ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 6-ИЮЛДАН 12-ИЮЛГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Жаңы келишимдерди түзбөй турган оң. Жумушта маселе болсо кесиптештерге, жеке маселелер болсо дос-тууганга сырды ачык айтып кеңеш алыңыз. Бул аптада сизге эч ким жамандык каалабайт. Маанайды түшүрбөй, көңүлдүү болууга аракет кылыңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Ишиңизге байланыштуу профессионалдык дараметиңиз жогорулайт. Бул каржы жагынан да жакшы натыйжа бермекчи. Апта ичи ишке жыш болгондуктан, арасынан маанилүүсүн гана пландап алып жасаган туура. Жан дүйнөнүн тынчтыгына да убакыт берүү керек.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Конфликтке жеткирчү талаштардан алыс болуңуз. Маанай түшүргөн адамдар менен урушпай, өзүңүз үчүн туура сезилген тактика менен жооп кайтарыңыз. Жакындарыңыз менен пикир келишпестик жаралбашы үчүн алардын кылган ишин сындап, катуу айтпаңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Ишке болгон көңүл, каалоо жоголуп, өзүңүздү алсыз сезесиз. Андыктан азыраак тыным алып, эс алууга да көңүл буруңуз. Пландаган маанилүү жолугушуулар же иштер кайсы бир кырдаалдан улам токтоп калышы күтүлөт. Адамдар көп топтолгон жайлардан оолак болуу сунушталат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Айланаңызда болуп жаткан жагымсыз окуяларга аралашпаңыз. Ал сизге залакасын тийгизиши мүмкүн. Убакытты туура эмес пайдалануудан кайсы бир маанилүү окуяны өткөрүп жибересиз. Жагымдуу адамдардын курчоосунда болосуз. Бул апта негатив үчүн эмес.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бул апта сизге көп мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Андыктан коркпой эле оор иштерди, маанилүү жолугушууларды пландай бериңиз. Бойдокторду тагдырында бурулуш жасоочу жолугушуулар күтүп жатат. Бакытты колдон чыгарбайын десеңиз, кол сунган адамга жан дүйнөңүздү ачыңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Агым менен сүзүп кете бербей, баш-аякты жыйыңыз. Пландарды түзүп, маанилүү ишке киришүүгө убакыт келди. Аткарылбай калган нерсе болсо колду бошотуп, багынып калбай тырышыңыз. Сүйүктүүңүз колдоо көрсөтөт. Арзан, бирок сапаттуу буюм сатып алып кубанасыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чыгармачылык дараметиңиз жогорулап, өзгөчө таланттарыңыз ачылат. Кайсы бир ишиңиз эл тарабынан колдоого алынып, зоболоңуз көтөрүлөт. Ийгиликти колдон учурбаңыз, пайдалуу иштерди жасап калууга жетишиңиз. Сүйүктүү ишиңизге же хоббиңизге көбүрөөк убакыт бөлүңүз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жашыруун сырыңызды бирөөгө айтпаңыз. Жакын адамыңыз болсо да бирөөгө айтып коюп, пландарыңызды үзгүлтүккө учуратат. Ал тургай өзүңүзгө каршы колдонулушу да ыктымал. Сүйүктүүңүз менен келишпестик жаралат. Каржы маселеси боюнча көйгөйлөр келип чыгат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Үйдөн чыкпай эле бүтүрчү иштерди алдыңкы планга чыгарыңыз. Ысыкта көчөгө чыгуу ден соолукка терс таасирин берип, жасаган ишиңизден майнап чыкпай калат. Эс алууну пландаңыз. Жакындар менен болгон карым-катышты бекемдеп, улуу муундун көңүлүн алыңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жан дүйнө эмнени каалап жатса ага каршы чыкпай, ошол агым менен кетүү керек. Интуиция туура нерселерге багытташы күтүлүүдө. Эгер кайсы бир ишти аткарууну каалабай жатсаңыз, өзүңүздү кыйноонун кажети жок. Жакындарыңыз, жоро-жолдош, тууган-уруктан колдоо алып кубанасыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Бардык нерседен этият болуңуз. Техника каражаттарын башкарууда сактык талап кылынат. Ден соолукта маселе жаралбашы үчүн муздак ичүүдөн, эл көп жайга баруудан баш тартыңыз. Каржылык тартыштык болбосун десеңиз, кечелерге барууну чектеңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан