Маектешим «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2019-жылдын сахна адамы», ырчы, обончу, актёр, продюсер жана ишкер Съездбек Искеналиев. Жакында төртүнчү ирет ата болуп, кубанып турган ырчы мырза позитивдүү маанайда кызыктуу маек курду.
– Саламатсызбы, Съездбек байке? Жакында перзенттүү болдуңуз. Куттуктайбыз!
– Саламатчылык! Чоң рахмат. Үйгө кирип келатканда кермеде наристенин кийимдери, жалаяктары жайылып, желге термелип турат. Ошол сонун көз ирмемдер мага жагат. Биз ошол бакытка ээ болуп отурабыз. Кудайга ыраазыбыз. Кызыбыздын атын Аруужан деп койдук.
– Кырк жылкылуу болуптурсуз да...
– Кудай буюрса, 120 жылкым бар (күлүп). Буга чейин биздин эки кызыбыз, бир уулубуз болгону үчүн уулубузга шерик болсун деп уул күткөнбүз. «Уулдуу бололу» деп эсептетип баланын төрөлүшүн пландадык. Бирок Кудай бизге кыз берди. Бир байке «Кудай кызды аздектеген үй-бүлөгө гана кыз берет» деген жакшы сөз айтты. Азыр кызыбызды баарыбыз аябай жакшы көрөбүз. Уулум да инилүү болууну каалаган. Бирок азыр бизден өтүп жакшы көрүп, «ананайын, секет кетейин» деп эркелетип жатат. – Балдарыңыздын ичинен чыгармачылыкка жакыны барбы?
– Улуу кызым Даткайым чыгармачылыкка жакын. Учурда Пётр Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинде окуйт. Өзү «чыгармачыл адам болбойм. Мугалим болом» дейт. Балдарым өзү каалаган кесиптин ээси болсун. Аларга эч нерсени таңуулабайм. Бирок ар бир балама музыкалык билим бергим келет. Алма сабагынан алыс түшпөйт дейт го. Эртеңки күнү ырчы, музыкант болгусу келип калышы мүмкүн. Эң негизгиси, музыка менен азыктанган бала жаман адам болбойт.
– Карантин маалында «элдин эсебинен акча таап жүрүп, эми унчукпай отурасыңар» деп ырчыларды коомчулук сынга алып жатты. Кандай кабыл алдыңыз?
– Туура кабыл алдым. Чын эле элдин адамыбыз да. Алардын бизге сын айтканга акысы бар. Ошол эле учурда колдогондор болду. Мен колумдан келген жардамымды коомчулукка жарыя кылбай эле бердим. Элге чыгарсаң да, чыгарбасаң да жаман. Кыскасы, ал учурда эл кимден ачуусун чыгарарын билбей турган. Анан ырчыларга бир тийди. Элге таарынбаш керек, дегеле эч кимге таарынбаш керек. Оорунун баары таарынычтан, ичи тардык, көрө албастыктан башталат.
– «Мына минтип» деген ырыңыз да сынга кабылды. Аны да туура кабыл алдыңызбы?
– Сынды туура кабыл алам. Сын менен мактоо мени ушул күнгө алып келип отурат. Бирок «жеңил-желпи ыр» дегендерге кошулбайм. «Мына минтипке» сын айткандан тышкары талдап түшүнгөндөр да болду. Ырдын сөзүндө такыр калет жок. Кыргыздын бийин, кыргыздын аспаптарын колдонуп музыкасын даңазаладык. Сөзү ага дал келет. Бул ыр эмне үчүн хит болду? Анткени «мына минтип» деген сөз көп колдонулат. Элдик музыкаларда, күүлөрдө да бул сөз колдонулат. Бул элге сиңген кайрык.
Залкар композитор Абдылас Малдыбаев атабыз «Мына минтип» аттуу балдар ырына обон жазган. Ал «Тоголонуп топ түштү. Топ артынан биз түштүк. Мына минтип, мына минтип» деген ыр. Бул ыр «Алтын фонддо» бар. Мен ушул обонду азыркы учурга ылайыктап, өз вариантыма салып, жаңы аранжировка жасатып, элдин жүрөгүнө сиңген дүйнөлүк хит ырлардын кайрыктарын кошуп, элге аткарып берип койдум, болгону ошол.
– Кандай болсо да ырыңыз элге жакшы тарады. Сизден дагы кандай ырларды күтсөк болот?
– «Ырдесте» деген ырым жазылып жатат. Ошол ырда «Съездбек сизге ыр арнайт» деген сабы бар. Ошол сап аябай жакты. Ырдагым келип жүрөт. Азыркы оор абал өтүп кетсе ырдап чыгам. Байкасаңар, мен муңдуу ырлардан алысмын, жадырап-жайнап жүргөн жагат. Балким, жан дүйнөм ушундай. Обон жан дүйнөдөн чыгат да. Муңдуу мелодия жазышым мүмкүн. Бирок баары бир түпкүрүндө бир шаң камтылган болот. Элимди шаңга бөлөгүм келет. Коомдогу негативдердин арасынан жок дегенде шаңдуу ыр угуп туралы.
– Алдыда парламенттик шайлоо күтүп турат. Сунуштар түшө элекпи?
– Түшө элек. Мен, балким, буга чейин үгүт иштеринде ырдаарда элди кандай адамдарды колдоого үгүттөп жатканыма маани берчү эмесмин. Бул ирет сунуш түшкөн партиялардын программасын дыкат талдап чыгам. Алар элге пайда алып келерине ишенгенимде гана ошол партия үчүн ырдоого макул болом. Анткени мурда айрым партиялардын үгүт кампанияларына катышканым үчүн азыр уялам. Мисалы, мурунку шайлоолордо мен үгүт иштерине катышкан партия, атын атабай эле коёюн, жаңы төрөлгөн бала үчүн сүйүнчү пулга 50 миң сом беребиз деп сөз беришкен. Бул келечек үчүн, жаштар үчүн стимул, чоң жардам деп сүйүнгөнбүз. Аларга ишенип, элге ушул убаданы айтчубуз. Азыр сүйүнчү пул 4 миң сом. Анан уяласың да. Сөз бергенден кийин аткарыш керек. Эл азыр калптан тажады. Андан көрө ачык эле айтышпайбы.
– Биз эч нерсе жасабайбыз деппи?
– Ооба, кнопка гана басып беребиз деп (күлүп). Кнопканы деле 1-2 эле киши басат экен го.
– Жарандык коом сөз эркиндигин ооздуктаган мыйзамга каршы митингге чыгышты. Бул окуяга сиздин көз карашыңыз кандай?
– Чоң байлыктарыбыздын бири – сөз эркиндигибиз. Айтсаң эле айткандын оозу жаман, көргөндүн көзү жаман болуп, элдин пикири менен эсептешпей коюшту. Мен да нааразымын. Курмангазы байке (ред.: Азыкбаев) чыркырап туруп баарын сөктү го. Мен да ошондой сөккүм келет. Бирок ал биринчи сөгүп салбадыбы (күлүп).
– «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу менен «2019-жылдын сахна адамы» аталдыңыз. Күттүңүз беле?
– Күткөн эмесмин. Бирок бир жакшы нерсе болот деп сезип тургам. Анткени силер менин эмгегимди дайым баалап, чыгармачылыгымды колдоп турасыңар. Ошол күнү мени силер «конок катары келип кетиңиз» деп чакырдыңар. Наам алганда аябай толкунданып, ыраазы болдум. Себеби бул чыгармачыл адамдарга чоң стимул, дем берет. Татыктуулар көп. Алардын арасынан тандап мага бергениңиздерге чоң рахмат. Ушул жерден бир окуя айтып берейинчи. 2006-жылы митингдердин айынан концертиме аз киши келип калды. Мен анда өзүмдү жылдыз сезип жүргөн учурум болчу. Анан көңүлүм калып, ырчылыктан кетүүнү чечип, «мындан ары ырдабайм» деп маек бердим. Ошондо «Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султан атайын чакырып, аттын элеси түшүрүлгөн сувенир берип, «сен ырдашың керек, жөн жүр» деген эле. Ал сөз мага чоң стимул болду. Эгер баары ошондо көңүл кош мамиле кылып койсо, ырдабай калмак болушум керек. Режиссёр Рысбек Жабиров агабыз да жакшы сөздөрүн айткан. Алар дем беришкенден кийин кайра жанданып иштеп калгам. Ошол күндөн баштап бул адамдарга ыраазычылык айтып келем. Өткөн жылы ошондой демди «2019-жылдын сахна адамы» наамы берди. Сиздерге рахмат!
– Ийгиликтериңиз көбөйсүн! Маегиңизге рахмат!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg