КЫРГЫЗДЫН ДАГЫ БИР ЖИГИТИ ДҮЙНӨ САЛДЫ. ТУРГУНАЛЫ НУРМАТОВДУ ЖУБАЙЫ ЭСКЕРЕТ

Белгилүү композитор, ырчы Тургуналы Нурматов 65 жашында дүйнө салды. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти 4-июлда көз жумду.

«Жымыңдайт жылдыз», «Той ыры» жана ырчынын визиттик карточкасы болгон «Кыргызымдын жигиттери» жана башка ырларга обон жараткан инсанды жубайы эскерет.

ЫРЧЫ ТУУРАЛУУ:

Тургуналы Нурматов 1955-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Ош педагогикалык окуу жайына тапшырган. Ал жактан залкар талант Рыспай Абдыкадыров атасындай камкордук көрсөтүп, талантынын өнүгүшүнө салым кошкон.

Ырчы, композитордун чыгармачылыгынын гүлдөгөн мезгили 1990-жылдарга туура келет. 80ге чукул обон жараткан композитор акыркы жолу 2015-жылы Бишкектеги Спорт сарайында «Кубанычтар дайра болуп агылып...» аттуу жеке концертин берген.

Гезитибизге берген акыркы маектеринин биринде: «Супер-Инфо» гезитине интервью бергенден кийин чыйралдым. Кайрадан эл алдына чыккым келди. 60 жашка чыкканда экинчи демим ачылып, чыгармачылыкка кызуу кириштим. Гезитке маек чыккандан кийин концерт берейин деген ой пайда болду. «Кыргызымдын жигиттери» деген ырыма клип тарттырдым. Аталган клипке көкүрөк күчүгүм Ислам да тартылган. Ал «мен дагы ырчы болом» деп бизди кубандырып жүрөт. Азыр менин эрмегим, жашоого үмүт берген адамым ушул уулум» деген эле.

Тургуналы Нурматовдун артында жубайы, 3 уулу, 3 кызы калды.

Клара Жумагулова, жубайы: «ОРТОБУЗДА ЧОҢ СҮЙҮҮ, СЫЙ-УРМАТ БАР ЭЛЕ»

Тургуналы Нурматов өмүрүнүн акыркы жылдарында ооруп жүргөнүн жубайы Клара айым айтат:

– Жолдошум экөөбүз 2010-жылы таанышканбыз. Ал «кан басымымды текшерип берип койгулачы» деп ооруканага келиптир. Текшерсем кан басымы көтөрүлүп кетиптир. Тамчылатма дары коюп, ийне сайып бергем. Эртеси «рахмат, карындашым» деп шоколад, гүл көтөрүп келиптир. Ошентип жакындан таанышып, ынак болуп кеттик. Ошол учурда жубайынан айрылганына 1 жарым жыл болгон экен. Мен жолдошум менен ажырашканыма 5 жыл болуп калган.

Ал кезде Тургуналы 55те, мен 40 жашта болчумун. Үйлөнүү сунушун киргизгенде курбуларым да, тааныштар да «5 балалуу адамга тийип эмне кыласың? Жаныңды кыйнабай эле кой да. Депутатка тие турган аялсың. Балдарынын азабын тартасыңбы?» дешти. Бул сөздөргө маани берген жокмун. Анткени ортобузда чоң сүйүү, сый-урмат бар эле. Көп өтпөй баш кошуп, түтүн булатып калдык. Ислам аттуу уулдуу болдук. Уулубуз төрөлгөндө аябай сүйүндү. Өзүнө окшоп чыгармачылыкка жакын болгондуктан, «ушул баламдан бир нерсе чыгат. Атымды унуттурбайт» деп кубанып калар эле.

Баш кошкондон кийин Бишкектин Ала-Тоо конушунда балдары менен чогуу жашадык. Уулдарын үйлөнтүп, кызын турмушка узатып, 4 жылдан кийин өзүнчө бөлүнүп кеттик. Кичүү уулу Жанарбек менин эле балам болуп калды. Мени «апалап» турат. Аны да үйлөндүргөнбүз, азыр келиним болуп чогуу жашайбыз.

«БЕТИМДЕН ӨӨП ОЙГОТЧУ»

– Мага жасаган мамилеси өзгөчө болду. Күн чыга электе ойгонуп алып «сени жадакалса күндүн нурунан кызганып кетем. Нур бетиңе тие электе өөп алайын» дечү. «Жалбырагым» деп эркелетер эле. Ушундай сыйдын үстүндө жакшы жашадык. Өтө жөнөкөй, ак көңүл адам болчу.

Кийинчерээк көп ооруп калды. Мага бул кыйын болду. Жан шеригимден айрылганда бир органымды бирөө жулуп алгандай эле болду. Көкүрөгүмдө бир боштук турат.

Мурда жүрөгүнөн операция болгон. Кийин 3 жолу инсульт алды. Акыркысын 3 ай мурун алып, ошондон кийин төшөктөн турбай жатып калды. Баарыбызды тааныйт, бирок тили булдуруктап, сүйлөй албай калды. Карантин маалы болуп, ооруканага жаткыра алган жокпуз. Өзү да каалаган жок. Врач болгонго өзүм карап, багып жаткам. 4-июлда үзүлүп кетти.

Сөөгүн айылга коюп келдик. Ала-Арча көрүстөнүнө коё турган аброю бар эле. Бирок өзү «мени ата-энемдин жанына, Таласка койгула» деген. Ушул акыркы керээзин аткардык. Көзү өтөргө жакын «сага ыраазымын, сага жолуктурган Кудайга аябай ыраазымын. Сен болбогунуңда 10 жыл жашай албайт болчумун» деди.

«ЫРЛАРЫ ТЕЛЕДЕН КЕТПЕЙ ЖАТКАНЫНА КАПА БОЛДУ»

– Акыркы мезгилде клиптери, ырлары теледен көрсөтүлбөй жатканына бир аз өкүндү, капа болду. Мисалы, орустар маданият өкүлдөрүн радиого, телеге чакырып маек алып турушат эмеспи. Биздин Маданият министрлиги ооруп жатканда келип абалын сураганга жараган жок. Бул көңүл да. Бирок ата катары, күйөө катары өксүгү болгон жок. Уул-кыздарын ордуларына коюп кетти.

«Кыргызымдын жигиттери» ырын казактар «Казагымдын жигиттери» деп которуп алып ырдап чыгышыптыр. Буга капа болуп, ооруп жатканына карабай «Кыргызпатентке» 5-6 жолу убара болуп барып, жыйынтык чыгара албай койду. «Ырдай беришсин, бирок авторду айтыш керек да» деп бушайман болду.

Чыгармачыл адамдар жаш баладай болот эмеспи. Телевизордон, радиодон ырлары берилип калса, мен иш кылып жатсам да чакырып алып «биздин ырды берип жатат» дечү. «Менин ырым» дечү эмес, «биздин ыр» дечү. Бирөө ырларын ийине жеткире аткарса кубанчу. Клара Алибековага көп ыраазы болду.

Кенже Көбөкова, Чолпон Талипбек, Асема чалып ырларын сураганда «кыздарым, ырдай бергиле, бирок авторду атаганды унутпагыла» дечү.

«КҮЙҮМДҮҮ АТА ЭЛЕ»

– Аябай күйүмдүү ата эле. Бир жолу улуу балабыз түнкү саат 3тө «температура болуп жатам» деп мага чалып калды. Мен «түн оокумда кантип барам?» деп жатканымды угуп калыптыр. Өзүнүн абалы начар болсо да туруп, «бас, дарыла» деп барган элек. Барсак, ангинасы кармап калыптыр. Тамчылатма дары коюп келгенбиз. Бир туугандарына да күйүмдүү болду, «бир боорум» деп эле турчу.

Акыркы 2 жылда катуу ооруду. Улам ооруканага жатып, чыгармаларды жарата албай калды. «Бир жумушту баштайын дейсиң, бирок жаныңды кейиткен оорудан кабагың ачылбайт экен» дечү. Чоң пландары бар эле. «Таласым» деген ыр чыгарайын деп жаткан. Небересине арналган «Бөбөктай» деген ырын да бүтүрө албай калды.

Тургуналы Нурматовдун чыгармалары, элеси элдин эсинде түбөлүк калат. «Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты таланттуу инсандын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ainura220888
2020-07-13 12:38:34
Жаткан жери жайлуу болсун. Жакшы чыгармалары аалды артында. Мин.культура кимдин пешенесин жылыты эле
+6
Siren90
2020-07-13 17:53:05
Жаткан жери жайлуу болсун, жараткан бейиштен орун берсин.
Айгерим Расул кызы атасына куран окутту болду бекен, кантсе да канынан жаралган атасы эмеспи
+7
fanatka19
2020-07-14 14:25:10
Жаткан жери жайлуу болсун
+2
Arstan18.18
2020-07-14 23:54:41
Кандай соонун окуп жанын жай алат , создоруда укмуш эжеге балдарына сабыр ! Жаткан жери жайлуу болсун.
+2
kalmamat
2020-07-15 15:51:14
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун Тургуналы акенин.Абдан жакшы киши эле.Бул кишилер олгон жок.Кыргыз эли жер жузундо канча болсо бул кишилер да ошончо омур сурушот.Кыргызга шедевр ырларды жазып калтырып кетти Тургуналы агабыз.Кудай бейишин берсин.
+3
№ 918, 9-15-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан