Шайыр Батыралиева, жабырлануучу: “АКЧАСЫ БАР КИШИНИН БАРДЫК ИШИ БҮТӨТ. СОТТОШУУГА АЛЫМ ЖОК”

Жакында интернет желесине 2 эркек киши бир жигитти сабап, ажыратууга келген аялды жаткыра тепкени тартылган видео тараган. Окуя Бишкек шаарынын четиндеги Адилет конушунда жер талаштан улам болгону айтылган. “Жаш баладан тепки жегениме азыр да жүрөгүм ооруп турат” дейт жабырлануучу Шайыр Батыралиева.

“БАЛАМДЫ УРУП ЖАТЫШКАНДА БОЛУШАЙЫН ДЕГЕМ”

– Биз Адилет конушунда жашайбыз. Өзүм тигүү цехтеринин биринде тигүүчү болуп иштейм. 5 балам, 4 неберем бар. Эч кимге зыяныбыз тийбеген эл катары эле үй-бүлөбүз.

Талашка түшкөн жерди балам үй куруп алсын деп 2007-жылы алганбыз. Ошол жылдары көпчүлүк басып алуу жолу менен жер тилкелерге ээлик кылып калбадыбы. Бирок жерди ченетип, картасын чийдирип, документтерин мыйзамдаштырып койгонубузга көп болду. Азыр документ берилип, ошол жерлер мыйзамдашып жатат. Анткени менен баары эле документ ала элек. 10 жылдан бери жер талаш менен келе жатабыз. Ал жерге үйлөр түшө баштаган. Ошондо жердин ээсимин деп келген адам жерди бизден ала турган болгон. Ошол жактагы эл көтөрүлүп жатып, сураган сумманы берип кайра алганбыз. Ал иш бүтүп, документибиз айыл өкмөткө тапшырылгандан кийин булар талаша башташты. Мени тепкен жигиттин ошол жакта үлүш жери бар экен. Алар биз жерибизге үйдүн пайдубалын кургандан кийин келишип, “тилкебиздин бети ойдуң экен. Топурак менен толтуруп, тегиздейли” дегенинен макул болгонбуз. Көрсө, алар жерди башка бирөөгө сатмак экен. Алар “биздин жерге кирип кетиптирсиңер, документиңер жок эч нерсе кыла албайсыңар” деп талашып жүрүшөт. Айыл өкмөттөн каратсак “алардын үлүшүнө кирбейт, талашууга негиз жок” дешти. Мурун эле сүйлөшүп чечилген эле, эми минтип кайра баштап жатышпайбы.

Ошол күнү жумуштан келсем, тиги кишилер кезектеги кардарына жерди көрсөткөнү келишиптир. Балам ишке аралашып, жерин коргогону барса, аны топтошуп алып уруп жатышкан экен. Энемин да, баламды уруп жатышса карап тура берет белем? Болушайын деп арачы түштүм. Токтоп калышабы деп барсам, токтой турган түрү жок. Далил үчүн телефонго тартып калайын деп ойлодум, бирок коркконумдан тарта деле албаптырмын, жөн эле кармап тура бериптирмин. Мени кармап жолотпой жаткан бирөөнүн бутуна чалынып жыгылып кеттим. Менин аял экениме карабай бирөө келип жыгылып калган жеримден жерге жаткыра тепти. Окуя болгон жерде тургандардын баары тигилер тараптын кишилери болчу. Ал жерде уулум экөөбүз гана жалгыз болуп калдык. Окуяны ары жактан бир жаш бала видеого тартып алып, ошондон интернетке тарап кетиптир.

“МАЛЧА КӨРБӨЙ ТЭЭП САЛГАНЫНА АЗЫРКЫ КҮНГӨ ЧЕЙИН ЖҮРӨГҮМ ООРУП ЖАТАТ”

– Кусуп, башым ооруп, ошол күнү эле ооруканага баргам. Баш мээм чайкалып калыптыр. Ушундай тепки жегениме моралдык жактан да жабыркап, жүрөгүм ооруду. Көпкөн неме да, ошон үчүн тепти.

Мени тепкен адамдын жакындары “жериңер мыйзамдуу эмес экен, залакасы тийип калат, андан көрө элдешип, тынч бүтүрүп алгыла” дешти. Апасы, мени тепкен бала жана бир туугандары келип кечирим сурашты. “Жериңерге тийбейбиз” дешти. Жакшынакай бир туугандары бар экен. Карыган энеси ушул жерде ыйлап отурду. Мен деле энемин да, жүрөгүм түткөн жок. Балдарыма да зыяны тийип калбасын деп тосмо арыз жазып бердим. Дарыланганыма деп 500 доллар беришти. Мен деле сотко берип сүйрөлүп жүргүм келген жок.

Мени тепкен баланы жүрөгүм менен кечирген жокмун. Кудай өзү таразалаар. Ушунчалык айбандыкка барып, малча көрбөй мени түртүп, анысы аз келгенсип көмөлөтө тепти. Аял кишиби, энеби деп ойлоп да койгон жок. Милиция чакыртканда качып кетип калышты. Баламдай болгон баладан тепки жегениме аябай ардандым, азыркы күнгө чейин жүрөгүм ооруп жатат. Элдин бизди колдогонуна рахмат. Ал бала жерди мыйзамдуу сатып жатабы, аны эч ким карабайт. Акчасы бар кишинин бардык иши бүтөт экен. Соттошуп алар менен тирешкидей алым да жок. Жериңизге тийбейбиз дегенине эле сүйүндүм.

“ТАРАПТАР ОРТОСУНДА ЖЕР ТИЛКЕСИН ТАЛАШУУДАН УЛАМ ЧЫР ЧЫККАН”

Аталган окуя тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы төмөнкүчө маалымат берди:

– Ушул жылдын 26-июнь күнү милиция кызматына Адилет жаңы конушунда коңшулар арасында чыр болуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Чакырылган жерге Бишкек шаардык патрулдук милициясы барып, саат 16:00 чамасында 30-35 жаштардагы эки киши 28 жаштагы Б.А. менен анын 47 жаштагы апасы Ш.Бнын денесине залал келтиришкенин аныкташкан. Жабыркаган аял жана анын баласы Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене ("майда бейбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, бейбаштыкка шектелген 48 жаштагы М.М. жана 38 жаштагы М.Д. кармалып, милиция бөлүмүндө сурак беришти. Алдын ала иликтөө боюнча, тараптар ортосунда жер тилкесин талашуудан улам чыр чыкканы белгилүү болду. Учурда кылмыштын чоо-жайы толугу менен иликтенип жатат. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Коомчулукта аялзатына болгон зордук-зомбулукту жоюуга далалат кылынганы менен, бул иштен майнап чыкпай келет. Видеодо аялды жерге жаткыра тепкен адам нааразычылыкты жаратты. Арачы түшкөн аялды тааныса-тааныбаса да ал аял экенин көрүп туруп жерге жабыштыра тепкени – өз энесин, эжесин, карындашын тепкенге барабар. Мындай аялга карата жасалган мамиле, тилекке каршы, азыр да, бүгүн же эртең өлкөнүн кайсы бир бурчунда кайра кайталанбасына кепилдик жок.

Талашка түшкөн жер жана аялды тепкен окуя боюнча экинчи тараптын да пикирин угалы деп аларга кайрылганыбызда, комментарий берүүдөн баш тартышты. Алардын айтымында, жаңжалга катышкандар милицияга сурак беришүүдө.

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Bakbai
2020-07-06 11:16:52
Туура айтасыз эже Аллахым жазасын берсин бутун сынгыр зоокурду
+14
katerina.li
2020-07-06 15:03:53
Каргайын дейм Кудайдан корком. Кудай озу таразалаар
+9
asash
2020-07-06 18:47:33
Мына кыргыз бийлигинин тусу, ырахмат эже,кыргыздын бир жонокооой адамы экенсиз, кудайым сизге бекем ден соолук берсин,кимдин акчасы болсо,таанышы болсо жашайбы, мындай окуяларга укук коргоо органдары незамедлительно реакция кылыш керек,ар бир адам озун эркин сезип жашаш керек, умут чон болчу соке.
+7
Dushabolna
2020-07-07 15:20:30
Документиниз болсо башка бироого эле сатып жиберин да. Башка жактан ошол акчага жер алыныздар. Булар Уй салсаныздар да проблема болот го
+4
Jamalym
2020-07-09 01:01:22
Эртен эле сен да ошол эженин жашына барасын.Кайтаар дуйно тообо кыл.
+3
Dani
2020-07-10 23:34:36
Дагы жакшы видиого тартылып калыптыр,жашбалага Рахмат видиого тартканына
+2
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан