Сауд Арабиясы чет өлкөлүк зыяратчылар үчүн ажылык сапарды токтотту. Себеп – коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал. 2020-жылкы ажылык зыярат чектелүү гана улуттардын катышуусу менен өтөт. Тагыраагы, Мекке жана Медина шаарлары сырттан зыяратчыларды кабыл албай турганын, бүгүнкү күндө Сауд Арабиясында жүргөндөр гана зыярат кыла аларын аталган өлкөнүн тийиштүү министрлиги жарыялады.
Быйыл ажылык зыяраттын мөөнөтү 28-июль – 2-август күндөрүнө туура келет. 2020-жылга Кыргыз өлкөсүнө ажылык зыярат үчүн 110 орун бөлүнгөн эле. Муфтият ажылык сапардын токтотулганы тууралуу Сауд Арабиядан расмий кат келе электигин билдирди.
Сауд Арабиясы карантиндик чектөөлөрүн улам азайтып жатат, бирок толук алына элек. 22-июнга карата аталган өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 161 миң адамды түздү. Илдеттен 1300дөн ашык жаран көз жумду.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg