«Мен бала кыялмын. Бул мүнөзүмдү жоготсом, жакшы ырлар жаралбай калат» дейт Мирбек Атабеков. Коронавирустан улам үйдө отуруп калган каарманым депрессияга кабылганын да айтты. Элдин азыркы абалына күйүп-бышып, бийлик өкүлдөрүнө нааразычылыгын да билдирди. Анда ырчынын жан дүйнөсүнө сапар тарталы.
– Саламатсызбы, Мирбек мырза? Кыйын кезде элге жардам берип жатасыз. Ошол боюнча айтып берсеңиз...
– Саламатчылык! Мен элге жарыялабай эле муктаждарга жардам берип жүрөм. Бул ирет башкаларга үлгү болсун деп 2 кычкылтек концентратору үчүн акча которгонумду жарыяладым. Азыр өлкө боюнча аппараттар жетишсиз. Акча топтолуп жатат. Кыргыз эли жаман жактарыбызды сындап, негатив айтканды жакшы көргөнүбүз менен, оор кырдаалда бириге калабыз. Биз боорукер, ынтымактуу элбиз. Ушул абалдан тезинен чыгып кетсек экен. Эл чүнчүп кетти. Мен буга чейин эс албай иштептирмин. Эс алууну аябай каалап жүргөм. 2 ай жыргап эс алдым. Андан кийин тажай баштадым. Өзгөчө эркек кишиге жумушу жок отурган жаман экен. «Ачка калсам эмне болот?» деп ойлоно баштайт экенсиң. Баарынан да «ата-энем ооруп калса эмне болот?» деген коркуу сезими жаман экен.
– Эч ким оорубасын. Апаңызды сабап, тоноп кетишкенде "кылмышка шектелип кармалган баланы камактан чыгарып коюшту" деп жүрдүңүз эле. Ал иш эмне болду?
– Шектүүнүн унаасынан апамдын зер буюмдары табылганына карабай, аны камактан бошотушту. Зер буюмдар унаага кайдан келип калды? Буга шектүү же милиция кызматкерлери жооп бериши керек. Учурда тергөө иштери бүтө элек. Бирок бул ишти унутуп коюшкандай эле иш ордунан жылбай турат. Көңүл кош мамиле жасап жатышат. Кылмышты 4 адам кылган. Калгандары кайда? Менин оюмча, кылмышкерлер табылган. Бирок ортодон бир нерсе туура эмес кеткен. Бул өлкөдө адам укуктары тепселенип бүтүптүр. Бардык милиция кызматкерлери жаман эмес. Бирок арасында жаман иштерге аралашкандары бар. Мени «2-3 жолу сүйлөйт да, унутат» деп ойлоп жатышса керек. Жок, мен аягына чейин күрөшөм. Азыркы абалдан чыгып кетсек, улам какшап айтып, ММКларга даттана берем. Болбосо эч ким кыймылдабайт экен. Күч органдарында акыйкатсыздык көп болгондуктан эл түңүлүп калыптыр. Ушул окуядан кийин гана көзүм ачылып, чыныгы жашоону көрдүм. Ага чейин шаан-шөкөттүн үстүндө жүрө берип, көп нерсени байкабай жүрүптүрмүн. Ыйлагым келди. Ушундай мамлекет үчүн күйүп кеттим.
– Ыйлагыбыз келген абалга кептелип калганыбызга ким күнөөлүү?
– Бийлик өкүлдөрү. Туура систем кура албаган, реформа кыла албаган, коррупцияга жол берген бийлик, анда отурган ар бир адам күнөөлүү. Азыр кандай абалда турабыз? Алдын алышпайт беле?! Чет жерлерден келген, элден чогулган акчалар кайда кетти? Ооруканаларда шарт түзүп коюшпайт беле? Эл өкүлдөрү азыр жок дегенде колунда бар ресурстарын колдонуп жардам кылбайбы? Элди ойлоп койбогон ушунча таш боорсуңарбы?
– Бул абалга карабай шайлоонун датасы белгиленди. Кайсы партияга добуш бересиз?
– Шайлоодон жакшы жыйынтык күтүш үчүн татыктуу команда керек. Башка вариантыбыз жок болсо, кайра эле азыркылар келет. Азыр бийликке барууга татыктуу бир да партияны көргөн жокмун. Билимсиздик бийликке жетти. Билимдүү, креативдүү ойлонгон, мыйзамды, тарыхты, тышкы саясатты мыкты билген, эң негизгиси элди ойлогон адамдар келиши керек.
– Татыктуулар келет деп ишенели. Коомдогу окуяларды талкууласак, жакында кабыл алынган маалыматты манипуляциялоо тууралуу мыйзамга оюңуз кандай?
– Болгон байлыгыбыз – сөз эркиндиги. Ошону колубуздан алабыз деп жатышат. Сөз эркиндигинен ажыратышса, кыргыз эли чыдабайт. Маалыматтын баарын көзөмөлгө алгылары келип жатышат. Мен фейктер менен күрөшүүгө каршы эмесмин. Алардан өзүм да зыян көрүп келем. Бирок бул мыйзам фейктерди шылтоо кылып жатат. Мындай мыйзамдар менен алек болгончо интернеттин заманында интернет аркылуу идеология жүргүзүүнү ойлонсок болмок. Интернет аркылуу балдарыбызды тарбиялайлы, тил үйрөтөлү, идеологияны түзөлү. Жаман адаттарга үндөгөн сайттарды блоктойлу. Жаш балдар кызыгып көргөн англис тилиндеги мультфильмдерди кыргызчага которолу. Азыр жаш балдардын баары орусча сүйлөп чоңоюп жатышат. Анткени мультфильмдер орусча. Мен балдарымдын кыргыз тилинде мультфильм көрүшүн каалайм.
– Чыгармачылыгыңыз тууралуу сүйлөшсөк...
– Биздин ырларды орустар, казактар которуп ырдап жүрүшөт. Биз эмнеге өзүбүздү Казакстан, Орусия менен гана чектейбиз? Алыс кетишибиз керек. Кыргыз ырларын Американын жылдыздарына ырдатсам болот. Ал үчүн сапаттуу контент, жакшы ыр, жакшы музыка керек. Өз ырларымдан, илгерки кыргыз ырларынан тандап орусчага, англисчеге которойун деп жатам. Же которбой деле ырдатса болот. Анткени музыкада улут, тил же чек ара жок. Музыка жакшы болсо, кайсы тилде болсо да жакшы угулат. Ырыбызды дүйнөлүк жылдыздар ырдап хит кылышса, биздин атыбыз чыгат. Ушул идеяларды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатам. Биз дүйнөнү багындырышыбыз керек.
– Токтогул Сатылгановдун образында чыгышыңызга эмне себеп болду?
– Kagan каймана аты менен чыгып жаткан ырчы жигит менен Токтогул атабыздын “Санат ырын” жаңы форматта жаздырдык. Азыркы абалда эл бир аз алаксысын деп ушул ырды элге сундук. Бул ырга клипти да эски заманды чагылдырып тартабыз.
– Ырчылардан «кайсы ырчыны баалайсыз?» деп сурасак, көпчүлүгү эле «Мирбек Атабеков» деп жооп беришет. Сиз кайсы ырчынын чыгармачылыгын баалайсыз?
– Баарын баалайм. Бирок, тилекке каршы, биздин ырчылар сапатка маани беришпейт. Мен студия ачып, сапаттуу ыр жаздырууга шарт түздүм. Көп ырчылар арзандатууну же бекер жаздырып берүүнү суранышты. «Биздин ырчыларга сапаттуу студия жарашпайт экен» деген жыйынтыкка келдим. Азыр студиямда өзүм гана ыр жаздырам. Ырчылар чыгармачылыкка акча короткулары келишпейт. «Мирбек, аны өзүң эле түшүнөсүң. Эл түшүнбөйт, боло берет» дешет. «Эл түшүнбөйт» деп той ырларын ырдай берген болбойт да. Мен жазган ырлардын сапатына чет өлкөлүк ырчылар таң калышат. Орусия, Индия, Европадан жазып, «кантип жаздың? Кандай микрофонго жаздың?» деп сурашат. Мен чыгармачылыктан акча аябайм.
Өзүмдүн үйүм жок. Батирди ижарага алып жашасам да, чыгармамдын сапаты үчүн керек болгонун жасайм. Бир аспап «каңк» деп мээни жеп жатса, бир аспап угулбай калса, үн таза эмес жазылса, ал музыканы угуу жагымсыз. Өзүм жасай албай калсам, үндү тазалатуу үчүн Казакстанга же Англияга жиберем. Кээде алар да меникиндей жасай албай калышат.
– Үй-бүлөңүз Америкада, сиз бул жактасыз. Сагындыңызбы?
– Аябай сагындым. Азыр үй-бүлөгө алаксыйын десем, үй-бүлөм алыста. Көчөгө чыга албайм. Жумушум да токтоп калды. Аябай депрессия болдум.
– Өзүңүздү жакшы караңыз. Үчүнчү ирет ата болдуңуз. Кызыңызга Сүйүү деген өзгөчө ысым койдуңуздар...
– Аруу деп коёлу деп жүргөнбүз. Бирок аруу деген оору бар экен. Кызым төрөлгөнгө чейин сүйүү тууралуу китеп окуп калдым. Ошол жакта жакшы кептер айтылыптыр. Көрсө, баарын сүйүү менен жеңсе болот экен. Кызымдын жашоосу сүйүү менен куралсын деп Сүйүү деген ысым ыйгардык.
– Балдарыңызга кандай ата болуп жатасыз?
– Мурда бойдок кездегидей эле жашап жүрчүмүн. Үчүнчү ирет ата болгондон кийин эмнегедир балдарыма жоопкерчиликти сезе баштадым. Мен өзүм баламын. Карыганча бала кыял бойдон калсам керек. Бул мүнөзүмдү жоготпошум керек. Балалык сезимди жоготсом, аруулукту жоготом. Анда жакшы ыр чыкпай калат. Жакшы ыр жаратыш үчүн жүрөктү таза кармаш керек. Таза жүрөк менен ырдаган, таза ниет менен чыгарылган ырлар адамдын жүрөгүнө жетет. Азыр дүйнөдө музыка бузулду. Баңгизаты, ичимдик, секс тууралуу ырдоо нормалдуу көрүнүш болуп калды. Сүйүү, жылуулук, достук, ата-эне, мекен тууралуу ырдаш керек, коомду тарбиялаш керек. Биз ошол миссиябызды аткарышыбыз зарыл.
– Маегиңизге рахмат. Максат-тилектериңиз ишке ашсын!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg