Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев маектеринде “Кара-Балтага, ата-энемдин үйүнө барып эс алганды жакшы көрөм” деп айтып келет. Чынында эс ала турган жер экен. Айлана тыптынч, короого баш бакканда эле түрдүү куштардын сайраганы угулат. Анда футболчунун үйүнө бирге саякат жасайлы.
Абдраим Мурзаев, атасы: – Негизи Кара-Балтага 1994-жылы Сүлүктүдөн көчүп келгенбиз. Бул үйдү 2001-жылы сатып алганбыз. Үйдүн азыркы жасалгасын өзүм жасагам. Москвада 5 жыл курулушта иштеп, евро оңдоп-түзөөнү жакшы өздөштүргөм.
Абдраим Мурзаев, атасы: – Негизи Кара-Балтага 1994-жылы Сүлүктүдөн көчүп келгенбиз. Бул үйдү 2001-жылы сатып алганбыз. Үйдүн азыркы жасалгасын өзүм жасагам. Москвада 5 жыл курулушта иштеп, евро оңдоп-түзөөнү жакшы өздөштүргөм.
– Бул жакка учурда ашкана гарнитуру жасалып жатат. Конокторду ушул жерден тосуп, узатабыз.
Мирлан Мурзаев: – Бул биздин зал. Телевизор көрүп, PlayStation ойноп дегендей, ушул бөлмөдө эс алабыз.
– Бул менин бөлмөм. Илинип турган медалдардын жарымы эле. Калганы Бишкектеги үйдө. Ата-энемдин үйүндө сөзсүз сыйлыктарым турушу керек. Мени ушул даражага жеткиришти, аларга сыймык болот да.
– Бул ата-энемдин бөлмөсү. Атамдын иш орундугу да ушул жакта. Футбол көрөт. Короого орнотулган видеобайкоону ушул жактан карап турат. Көп уурулук болгон, ошон үчүн койдурганбыз.
– Бул бөлмөдө эжемдин баласы уктайт. Сабактарын ушул жактан даярдайт. Келгенде текшерип турам. Ал дагы футбол ойнойт.
Мурзаевдердин короосу аябай кызыктуу. Бул жактан жандыктарды, канаттуулардын бир нече түрүн көрүүгө болот.
– Булар бөдөнө, канарейкалар. Таң эрте эле сайрай башташат. Азыр да силерге ырдап берип жатат. Атам күнүгө суусун алмаштырып, жемин салып карайт.
– Азыр 40тан ашык көгүчкөн бар. Атама Оштон, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандан жөнөтүшөт. Атам да аларга жөнөтүп турат. Башында үйгө бир көгүчкөн учуп келген. Ошол бизге кызыгуу жаратты. Атама багалы деп айттым. Ошону менен көбөйтүп алдык. Хобби десек болот. Жан дүйнөнүн тынчтыгы үчүн өзүңө жаккан жаныбарларды багып, кароо деле адамга ырахат тартуулайт.
– Мен алабайларды жакшы көрөм. 2 итим бар. Менин келишимди абдан күтүшөт. Машинам үйгө жакындаганда эле келе жатканымды сезишет.
– Гиссар койлорду кармайбыз.
– Үйдүн айланасын атам менен апам жашылдандырган. Короодо алма, алча өсөт. Бул жерден чакан машыгуу жүргүзүп, бүткөндөн кийин бассейнге түшүп алсаң болот. Велосипед тебесиң, балыкка бармай, айтор, бош убактым болсо эле ушул үйгө жөнөйм.
ЖУМАГҮЛ ИСМАИЛОВА, АПАСЫ: "БАЛАМДЫН ОЮНДАРЫН КАЛТЫРБАЙ КӨРӨМ"
– Мирлан үйдүн кичүүсү, андан улуу эжеси, агасы бар. Кенжебиз болгонгобу, кай жерде болбосун бирөө уруп койбосо экен, ачкабы-токпу деп ойлоно берем. Негизи өзү эл менен бат тил табышып кетет. Кичинесинен эле тың. Өспүрүм кезинде акчаны да каякка катышты билчү, ичке кылып ороп, шымдын боо өткөргөн жерине киргизип койгонун көрүп таң калгам. Футболго деп сабактан каччу, жеме укчу. Атасы "пайдаң тийбейт" деп урушса, "карап тур, пайдасы сонун тиет" деп дайыма коргоп турчумун. Бизде демөөрчү Мирлан, а ишти атасы бүтүрөт.
Оюндарын калтырбай көрөбүз. Боло турган убакытка чейин жумуштарды бүтүрүп стадионго жөнөйбүз же баарыбыз телевизордун алдына отурабыз. Оюнду көрүп жатканда кадимкидей эле кыйкырам. Гол киргизе албай калса “оозуңду ачпай теппейсиңби!” деп ачуум келет. Жакшы оюн көрсөтсө, кубанганымдан ыйлап жиберем.
Динара Акимова
Адилет Бектуров
sport@super.kg