Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан "Кыргызстанда коронавирусту 2 айда токтотуп калууга мүмкүнчүлүк бар болчу" деп жарыялады. Бул тууралуу мурдагы элчи интернеттеги жеке баракчасына жазды.
– Март, апрель, май айларында киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда бийлик Кыргызстанда коронавирусту түп тамырынан бери жок кылып, андан сырткары кошумча ооруканаларды курууга, керектүү дары-дармектерди, дем алдыруучу аппараттарды сатып алууга, медициналык кызматкерлерди кайра окутуп даярдоого үлгүрө алмак. Бирок... Баарыбыз күбө болгондой, жогоруда аталгандардын бири да болбоду!
Элин сыйлаган мамлекеттерде бийлик жогоруда айтылган иштерди жасап үлгүрүштү. Мисалы, Малайзия. Элинин саны биздикинен 5 эсе көп болгонуна карабастан, карантинден кийин ооруга чалдыккандардын саны жокко эсе. Азыр күнүнө ашып кетсе 10 адамдан коронавирус чыгат же таптакыр эле жок. Болсо да, алар өлкөгө кайтып келген жарандарынан же мыйзамсыз жүргөн мигранттардан табылууда.
Баса, коронавирустун шылтоосу менен алынган жарым миллиард долларга чукул акча кайда кетти болду экен?! Ээн калган көчөлөрдү эч пайдасыз дезинфекциялоо үчүн деп жок кылып салышпадыбы?- деп суроо салат Кылычбек Султан.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg