АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ ПНЕВМОНИЯ ДАРТЫ МЕНЕН ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛДЫ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 29-июнда УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду. УКМКнын маалыматына таянсак, дарыгерлер Атамбаевге эки тараптуу пневмония диагнозун коюшту. Коопсуздук комитети "экс-президент дартты адвокатынан жуктуруп алышы мүмкүн" деген жоромолду айтууда. КСДПнын өкүлдөрү дарыгерлерге шилтеме берүү менен экс-президенттин абалын орточо оор деп билдиришти.

Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев “пневмония илдети УКМКнын тергөө абагынан атайын жуктурулду” деп шектенип жатышканын жарыялады. УКМК мындай билдирүүнү “коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруу аракети” деп баалады.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан