Бишкекте 29-июнда сөз эркиндигин коргоого арналып RE’акция 3.0 аталышында нааразычылык акциясы өттү. Себеп – Жогорку Кеңеш кабыл алып президенттин кол коюусуна жиберилген “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамга каршылык билдирүү. Жүздөгөн жаран Ак үйдүн алдына чогулуп президенттен аталган мыйзамга кол койбой артка кайтарууну талап кылышты.
Аталган мыйзамды демилгелеген депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова бул мыйзам интернет желесиндеги “фейктер” менен күрөшүүгө багытталган дешет. Бирок “фейктерге” кантип, кандай рычагдар колдонулуп бөгөт коюларын, дегеле “фейк” дегенди кантип аныкташарын демилгечилер да, колдоп добуш берген эл өкүлдөрү да түшүндүрүп бере албай жатышат. Мыйзамды ишке ашыруу механизмдери иштелип чыкпаганы да сындалууда. Ал эми жарандык коом аталган мыйзам бийликке сын айткан ЖМК жана жарандардын оозун жабуу үчүн иштейт деп коңгуроо кагууда.
Саясатчы Өмүрбек Текебаев да аталган митингге катышты. Айрым уюштуруучулар аны “бүгүнкү митингге сиздин тиешеңиз жок, аны сиз уюштурган жоксуз. Өлкө үчүн ушуга чейин эч нерсе жасаган эмессиз” деп сындап ал жерден кетирүүгө аракет кылышты. Кыргыз өлкөсүнүн сөз эркиндиги жагынан кошуна башка өлкөлөргө салыштырмалуу эркин болушу Текебаев жана анын замандаш-пикирлештери күрөшүп жүрүп сактап калган баалуулуктардын бири экенин уюштуруучулар капарга алышкан жок. Алар Текебаевди “шайлоо алдында электорат издеп келдиң” деп жемелешти.
Митинг сөз эркиндигин сактап калуу чакырыктары жана тийиштүү резолюция кабыл алуу менен аяктады. Мыйзам учурда президенттин кароосунда. Сооронбай Жээнбеков кол коёт же артка кайтарат. Көпчүлүк президентти коомдук пикирди эске алат деп күтүүдө.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg