АРТЫНДА ЧУУЛУУ ИШИ БАР ЗАРЫЛБЕК РЫСАЛИЕВ ПРЕЗИДЕНТТИ МАНАСКА ТЕҢЕДИ

Парламент депутаты Зарылбек Рысалиев президент Сооронбай Жээнбековду Манаска теңеп мактаганы үчүн “кошоматчы” деп сындалууда. 25-июнда депутат Таластагы “Манас-Ордо” комплексинин курулушу бүтпөй жатканын айтып парламент трибунасынан президентке кайрылды.

Сооронбай Шарипович, сиз Кыргыз өлкөсүндө Манас атанын ордуна Манассыз. 1995-жылдан бери “Манас-Ордо” комплексинде өзгөрүү жок. Башка кишинин колунан келбейт, биз Манастын тукуму качан Манас атабызды атка мингизебиз?”- деди Рысалиев.

Бул кайрылуудан кийин Рысалиевди интернет айдыңында “кошоматчы” деп сындоо күч алды.

Жакында кримавторитет Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуп, өлкөдөн качырып жиберүүгө айыпталгандарга сот өкүмү чыгып, алды 11 жылга эркинен ажыратылды. Рысалиев да ошол окуяга тиешеси бар деп тергөөдө жүргөндөрдүн бири. Батукаевди Нарындан Бишкектеги аэропортко чейин калкалап коштоп келген ЖАМКны ал кезде Рысалиев жетектеп турган.

Учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди “журт атасы” дегени үчүн депутат, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов да ушундай сынга кабылган эле.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан