Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына (Финпол) суракка чакыртылды. Финполдун маалыматына таянсак, экс-чиновник коррупциялык иштер боюнча суралууда.
"Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги айрым кызмат ээлеринин кээ бир фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, коррупциялык иштерге баруу фактысы аныкталды. Учурда аталган факты боюнча иш иликтенүүдө",- деп айтылат маалыматта.
Космосбек Чолпонбаев – коомчулук “коронавируска каршы убагында жетиштүү чара көргөн жок” деп күнөөлөп, жоопко тартылышын талап кылып жаткан чиновниктердин бири. Анын Бишкекте бир нече дарыканалары бар экени, учурда аны уулу Эркин Чолпонбаев жетектей турганы ЖМКларда айтылып, жазылып келет.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg