ИММУНИТЕТТИ ЧЫҢДООЧУ 3 ЫКМА

Азыркы учурдагы COVID-19 пандемиясы бүтүндөй дүйнө элин коркунучка кептеп турган чагы. Дарыгерлер вирус жаңы жайыла баштаганда эле “ишенгениңер – иммунитетиңер болсун” деп коңгуроо кагышкан. Буга чейин иммунитетти көтөрүүчү тамак-аштар тууралуу жазганбыз. Бул ирет организмдин саламаттыгын камсыздоочу башка факторлор тууралуу айтып беребиз.

1. ЭЛДИК ЫКМА

Адатта сасык тумоо менен ооруп калганда гана сарымсак, пиязды тамагыбызга чийкилей көп өлчөмдө кошуп жей баштайбыз. Ошондой эле лимон менен бал салынган чай ичип калабыз. Бул азыктарды соо туруп деле жеп, ичүү керек.

Бал – А, В, С, Е, К жана фолий кычкылына бай. Эгер балга аллергияңыз жок болсо, анда бул рецепттер дайыма ашканаңызда болсун.

Бир даанадан имбирь тамыры, лимон жана 5-6 өрүк кагын жууп, блендер менен майдалаңыз. Аны 250 грамм балга кошуп, бирдей массага келгенче аралаштырып, айнек идишке куюп сактаңыз. Күнүгө эртең менен ачкарын 1 чай кашыктан жеңиз. Ошондой эле 1 стакан жылуу сууга салып да ичип алса болот. Жарым сааттан кийин тамак ичиңиз.

250 грамм балга 3-4 кара өрүк жана өрүктүн кагы, бир аш кашыктан мейиз (киш-миш), ит мурундун мөмөсү, грек жаңгагын жууп майдалап салабыз. Аралаштырып, айнек идиште сактаңыз. Эртең менен ачкарын 1 чай кашыктан жеп, артынан жылуу суу ичүү керек.

Ит мурун – мыкты антибактериалдык касиетке ээ. Ошондой эле С витаминге абдан бай. Бул жагынан ит мурун лимон менен карагаттан ашып түшөт. Ит мурундун мөмөсүнөн 1 ууч алып жууп, үстүнө 1 литр кайнак суу куюп, суу муздаганча коюп коюңуз. Таттуураак ичкиңиз келсе, мейиз да кошуп койсоңуз болот. Муну суусундук катары ичиңиз.

Көк чай – эмгекке жарамдуулукту чыңдап, мээнин иштешин шарттаган алкалоид затын камтыйт. Ошондой эле кан тамыр ооруларынын алдын алуучу, айыктыруучу полифенол затына да бай. Кара чайды колдон келсе көк чай менен алмаштырган оң. Эгер кан басымыңыз төмөн болбосо, каалаган маалда демдеп иче берүү керек.

Сарымсак – зыяндуу микроорганизмдерди өлтүрүүчү, иммунитетти көтөрүүчү жана стресске туруктуулукту камсыздоочу аллицин затына бай табигый антибиотик. Эгер иш күндөрү сарымсактын кескин жытынан качып жебей жатсаңыз, жок дегенде дем алыш күндөрү тамак рационуңузга кошуңуз. Ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнө көп сунуштаңыз. Эң оптималдуу жолу – 2, 3 даана сабизди жууп, сүргүчтөн өткөрүп, 2 тишче сарымсакты майда туурап, экөөнү аралаштырып салат жасап жеген жакшы.

Мындан тышкары лимон, алоэ ширеси, женьшень тамырын көп пайдаланыңыз. Кочкул эхинацея, каакым гүлү, кызыл мыя, зверобой, шалфей сыяктуу дары чөптөрдүн тундурмасын ичүү сунушталат. Тундурмаларды кайнатып ичерден мурун дарыгер менен кеңешүү керек!

2. СУУ МЕНЕН ПРОЦЕДУРАЛАР

Организмди сергектикке көндүрүүдөн мурда өнөкөт ооруларыңызга каршы келген кадамдарды тизмектеп алыңыз. Мисалы, бөйрөк, өпкө оорулары менен жабыркагандарга муздак сууга жуунуу сунушталбайт.

Муздак ванна. Мында адам 15 градустан жогору эмес муздак сууга түшүүсү керек. Алгач муздак сууда кармалууну 3 мүнөттөн баштаңыз. Андан кийин 1-2 мүнөттөн кошуп, күн сайын кайталоо керек.

Ным сүлгү менен сүрүнүү. Сүлгүнү суулап алып шайдоот кыймыл-аракет менен көкүрөктү, моюнду, жонуңузду, бөйрөк туш жана буттарды сүргүлөңүз. Сүлгүнү суулаган суунун температурасын алгач 30 градустан баштаңыз. Бара-бара дененин көнүшүнө карап сүлгүнү суулай турган суунун температурасын төмөндөтүңүз. Муну да күн сайын кылуу керек.

Суу куюнуу. Муну колдон келсе эртең менен кылган жакшы. Алгач дененин айрым бөлүктөрүнө (сандан ылдый, акыректен ылдый колдорго) бөлмө температурасындагы суу куюу керек. Бир нече аптадан кийин, дене көнө баштаган соң баштан ылдый бүт денеге суу куюу сунушталат. Бара-бара суунун температурасын бөлмө температурасынан улам төмөндөтүп жүрүп отуруу керек.

Ысык-муздак душ. Жүрөк жана кан тамыр ооруларынын алдын алат. Алгач дене күйбөгүдөй жылуу суу менен 10 секунд жуунуп, андан соң муздак суунун алдында 10 секунд туруу керек. Душ алууга шарт жок болсо жылуу жана муздак 2 чака суу даярдап алып, чөмүч менен алмак-салмак куюнса болот. Жайкы аптаптан пайдаланып ушундай процедураларды күн сайын жасаңыз.

Жылаңаяк басуу. Жашыл чөптүн үстүндө, ысык асфальтта, кумдуу жээкте жана айнек, майда, учтуу темир-тезеги жок короонун ичинде деле жылаңаяк басуу абдан пайдалуу. Эгер мындай шарт жок болсо, ванна же дагарага муздак суу куюп, күнүгө 5 мүнөт туруудан баштаңыз. Бара-бара убакытты созуп жана суунун температурасын муздата бересиз.

3. ФИЗИКАЛЫК АКТИВДҮҮЛҮК

Бир калыпта жана үзгүлтүксүз спорт менен машыгуу иммунитеттин бекемделишин шарттайт. Бирок сиз спорттук мелдештерге же жарышка катышпасаңыз, анда денеге күч келтирбеген спорттун түрүн тандаңыз. Спортчулардын деле ден соолугу ар дайым чың боло бербейт. Анткени аларда атаандаштыктан улам стресс, гормоналдык өзгөрүүлөр жана физикалык оор машыгуулардан организмге күч келип, энергия көп сарпталып кетет. Спорт менен машыгуудагы адамдын максаты – организмдин коргоочу функцияларын күчтөө, биологиялык куракты жашартуу болуусу керек.

  • Жашоонун сергек образы үчүн:
  • Чуркоо (өпкөнүн иштеши, кан айлануу жакшырат)
  • Велосипед тебүү
  • Жөө басуу (күнүнө жок дегенде 40-60 мүнөт)
  • Скакалка менен секирүү
  • Сөөктөрдү ийүү, булчуңдарды чоюу (стретчинг)
  • Планкага туруу (булчуңдар бекемделет)

Азыр баарыбыздын колдо смартфон бар. Интернеттен машыгуулардын комплексин камтыган атайын тиркемелерди жүктөп алып машыксаңыз да болот. Спорт менен активдүү машыккан адамдардын вирустук инфекция менен ооруп калуу коркунучу 50 пайызга төмөндөй турганы аныкталган. Ошондой эле суу көп ичүү, эң негизгиси углеводго караганда белоктуу тамактарды көп жеп, туура тамактануу да маанилүү факторлордун бири.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
love_story
2020-07-06 11:20:49
Буттун тамандары эмне учун туну менен уктатпай кызыйт, тизеден бутка чейин муздак болот ? Кандай чара коруу керек? Ушул суроого жооп алып бериниздерчи.
0
Krai
2020-07-10 10:49:39
Карагылачы эң эле жөнөкөй эң эле оңой нерсе экен ошону да туура пайдаланбайт экенбиз
0
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан