ОРУС ЫРЧЫСЫ “МУРАС” ЫРЫН КАВЕР АТКАРДЫ

Орусиялык ырчы, Чечен Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алиса Супронова Мирбек Атабековдун “Мурас” ырын кавер аткарды. Ырчы өзүнүн аткаруусундагы ырды Инстаграм баракчасына жүктөп, “сонун ыр үчүн Мирбек Атабековго рахмат” деп жазган. Алиса Супронова ырга өзү аранжировка жасап, “Мурастын” 3-куплетин орус тилине которуп ырдаган. Бул тууралуу Алиса Супроновага байланышканыбызда буларга токтолду:

– Мен ар кайсы улуттун ырларын аткарып Youtube каналыма жүктөп, ырды катталуучуларым менен талкуулайм. Угармандар мага ырларды сунушташат. “Мурасты” Анвар аттуу катталуучум сунуштап калды. Ырдын сөзү да, обону да аябай жакты. Аранжировкасын жазып, 3-куплетин орусчага которуп ырдадым. Анткени менин угармандарымдын көбү орус тилдүүлөр. Мен кайсы улуттун ырын аткарсам, алгач ошол улуттун алфавитин үйрөнүп, тарыхын изилдеп чыгам. Анан гана ырдын сөздөрүн которуп, түшүнөм.

“Мурас” ыры аркылуу кыргыз маданияты менен тааныштым. Мен өз каада-салтын барктаган, ата-бабаларын унутпаган ар бир улутту сыйлайм. Мирбек Атабеков менин ырдаганымды өз баракчасына жүктөп, жагымдуу сөздөрдү айтты. Ага чоң рахмат. Мени урушпай, кабыл алган кыргыз элине рахмат. Кандай ырдаганыма кыргыз эли баа берсин.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков орус ырчысы кыргызча так ырдап чыкканына кубанганын айтат:

– Мага башында “Мураска” кавер аткаруу үчүн уруксат сурап Инстаграмдан жазышкан. Мен уруксат бергем. Ким экенин билген эмесмин. Чечен Республикасынын Эмгек сиңирген артисти экенин кийин билдим. Алиса Супронова Кыргызстанда өспөсө да, кыргыз тилин билбесе да, кыргызча таза ырдаганын жактырдым. Үнү да жакшы экен. Орусча да которуп ырдаптыр. Анысы да жакты. Кыргызстанды жалаң жаман окуялары менен эмес, маданиятынан да таанып жатышканы мени кубандырат. Алисанын өзү менен сүйлөшө элекмин. Буюрса, Орусияга барганда аны менен жолугуп, таанышып келем деген ниетим бар.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан