«Сен менин түшүмсүң» ыры жаңыланып ырдалган сайын ажары ачылып, бийиктигин жоготпой келе жатат. Ырды элге тааныткан Каныкей Эралиева менен Кадыралы Артыков болсо, 2 жыл мурун Талант Кадыров менен Айя Садырова дуэт катары ырдап чыгышкан. Андан кийин Токтобек Асаналиев менен жаш ырчы Миргүл Асаналиева ырдашты. Бул ырдын сыры, сыйкыры эмнеде? Ырды жараткандар айтып беришсин.
Өмүрбек Дөлөев, акын: «ЫР АГА АРНАЛЫП ЖАЗЫЛГАНЫН БИЛБЕГЕН БОЮНЧА КАЛДЫ»
– Бул ыр биринчи менин жыйнак китебиме чыккан. Ошол жыйнакты Атайбек Бөдөшовго берген элем. Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшов менен чыгармачылык жакшы мамиледебиз. Ыр жыйнактын ичинен Атайбек ушул ырга обон жазган. Жаңы жылдын алдында көрсөтүлгөн телеберүүлөр болот эле. Көп жыл ошол жаңы жылдык концерттерде жаңырып турду. Алгач Кадыралы Артыков менен Каныкей Эралиева ырдап чыгышты. Кийин Каныкей Султан Каримов менен ырдады. Ырдын маңызы – кадимки адамдык тагдыр, таза сүйүү. «Канча жылдар өтсө дагы сен жүрөктүн түпкүрүндө жашай бересиң, ээрчишкен жубай болбосок да, сен да бир жерлерде бактылуу турмуш кечирип жатканыңа шүгүр кылам. Мен деле бактылуумун, бирок улуу сүйүү бизди шыктандырат. Түшүбүздө көрүшкөнүбүзгө деле ыраазымын» деген маанини камтыган ыр. Талант менен Айя ырдап чыгып клип тартылбадыбы, клип ырдын маани-маңызын аябай жакшы ачып берген деп ойлойм. Кийин Токтобек Асаналиев менен жаш кыз ырдап чыкты, ал да өзүнчө көркөм. Ыр ушунча убактан бери ырдалып келе жатканы сөзүнө обон төп келишип калганында. Атайбектин обону классика да, мындай татаал обонду эч ким чыгара албайт. Көп ырларыма обон чыгып жүрөт, бирок мындай көпкө эч бири жашаган жок. Ырчылардын баары жакшы ырдашты. Каныкей Эралиева, Кадыралы Артыков, Султан Каримов классика жанрында мыкты ырдашты. Талант менен Айяныкы өзүнчө бир назик, сыбызгып көкүрөктүн сырын ачкандай мукам болду. Токтобек менен Миргүл аткарган дуэт таштан-ташка урулгандай албуут, аска тоону жаңыртып, турмуштун бир долуланган агымын айтып жаткандай шаң менен чыкты. Ырчылардын баарына ыраазымын.
«Ыр саптары кимге арналган?» деп эле такып калдың, бул менин жетпей калган сүйүүмө арналган. Жигит курагымдагы эң таза сезимим болгон. Мен ал адамды көп жылдан бери көрө элекмин. Бул ырды укканда ал да биздин жакшы мамилебизди эстесе керек. Менимче, ыр ага арналганын билбейт. Таптаза, адамгерчиликтүү сүйүү болгону үчүн көп нерселер ортобузда айтылбай калган. Тагдыр буюрбаптыр, чогуу болгон жокпуз. Ал дагы бала-чакасы менен бактылуу турмуш кечирип жаткандыр, мен да бала-чакалуумун. Мындай караганда чоң өкүнүч бар, бирок чоң өкүнүч жок дагы. Анткени жетпей калган үчүн, балким, бул сезим бийик сакталып калгандыр деп ойлойм. Кандай болсо да сүйүүбүздүн ыр сабында жашап калганы да чоң нерсе.
Атайбек Бөдөшов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «ЫРДЫ АТКАРГАН 7 ЫРЧЫГА ТЕҢ ЫРААЗЫМЫН»
– 1998-жылы аталган обонду жараткам. Ырдын обонунда жаңылык бар. Музыкалык тил менен айтканда, канон стилинде жазылган обон. Азыр бул обонго окшоштуруп чыгаргандар болуп жатат, бирок мага чейин обончулар бул стилдеги обонду чыгара элек болчу. Кыргыз обонуна кошкон салымым ушул обон болду деп ойлойм. Биринчи ырды таап алып обон чыгарган жакшы, обонду чыгарып алып ага текст издеген бир азап. Мында текстти жактырып, анан обон чыгаргам. Автордун уруксаты менен сөздөрдү оңдоп, обонго ылайыктап кайра жазып чыккам. «Обонго ылайыктуу болсо өзгөртө бер» деп уруксат берген. Надырбек Алымбеков деген акын бар, ал такыр сөздөрдү оңдогонго уруксат бербейт. Автордун сөзү мыйзам да, андай учурда оңдой албай каласың. Мен жомок болуп кала турган обончулардын катарындамын десем болот. 500дөн ашуун обонум бар. Обон жаралып жатканда "ушул жакшы чыгат же жакшы чыкпайт" деп болжолдой албайсың. Ал аткаруучудан жана элдин кабыл алуусунан көз каранды.
«Сен менин түшүмсүң» ырына деле басым койгон эмесмин. Чыгарманын адамдардыкындай эле тагдыры, өмүрү, төбөсү көрүнгөн учуру, кайра тарткан учуру болот. Кээ бир учурда өзүңө аябай жаккан обондун, тескерисинче, өмүрү кыска болуп калат. Бул ырдын обону узун болду. Канча жолу жаңыланып ырдалса, ошончолук сыймык. Дагы далай ырчылар ырдайт болуш керек. Менин обондорумду үнү жок ырчылар ырдай албайт. Кыйналып калышат. Он чакты эстрада ырчыларына обондорумду сунуштап көрсөм келишти, ырдап көрүштү, анан «дагы байкайлычы» деп акырын туруп кетип калышты. Үндөрү отурбай калганын билдим. Кээ бир ыр болот, үндүн кереги жок дүңкүлдөк-даңкылдак менен ырдап койсо боло турган. Ал ырлардын келечеги жок, эки-үч жыл жашайт, кайра эч ким ага кайрылбайт. Кээде ырларды даңкылдак-дүңкүлдөк кошом деп бузуп салышат, андайда Каныкей да (ред.: Эралиева, жубайы), мен да эскертүү беребиз. Анан да таң калганым – кээде ырдын сөзүн туура эмес айтып эле ырдай беришет. Ушуга таң калып бүтпөйм, ырдын маанисин билбей туруп кантип ырдаса болот? Ал эми «Сен менин түшүмсүң» ырын аткарган 7 ырчынын баарына эч бир сөзүм жок, мыкты аткарышкан. Ыр жаңыланып ырдалып турса, автор жана обончу үчүн сыймык. Сүйүнүп каласың.
Талант Кадыров, ырчы: «БУЛ ЫР МАГА ИЙГИЛИК АЛЫП КЕЛДИ»
– Бул ыр мага бала кезимден бери жагат. Каныкей Эралиева менен Султан Каримов ырдаган вариантында эсимде калыптыр. Ырды жактырып, ким менен ырдасам деп ырчы кыздарды көзүмдөн өткөрүп жүргөндө бир кечеде Айя Садырова менен жолугуп калдым. Айя көптөн бери ырдабай жүргөн, мен да сахнадан бир аз четтеп, кайра кайтып келген кезим эле. Сунушумду айтсам макул болду, дароо эле Каныкей эжеге чалып, уруксат сурап ырдап чыктык. Сөзүн жазган Өмүрбек байке клип чыккандан кийин жолугуп калып ыраазычылыгын билдирип, китептерин белек кылган. Ал киши биринчи сүйгөнүнө арнаган экен. Толкунданып, рахматын айтып кеткен. Токтобек Асаналиев менен Миргүл Асаналиева экөө ырдап чыкканын силердин гезиттен билдим, ага чейин билген эмесмин. Токтобек байке туура эле айтыптыр, биз эстрада менен ырдап чыктык, алар классикалык жанрда ырдашты. Алардын варианты да жакшы чыгыптыр. Репертуарымдагы эң жакшы көргөн бул ырым мага көп ийгиликтерди алып келди. Клипти жакшы тартканга аракет кылганбыз, элге жакшы алынды.
«СЕН МЕНИН ТҮШҮМСҮҢ»
Сөзү: Өмүрбек Дөлөевдики
Обону: Атайбек Бөдөшовдуку
Өттү мезгил сен өчпөдүң
Сен өчпөдүң көңүлдөн,
Жүрөгүмдөн орун алдың
Орун алдың өмүрдөн.
Негедир билбейм түштө бирге
Түштө бирге жашайсың,
Эске салып күндөрүмдү2
Эске салып күндөрүмдү көрүнгөн.
Өмүр атын миң чуркатып арытпай,
Махабатым миң жолугуп кайыптай.
Улам бийик, улам ыйык сезилди,
Бир кылымдан бир кылымга
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.
Издесем да канаттарым
Канаттарым кайрылып,
Калсам дагы канча жылдар
Канча жылдар айрылып.
Түн өткөрбөй түштө өзүң
Түштө өзүң жомоксуң,
Каркырадай жазда келген2
Каркырадай жазда келген кайрылып.
Сөздөрүңдө жөндөмөдөй жөндөлүп,
Менде жашап калганына шерденип.
Ойгонсом түш, сен барасың жаркырап,
Унутуумдан учкан жылдыз2
Унутуумдан учкан жылдыз өңдөнүп.
Ар бир күндүн сенден мага2
Сенден мага гүлдөрдүн,
Сага айланып жашай берем2
Жашай берем күндөрдү.
Санаамда сен көргөн жакшы2
Көргөн жакшы түшүмсүң,
Сага айланып жашай берем2
Сага айланып жашай берем түндөрдү.
Бир ыр болуп кайталанып, түбөлүк,
Ойлорума күнү-түнү ширелип.
Сезимимдин күнүндөйсүң жаркытып,
Өмүрүмдү өзүңө сен2
Өмүрүмдү өзүңө сен имерип.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg