#ЖашаАсел

26-июнь күнү саат 15:47де Бишкектин Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык катталды. Башкы жол катары саналган Медеров көчөсү менен бара жаткан Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны «Патруль» жеке күзөт кызматынын унаасы капталдан келип сүздү. Тойота Камрини белгилүү ырчы Асел Кадырбекова башкарып бараткан. Кырсыктын кесепетинен ырчы оор абалда ооруканага жеткирилди.

БАШ МЭЭСИНЕН АЧЫК ЖАРАКАТ АЛДЫ

Заматта Медеров жана Тыныстанов көчөлөрү ызы-чуу боло түштү. Жардамга чуркап баргандар жабыр тарткандарды унаадан чыгарууга аракет жасап, биринчи жардам көрсөтүп жатышты. «Тез жардам» кызматы келип 2 унаанын айдоочуларын Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткиришти. Реанимация бөлүмүнө жаткырылган Асел Кадырбекова баш мээсинен ачык жаракат алганын, моюн омурткасы жана акыреги сынганын дарыгерлер маалымдашты. Ал эми «Патруль» күзөт кызматынын унаасындагылар жеңил жаракат алышып, айдоочусу ооруканада жатат.

Ырчы дарыланып жаткан Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков бейтаптын абалы тууралуу мындай деди:

– Учурда бейтап оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Баш мээсинен ачык жаракат алган, моюн омурткасы жана акыреги сынган. Абалы өтө оор деп бааланууда. Бейтаптын абалы азырынча өзгөрүүсүз бойдон калууда, тагыраагы, эсине келе элек. Симптоматикалык дарылоо жүргүзүлүп жатат.

СИЗО-1ГЕ КАМАККА АЛУУ ЧЕЧИМИ ЧЫКТЫ

Аталган жол кырсыгы боюнча 297-берене (автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат. Маалыматты 30-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы билдирди. Мекеме кырсык тууралуу кеңири маалыматты кырсыктан 5 күн өткөн соң гана берди.

– Автокырсык 26-июнда саат 15:45 чамасында катталган. Анда 25 жаштагы О.М. аттуу жаран Хонда Одиссей унаасын Тыныстанов көчөсү менен айдап баратып, Медеров көчөсүнүн кесилишинен Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Тойота Камри унаасынын айдоочусу 1991-жылы туулган А.К. (ред.: Асел Кадырбекова) Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу 1995-жылы туулган О.М. дагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Ал эми ушул эле унаанын жүргүнчүсү, 1994-жылы туулган К.О. Улуттук госпиталда жатат.

Бул жол кырсыгы Жазык кодексинин бирдиктүү реестрине 297-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Учурда жол кырсыгын жараткан деп шектелген 25 жаштагы О.М. кармалып, ооруканада аны милиция кызматкерлери кайтарып жатышат. Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкты. Бүгүнкү күндө сотко чейинки ачылган кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды,- деди мекеменин маалымат катчысы.

«ТЕЗ ЖЕТИП БАРУУ ТАЛАБЫ ЖОК»

«Патруль» күзөт кызматынын аткаруучу директору Алмаз Жумадиловго байланышканыбызда, буларга токтолду:

– Бир объекттен чакыруу түшүп, биздин 2 кызматкер ошол жакка бара жатышканда бул кырсык орун алды. Негизи чакыруу түшкөндө канча бир убакыт ичинде тез жетип баруу деген талабы жок. Чакыруу түшкөн жерге жол эрежесин сактап гана жетиш керек. Бул тууралуу күн сайын кызматкерлерге инструктаж өткөрүлүп турат.

Мен GPS-навигатордон караганда биздин унаа саатына 66 чакырым ылдамдыкта бара жаткан экен. Бул көрсөткүчтү тергөөчүгө өткөрүп бердим.

Кырсыктын кесепетинен унааны башкарып бара жаткан О.М. баш мээси чайкалган. Жанындагы К.Анын бутунун тамыры жабыркаптыр. Денелеринен мындан башка оор жаракат алышкан жок. Учурда экөө тең ооруканада жатышат. «Кызматкерлер мас абалда болушкан» деген маалымат туура эмес.

Тилекке каршы, жол кырсыгы күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Кудай деле көрүп турат, бул атайлап уюштурулган кырсык эмес. Асел, биздин эки кызматкерибиз эртерээк сакайып, аман-эсен буттарына туруп кетишин каалайбыз. Үй-бүлөлөрүнө, бир туугандарына сабыр тилейбиз.

Нурлан Насип: «СЕН МАГА КЕРЕКСИҢ»

Учурда өмүр үчүн күрөшүп жаткан ырчынын жолдошу Нурлан Насип социалдык тармактагы баракчасына "сен мага аябай керексиң", "суранам, кетпе", "Аллах, жардам берчи" деген сөздөрдү камтыган сүрөттөрдү жарыялады. Келинчегинин абалы азырынча оор экенин айткан Нурлан Насип кыскача буларга токтолду:

– Аселдин абалы оор бойдон калууда. Биз үчүн окуя тууралуу айтып берүү жагымсыз болуп жатат. Дарыгерлер да ишине тоскоолдук жаралып жатканын айтып суранып жатышат. Буюрса, Асел жакшы болгондо өзү да, биз дагы маалымат беребиз.

«Ойгон, Асел»

Асел Кадырбекованын кырсыкка кабылганын жумурай кыргыз журту абдан тынчсыздануу менен кабыл алышты. Ырчынын ден соолугуна, өмүрүнө санаа тарткандар социалдык тармактарда #ЖашаАсел деген хэштег менен ырчынын сакайып кетишин тилеп жатышат.

Кыргыздын белгилүү ырчысы жол кырсыкка кабылып ооруканада жатканын орусиялык басылмалар да жазышты. Ал эми орус акыны Максим Федин ырчыга арнап "Асел Кадырбекова, держись!" аттуу ыр жазды. Бул ырды Максим Федин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Асел, сен ойгонушуң керек, жашашың керек. Назик, денеңде күчтүү жан, рух бар деп ишенебиз. Сени жолдошуң Нурлан, өзүңө куюп койгондой окшош ширин кызың Дария, ата-энең, жакындарың, кыргыз эли күтүп жатат. Жаша, Асел!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Paprikafm
2020-07-06 10:11:43
Асел сени жакшы коробуз, алтындай болгон уй булооно кайтып кел, кызынды жалгыз калтырба, аллахым озу колдоп айыгып кет биз сенин бутуна туруп кетишинди жараткандан жалынып суранабыз.
+16
Anarik87
2020-07-08 13:49:36
Видеосунда машина 120баратканго ылдамдыгы тез
+2
rola
2020-07-08 18:06:38
Anarik87,Ошентип айтып коюушатта.Кесиптештери болгондон кийин.Аллахым шыпаасын берсин Аселяга.
0
Tymar
2020-07-09 10:15:21
Жараткан Тенирим колдоп, жакшы болуп кет. Тенирден бата тилеп, ден соолукта бол Асель
-4
jumaev0084
2020-07-10 04:19:31
К.О М .С ошондо оло берсинби аларга да ден соолук тилейли.
+2
sirenaaaaa
2020-07-10 12:18:00
jumaev0084,аларды олсун деген эч ким жок. Просто бул жерде Асел туура жолдо баратып ушундай жаман абалда туш болгону учун баарына жалко болуп жатат.
0
jumaev0084
2020-07-10 04:20:13
К.О М.О аларга да ден соолук тилейли алар эмне оло берсинби.
+1
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан