Мирлан Бакиров, Жогорку Кеңештин вице-спикери: “КАНЧА СЫН АЙТЫЛСА ДА ПАРЛАМЕНТ ӨЗ МИССИЯСЫН АТКАРУУДА”
Кезектеги сессияны жаап, Жогорку Кеңештин депутаттары 2 айлык каникулга тарашты. Парламенттин VI чакырылышынын иши, чуулгандуу окуялардагы депутаттык корпустун позициясы, алдыдагы шайлоолор тууралуу вице-спикер Мирлан Бакиров менен маектештик.
– Мирлан мырза, акыркы жылдары Жогорку Кеңешке карата сын кескин күчөдү. Парламент эмне үчүн элдин ишенимине ээ боло албай жатат деп ойлойсуз?
– Парламент – мезгил-мезгили менен сынга кабылып турчу орган. Бизде эле эмес, бардык өлкөлөрдө ушундай. 2010-жылкы Конституцияга ылайык, жаңы систем менен жашап жатабыз. Бизде парламент ачык, жарандык коом активдүү. Бул үчүн биз өзүбүз да жардам бердик. Мисалы, мен парламентти өнүктүрүү стратегиясы боюнча комиссияны жетектедим. Эл аралык донорлордун, жарандык коомдун пикирлерин эске алып жаттык. Мына, жалпы жыйындар, комитеттин отурумдары түз эфирден көрсөтүлүп жатат. Радиодон түз эфир берилет. Мунун баары биздин ачыктыкка умтулуубуздун жыйынтыгы. Коомчулукта айтылган сын-пикирлердин көбүнө макулмун. Депутаттардын жыйынга катышуусу, добуш берүү процесси, чуулгандуу иштерди кароо боюнча айтылган сындарды туура эле кабыл алам. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Кандай сын айтылса да парламент өзүнүн тарыхый миссиясын аткарууда. Азыркы парламенттин депутаттык комиссиялары бир топ чуулгандуу иштерди ачыкка чыгарды, коррупция менен күрөшкө таасир этти. Бир топ олуттуу мыйзамдар кабыл алынды.
– Талаштуу мыйзамдар дагы... “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамды парламент катуу каршылыкка карабай кабыл алды. Сиз дагы “макул” деп добуш бердиңиз. Позицияңызды эмне менен түшүндүрөсүз?
– Мыйзамдын маңызына токтолсок, анда эч кандай сөз эркиндигин чектөөчү санкциялар жок. Эгер ЖМК же жаран расмий каттоодон өтсө, анын пикир айтуусун эч ким чектебейт. Азыр “фейк” дегендер пайда болуп жатпайбы. Алар мамлекеттин коопсуздугуна, азык-түлүк коопсуздугуна, айрым үй-бүлөлөрдүн жеке коопсуздугуна таасир этип койгон учурлар болуп жатат. Ошолорду тартипке салуу жөнүндө сөз болууда. Кыргыз эли ушак менен эмес, уламыш менен жашап келген улуу эл. Сөз багып, калыстыкка баа берип жашайт. “Маалымат булагы” дейбиз, эгер булактын көзү булганган болсо, анда коом да булганат. Биздин коом таза, так маалыматка сугарылышы керек.
– Бул мыйзам кагазда жазылгандай эмес, бийлик каалагандай иштейт деп айтылып жатат...
– Андай кооптонууга макул эмесмин. Тескерисинче, айрымдар митинг аркылуу сөз эркиндиги дегенди башка нукка буруп бараткандай таасир калтырууда. Адегенде мыйзамды окуп чыгышса... Эми деле кеч эмес. Балким, макулдашылган вариантты иштеп чыгууга болор.
– 10 жылдык тажрыйбадан кийинки ой. Кыргызстан парламенттик башкаруу системи менен өнүгө аларына көзүңүз жеттиби?
– Бир жолду тандап алган соң артка кылчактай бербей, алдыга жылганыбыз туура. Анын үстүнө президенттик башкаруунун кандай болорун эки жолу көрдүк да. Албетте, бул системдин кемчиликтерин да көрүп жатабыз. Мисалы, айрым фракциялар жоопкерчилик сезбей жатышат. Келерки шайлоодо 2 же 3 партия өзүнө жоопкерчиликти алып коалиция түзүшү керек.
Менимче, азыркы систем партиялардын бири 60 мандаттан көп орун алат деген негиз менен түзүлгөн. Жок дегенде 2 партия 65 мандат алат, өкмөттү да өзү бекитет деген ой болгон. Бирок андай болгон жок. Эгер парламентте көпчүлүктү 2-3 өнөктөш партия албаса, интрига, коалицияны буза коюп өкмөттү таратып жиберүү өңдүү талаш-тартыштар улана берет. Келерки шайлоодо шайлоочулар да жоопкерчиликти сезиши керек. Туруктуу өкмөт болмоюнча экономика алдыга жылбайт. Мисалы, бүгүн бир министр инвестор менен келишим түзүп келди, эртең коалиция бузулду, бүрсүгүнү башка министр барса алар “биз кимиңер менен иштешебиз?” дейт да.
– Соңку 10 жылда эки жолу парламент, эки жолу президент алмашты. Чечкиндүү реформалар жасалбай, саясий турмуш бир калыптагы салттуу жүрүш менен баратат. Өлкөнү тормоздоп жаткан негизги 3 маселени атап бересизби?
– Биринчиси – өкмөттүн тез-тез алмашып жатышы. Экинчиси – өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчиликсиздиги. Үчүнчүсү – калыптанып калган коррупциялык схемалар. Чырмалышып, ага мамлекеттик органдар табакташ болуп алган системдер бизде абдан көп. Темир жол, энергетика, тоо-кен тармагы... Бул маселелерди чечүү жай жүрүүдө. Бир тарабынан коррупцияга каршы күрөшүп кетсең артыңдан эле кайра уурдап башташууда.
– Кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иши тууралуу кандай пикирдесиз?
– Депутаттык комиссия – конституциялык орган. Тигиндей иштеди, мындай иштеди деп менин баа бергеним туура эмес. 7 ай иштеп, өз корутундусун чыгарды. Эң башкы маселе – аты аталган тараптарга, тагыраагы, Матраимовдорго коомчулуктун пикирин өзгөртүү аракети болгон. Башынан эле бир адамды коомчулукка жаман көрсөтүүгө багытталган атайын иш болгону комиссия жыйынында көрсөтүлгөн видеотасмада да айтылды. "Өлкөдөн чыгарылып кетти" делген акча журналисттик иликтөөдө айтылгандай 700 эмес,
932 миллион доллар экени айтылды. Ал каражаттар Өзбекстандын, Тажикстандын, өлкө ичиндеги ишкерлердин сыртка товар үчүн которгон акчасы экендигин комиссия так аныктап, чекитти койду. Биз укуктук мамлекетпиз, кааласак-каалабасак да мамлекеттик органдарга, депутаттык комиссияга, алардын берген маалыматына жана корутундусуна ишенишибиз керек. Ишенбеген тараптар болсо, сотко кайрылып, такташып алууга мүмкүнчүлүк бар.
– Коронавирус боюнча... Өкмөттү угуп жатасыздар, элди алдыда эмне күтөт? Жарандарда өзүнө ишенүүдөн башка арга калбадыбы?
– Коронавирус пандемиясы Кыргызстандын да шайын кетирип турган учур. Экономика, саламаттыкты сактоо жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча абал жакшы эмес. Мындай учурда ар бир жаран өз саламаттыгы үчүн кам көрүшү керек, вирустан санитардык нормаларды сактоо гана коргойт. Вирус жуктуруп алгандар күн сайын өсүп жатат, бул – медицина элге жардам берип үлгүрбөй калды дегендик. “Оору жок, бул саясат” дегендерге ишенбей, министрлик, республикалык штаб айтып жаткан эрежелерди так сактоого тийишпиз. Экономикалык көрсөткүч жакшы эмес, бюджетте эмгек акы, пенсия, жөлөк пул, тамак-аш жана дары-дармекке деген корголуу гана беренелер калды. Башка беренелер кыскартууга учурады.
– Алдыда парламенттик шайлоо, кайрадан шайлоочулардын алдына барасыздар. 5 жыл мурун шайлоо алдында берилген убадалар боюнча жооптор даярбы?
– Депутаттын негизги милдети – мыйзам чыгаруу. Биз жазган мыйзам жалпы Кыргызстанга таасир этет. Бир жылдай агрардык комитетти жетектеп, жалпы айыл чарбага кандай колдоо керектигин билдим. 2 мыйзамга токтолсом: Жаңгак плантациясы боюнча мыйзам даярдап, Жогорку Кеңеш кабыл алды. Молдовадагыдай 15 миң гектар жерди жаңгак плантациясына айлантып, жылына 100 миллион доллар киреше тапсак болот. Экинчиси – балык чарбасы жөнүндө мыйзам жаздык, бул дагы келечектүү демилге. Мисалы, Нарын дарыясынын Кара-Көл шаарынан Таш-Көмүр шаарына чейинки бөлүгүнө 10 балык чарба түзүүгө болот. Ар бири миң тоннадан өндүрсө деле жылына 10 миң тонна балык өндүрүлөт. 10 жыл мурун 1000 тоннага жетпеген балык өндүрүлсө, былтыр өлкө 4 миң тонна балык экспорттоду.
– Жакшы. Келерки парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясын баштап барганы жатасыз. Эмне үчүн бул партияны тандап алдыңыз?
– Бизде 15тей активдүү партия такай шайлоолорго катышып жүрөт. “Мекеним Кыргызстан” партиясы 2015-жылы түзүлгөн. Өзгөчөлүгү – буга чейин жаңы, жаш күчтөр менен жергиликтүү шайлоолорго катышып ийгилик жаратканы. Эл үмүт, ишеним артып турганда алдыга чыгып, багыт берели. Мага командадагы балдардын экономикалык, интеграциялык көз караштары жакты. Сүйлөшүүлөр жүрүп, чечим кабыл алдым. Буюрса, партияны шайлоого жетектеп барам. Жыйынтыкты убакыт көрсөтөт.
– Чарчадыңызбы? Алдыда эс алуу пландары барбы?
– Жок, 45 жаш деген иштей турган мезгил. Эс алуу үчүн мага 1 апта убакыт жетиштүү. Айылда өскөнбүз, айылга барып ат минүү, тоо аралоо эс алдырат.
– Үй-бүлөңүздө маанай кандай? Коркунучтуу илдеттен кантип коргонуп жатасыздар?
– Эл катары. Көп кабаттуу үйдө тургандыктан сыртка себепсиз чыкпайбыз. Айрыкча балдарга этият болууга аракет кылып жатабыз. Кыргызда “бала оорубасын” дейт эмеспи. Жарандарды өздөрүнө, айрыкча балдар менен карыларга жакшы көңүл бурууга чакырам.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.