Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КҮЙӨӨ БАЛА КАЙНЕНЕСИН ӨЛТҮРҮП, КАЙНАТАСЫНА БЫЧАК САЙГАН ДЕП ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

№918 9-15-июль, 2020-ж.


Күйөө баласы кайнене-кайнатасына бычак сайган деген маалымат коомчулуктун үрөйүн учурду. Окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын Ленин көчөсүндө орун алган. Окуя кандай болгонун иликтеп көрдүк.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП МАРКУМДУН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ КАРМАЛДЫ»

Окуя тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы төмөнкүчө маалымат берди:

- Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кайненесин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген жаран кылмыш изи сууй электе кармалды.

2020-жылдын 1-июль күнү саат 08:00 чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринен кылмыш туурасында чакыруу келип түшкөн. Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-тергөө тобу жана жетекчилиги барган. Окуя катталган үйдүн короосунан 1957-жылы туулган О.Онун киши колдуу болгон жансыз денеси табылган.

Аталган окуя боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Мындан тышкары каза болгон жарандын күйөөсү, 1954-жылы туулган Д.О. дагы денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылган.

Окуя болгон жерди кароо учурунда бычак, баш кийимден эки көздүн орду оюлуп жасалган бет кап жана башка тиешелүү буюмдар алынып, аларга карата соттук-биологиялык экспертиза дайындалган.

Кылмыштын изин суутпай, Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан шектүү катары маркумдун күйөө баласы, Сузак районунун тургуну, 2002-жылы туулган А.Т. жашынып жаткан жеринен кармалып, тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, шектүү жаран акыркы 2 айдан бери кызганычтын айынан жубайын уруп-сабай бергендиктен аялы ата-энесинин үйүнө келе берген. 29-июнь күнү күйөөсү аны алып кетем деп келгенде апасы О.О. жөнөтпөй койгон. Кетип жатып күйөө баласы “өлтүрөм” деген сөзүн айтып, коркутуп кеткен. 1-июлга караган түнү саат 00:15 чамаларында бет кап тагынып алып келген. “Азыр сүйлөшө албайбыз, күндүз кел” деп жооп кайтарышканда ал колундагы бычагы менен жубайынын атасын, андан соң апасын бир нече жолу сайып, оор жаракат келтирген. Скотч менен жубайынын колун, оозун ороп, күч колдонуп үйүнө алып барып коюп, өзү жашынып жүргөн.

Учурда аталган кылмыш боюнча шектүү жаран Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

«МАРКУМ ЭЧ КИМГЕ ЗЫЯНЫ ЖОК, ЖАКШЫ КИШИ ЭЛЕ»

Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын башчысы Айбек Акматбеков окуя тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

- Бул үй-бүлө менен кошуна жашайм. Социалдык абалы орто. Үй ээсинин ичкилик ичип коймою бар. Маркум болсо эч кимге зыяны жок, жакшы киши эле. Сөз болуп жаткан кыз небереси, улуу кызынын кызы. Аны кичинекейинен багып чоңойтушту. Турмушка чыкканына 2-3 ай эле болгон. Каза болгон эже “атаң ооруп жатат” деп кызын чакырыптыр. Кызынын денесиндеги тактарды көрүп, күйөө баласы келгенде “барбайт, уруптурсуң” деп жибербей коюптур. Айылдагы балдар күнүгө эле көчөдө отурушчу эле, ошол күнү эч ким чыкпаптыр. Көргөн-уккан эч ким жок. Эжени 4 жерине, байкени моюнуна, далысынын 3 жерине сайыптыр дешти. Азыр үй ээси ооруканада, жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулган, абалы жакшы.

Жумушка бара жатсам эл чогулуп жатыптыр. Мени чакырышты. Барып эле укук коргоо кызматкерлерин, “Тез жардам” кызматын чакырдык. Баарыбыз муну күйөөсү кылды, ичкиликтен болду деп ойлогонбуз. Ал үйдүн ичинде жатканынан мас экен деп койгонбуз. Маркум эже эшикте жатыптыр, каза болуп калганына бир топ болгон окшойт. Эртең менен үй ээсинин бир досу келиптир. Ити каап үйгө киргизбей, үйдөн киши чыкпаганда кошуналарын чакырыптыр. Ошентип үй ээлеринин кырсыгына күбө болдук.

Кийин күйөө баласы келип жүргөн деген сөз болду. Көрсө, апасы кызын чыгарбай, күйөө баласын кубалап жатканда бычак сайып, кызды мажбурлап алып кеткен имиш. Үйүнө барып тамдын чатырына жашынып алган жеринен милиция кармап кетиптир.

Үй-бүлөнүн 2 уул, 2 кызы бар. Бир уулу каза болуп калган. 1 уулу Орусиянын жарандыгын алып, ошол жакта жашайт. 2 кызы да Орусияда, абалга байланыштуу келе алышкан жок. Үйүндө дагы 2 небереси бар эле, аларды үй ээсинин бир эжеси келип карап жатат.

«МАГА БИР ЖОЛУ ТИЛ КАЙРЫБАГАН БАЛАМ УШУЛ ИШКЕ БАРГАНЫНА ЭЧ ИШЕНБЕЙМ»

Кылмышка шектелип кармалган А.Т. Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Сымкат айылынын тургуну. Анын апасы, 45 жаштагы Тахмина Тургунбаева уулунун мындай иш кылганына ишене албай турганын айтты:

- Тамагымдан эч нерсе өтпөй калды. Жетим калып чоңойгонбуз. Балам мындай ишке бара турган бала эмес болчу. Жардам бере турган эч кимибиз жок. Баламдын атасы кичинекейинде эле каза болуп калган. Уулум 8 айында калган, өзүм жалгыз чоңойттум. Ошо кыз үйгө баламды ээрчип келип, “тием” деп жүрүп экөө үйлөнүшкөн. “Макул, алып берейин” деп никелерин кыйдырып, үйгө алып келдик, 2 таежеси кошо келип кеткен. “Апа, неберелүү болосуз” деп балам сүйүнүп жүргөн. Келиним таята-таенесинин колунда чоңоюптур. Балам экөө чогуу окушчу. Уулум экөө сүйлөшүп жүргөндө үйүндөгү жагдайды айтып, арыздана берчү экен. Экөө сүйлөшүп жүрүп, быйыл апрелде үйлөнүшкөн.

Балам ичимдик ичпейт. Андай бейбаштыгы деле жок болчу. Жакшы окучу. Айылдагы иштерди кылып акча таап, бизди багып жаткан. 18ге жакында эле чыккан, лицейде окучу, 2-курсту бүткөн, дагы бир жыл окуса бүтмөк. Кудама барып жолуктум, жакшы эле экен. Ага “чын эле ушундай иш болдубу, ачыгын айтыңызчы? Бала жаш” деп жалдырадым, эч нерсе деген жок. Баламды милиция алып кеткенден кийин өзүнө барып жолуктум “апа, мен бул ишке барган жокмун, мени ушундай иш кыл деп чоңойткон эмессиз” деп гана айтты.

Баламдын айтымында, келиним үйүнө көп барчу, ошондо да балам барып “үйгө алып кетейин” десе, апасы “жашабайт” деп кууй бериптир.

Кызды алгыла дегенде үйүнө барып жолуктум. Ошондо келиндин апасы “жолдошумдун мүнөзү жаман, кызды алып кетпесеңер болбойт” деди. “Балам экөө сүйлөшсө алып берем, сарсанаа болбогула, колума акча тийсин, августта ырым-жырымын кылам” деп кызды алып кеткенбиз. Экөө жакшынакай эле жашап жатышкан. Урушкандарын деле көргөн жокмун, балам өзү аялзатын аяп турат.

Менин билишимче, бет кап кийген, бычак көтөрүп келген, 16 жерине бычак сайылган дегендин баары жалган. Сөөктү жууган аялдан да сурадым, “моюнуна гана сайылган” деди. Кармап кеткен күнү эле үйгө келдим, келинди байлап койгонуна да күмөнмүн. Жаткан төшөгү деле жыйылбаптыр, үйдө эле укташкан окшойт. Келинимден 2-3 жолу “ортодо таенең өлүп жатат, күйөөң түрмөгө кетип жатат, ачыгын айт, өлтүргөнүн көрдүңбү?” деп ыйлап сурадым. “Көргөн жокмун” деп гана жооп берди. Балким, үйүндө ич ара чыр болгондур. Чындыкты бир гана келиним менен атасы билет. Мага бир жолу тил кайрыбаган балам ушул ишке барганына эч ишенбейм.

Динара Акимова
koom@super.kg



Күйөө бала кайненесин өлтүрүп, кайнатасына бычак сайган деп шектелип кармалды

Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
13.07.2020. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
19-10-2010
Соӊку аракети:
04-08-2020 02:04
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тооба апасы ото эле актаптыр,кантсин анан эне байкуш
13.07.2020. 13:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
438
Катталган:
28-09-2011
Соӊку аракети:
01-08-2020 02:12
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кимисине ишеништи деле билбейсин тобоо
13.07.2020. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
419
Катталган:
02-07-2019
Соӊку аракети:
04-08-2020 00:58
Жынысы:
Белгисиз
+6
Карга баласын аппагым дегендей эле. Куда жагын аябай эле жамандап салыптыр
13.07.2020. 17:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
13-10-2016
Соӊку аракети:
20-07-2020 15:51
Жынысы:
Белгисиз
+9
"Баламды ээрчип келип, тием деди" деген созунон эле билсен болот актап жатканын. Бул соз бизде "дежурный" соз да. Бир нерсе болсо эле баарынын ошол созу даяр- озу ээрчип келип тийип алды дешет. Эмне баланар ошончолук лохбу, озу ээрчип келип тием десе эле ала бергидей!
13.07.2020. 17:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
383
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
28-07-2020 19:27
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми баардык куноону келинге оодаргысы келип атат,тобоо. Тимеле сопсонун коруно берет ар кимдин баласы озуно
14.07.2020. 10:20 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
17-05-2020
Соӊку аракети:
03-08-2020 21:31
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ишениш кыйын, куйоо баласы олтургонуно. Бир болсо тиги киши озу олтуруп салгандай, ичип жургон киши экен. Милиция кылдат изилдеп чыгыш кк. Жаш жигиттин тагдырына балта чабылып аткан жокпу...
Nagim түзөттү 2020-07-14 10:21:36
14.07.2020. 16:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
02-02-2016
Соӊку аракети:
28-07-2020 13:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Келини баарын билсе керек
15.07.2020. 00:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
197
Катталган:
14-12-2019
Соӊку аракети:
04-08-2020 02:01
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйоосу олтурсо куйоо бала эмне кылып журду тунку 12де? Апалар жаштарга жашоо бербей бактылуу жашагандарына шугур кылбай ардемкени чукуйсунар кайненелер! Ээрчип тийген ТАЙ энен таятанды жаман деди алып кет деди деп ардемкени бир суйлоп чок саласынар! Тилинерге ээ болгула! Силер мыкты жаш мыкты келин болгонсунар, келиненер кемчиликтуудур жакшы коргуло аягыла. Уулунар коз ачып коргон аялында апасына жакшы коротда эркек кылып тарбияласынар мындай иштер болбойт
15.07.2020. 21:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
08-12-2019
Соӊку аракети:
04-08-2020 03:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын озунон гана сурап тактоо керек.Келиндин дагы оюн угуу керек,болду!.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
24248;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: