– Менин үстүмдөн арыз жазгандар боюнча маалыматым бар. Бул иштин артында ким турганын дагы билем. Мен англис тилин окутуу боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыккам. Ал тиркемени ишке киргизүүдө мага каржы жагынан инвесторлор жардам берген. Тиркеме өзүн актабай, инвесторлорго каражатты убагында төлөй албай калдым. Бирок аларга акырындык менен акчаны кайтарып жаткам. Мурдагы күйөөм ошол адамдарды таап, менин үстүмдөн арыз жаздырыптыр. Ошондон улам мага издөө жарыяланган. Учурда Москвада жүргөнүмдү баары билишет, карантинге байланыштуу бул жактан кете албай жатам. Башка өлкөдө болсом дагы бардык тиешелүү иштерди жасайм, аягына чейин күрөшөм,- дейт ал.
Буга удаа эле Гүлзат Мамытбектин уулу апасынын өмүрүнө кооптонуп жатканын айтып ыйлаган видео кайрылуу интернет желесине тарады.
Ал эми Гүлзат Мамытбек өзүнүн видео кайрылуусунда буларга токтолду:
– Кымбаттуу кыргыз элинин лидерлери, кыргыз элинин жигиттери, мен силерге кайрылып турам. Мен элдин деми аталган Гүлзат Мамытбек. Бүгүн мен силерге күлүмсүрөп сүйлөй албайм. Анткени балдарым чырылдап ыйлап жатат, апам ыйлап жатат, мен ыйлап жатам. Мунун баарын жашырып келебиз. Мен муну мындан ары жашыргым келбейт. Менин мурунку күйөөм Талант Курманкулов өч алуусун токтотпой жатат. Сокку бергенден да тажаган жок. 7 жыл чогуу жашадык, 4 жылдан бери чогуу жашабайбыз. 7 жыл тозокто жашадым. Эч бир аялзаты үй-бүлөлүк зомбулукка чыдабаш керек. Мындан ары да үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшөм.