– Буюрса, өлкөбүздө пандемияга байланыштуу абал жакшырып, чектөөлөр алынса баш кошолу деп ниет кылып жатабыз. Тойду күз айларында деп пландадык.
Сүйүктүүм 20 жашта. Сүйлөшүп жатканыбызга аз эле убакыт болду. Мени ачык-айрым мүнөзү менен сүйдүрүп алды. Мага чын дили менен жасаган мамилеси, айтканымды эки кылбаганы менен өзүнө байлап алды окшойт. Ал мага көптөн бери эле телефондон жазып жүрүптүр. Бирок эмнегедир жазганына көңүл бурбай өткөрүп жиберипмин. Азыр ушул кызды таап алганыма сүйүнүп, бактылуу болуп жүрөм.