“ЖАН КУРБУМ, ЖАШЫБАЙ ЖАКШЫ КАЛ, КУРБУМ...” ЫРЧЫ БОЛОТ ТАСМАЕВ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Ырчы, тамада Болот Тасмаев 30-июнда 49 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Ал кант диабети илдети менен күрөшүп келген. Мукам үндүү талант “Аманат” ырында “Жан курбум, жашыбай жакшы кал, курбум. Жамынып түндү узадым. Жазганы ошол тагдырдын...” деп ырдагандай, жашоодон эрте кете берди. Эл сыйлаган ырчыны кесиптештери эскеришет.

Болот Тасмаев тууралуу:

Болот Тасмаев 1971-жылы 3-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылында төрөлгөн. Ата-энеси ырчы болгондуктан, алардын жолун улап кичинекей кезинен эле ырдай баштаган. Ош шаарындагы Гагарин атындагы орто мектепти, Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөн. 1991-1992-жылдары алып баруучулук менен алектенген. Тасмаев акын Кыялбек Урманбетовдун калемине таандык "Аманат" ырын ырдап чыгып, ырчы катары элге белгилүү болгон. 2014-жылы "Сен билген жоксуң" аталышында биринчи ыр жыйнагы жарык көрүп, анда 14 ыр камтылган.

Эрнис Бөрүбаев, тамада:

“ООРУКАНАЛАР КАБЫЛ АЛБАЙ КОЮШУПТУР”

– Мен Болот Тасмаевди 1990-жылдардан баштап тааныйм. Анда Болот байке Оштогу стадиондо концерттерди алып барчу. Кийин Бишкекке келип иштеп калды. Биз көптөн бери доспуз, чогулуп отуруп калчубуз. Мен бул кишинин бирөө менен урушканын көргөн эмесмин. Бардык окуянын жакшы жагын көрчү. Дайыма күлдүрүп, күлкүлүү ыр саптарын колдонуп сүйлөчү. Сөзүнүн аягына “сууруп салчы, ыр сүйбөгөн жүрөктү” деп кошуп кетер эле. Бир аз таарынчаактык жайы да бар болчу. Ага айтпай достор чогулуп отуруп калган болсок, “карысак эле бөлүп коёт экенсиңер да” деп таарынып калчу. Байке көп жылдан бери кант диабетинен жабыркап келген. Акыркы кезде аябай алсыз болуп калган. Чакырган жерге ооруп, келе албай жатты. Бирок жакында эле Сары-Челекке эс алууга барган экен. Ошол жактан ооруп келиптир. Кант диабетинин айынан бөйрөктөрү иштебей калыптыр. Андайда заара денеге тарап кетет экен да. Жеңебиз “гемодиализге баралы десем, “гемодиализге барсам, ошону менен жашоом бүтөт” деп болбой туруп алды” деди. Акырында чыдабай калганда “мени аман алып кал” деп жеңебизге жалдыраптыр. Жубайы коляскага салып, ооруканаларды кыдырып, эч бир оорукана кабыл албай койгон экен. Ошентип оорукана издеп жүргөндө көчөдөн үзүлүп кетиптир. Жеңебиз “аман алып кала албай калдым” деп ыйлап жатат. Арты кайырлуу болсун!

Жаныш Момунов, музыкант:

“КӨЗҮ ТИРҮҮСҮНДӨ ТАЛАНТЫ БААЛАНГАН ЖОК”

– Мен Болот байкенин ырларынын аранжировкасын жазып берчүмүн. Биз дос элек. Достор болуп чогулуп, бильярд ойноп калганыбызда Болот байке дайыма утуп алчу, жакшы ойночу.

Болот байке кичи пейил, жөнөкөй, ак көңүл, адамгерчиликтүү адам болчу. Адамгерчилигин баалап, ырларына аранжировка жазып бергенде аны менен эсептешчү эмесмин, “бекер жазып берем” дечүмүн. Бирок ал акчасы болгондо алып келип берип койчу.

Байке жакшы ырдачу, жүрөккө жакын ырларды тандайт эле. Талантын баарыңыздар билесиздер да. Өкүнүчтүүсү, байкенин эмгеги тирүүсүндө бааланган жок. Анткени ал Эмгек сиңирген артист наамын албаптыр. Аны укканда “дагы эле ала элексизби?” деп жаман болгом. “Документтеримди тапшырам” деп жүргөн. Тапшырып жетиштиби, билбейм. Бизде ушинтип таланттардын көзү тирүүсүндө бааланбаганы жаман. Жакында эле мага “ыр алып келем” деп жаткан. Келбей калды, ырдабай да калды. Жаткан жери жайлуу болсун.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Болот Тасмаевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Динара Абдыкадырова,
Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Datkaiymka
2020-07-06 16:30:33
Аябай жаман болдум, жүрөгүм ооруп кетти "Аман алып кал " дегенин окуп ,арты кайырлуу болсун, ыйманы саламат болсун
0
Jamalym
2020-07-08 13:04:09
Эски ырлар кандай сонун,радиодон коюп алып угуп чонойдук го.Жаткан жери жайлуу болсун.
0
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан