир республика СССРдин курамына кирсе, бирок өзүнө салттуу Орусиянын тарыхый аймагын, Орусиянын ири аянттагы жерин алса, андан кийин бул союздан чыгууну чечсе, эмне менен келсе, ошол менен кетишпейт беле, өздөрү менен кошо орус элинин белегин алып кетпей”,- деди.

Бул пикир Орусияны маанилүү өнөктөш деп санаган Казакстан менен Кыргыз өлкөсүндө кызуу талкуу жаратты. Кыргыз тарыхчысы Тынчтыкбек Чоротегин Путиндин бул сөзүн “Орусияга чектеш Беларусь менен Казакстанга тийишип, “Крымдан башка да жерлерибиз бар” деген ишараты” деп баалады. Орусия Казакстандын түндүк аймагын Крым сыяктуу сценарийде өзүнө кошуп алуусу мүмкүн деген кооптонуу Казакстанда көптөн бери айтылып жүрөт. Кыргыз өлкөсүндө Путиндин бул сөзүнөн кийин “мындай маанайдагы Орусия менен ЕАЭБде бирге болуу коркунучтуу” деген пикирлер көбөйдү.

23-июнда Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Орусиянын коңшу мамлекеттерге аймактык нааразычылыгы жок. Президент белек жөнүндө эмес, СССРдин Конституциядагы системдүү кемчиликтери тууралуу айткан” деп билдирүү жасады.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан