"Исмаил Матраимов" атындагы кайрымдуулук фонд COVID-19 илдетине каршы күрөшкө колдоо көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов интернеттеги жеке баракчасына жазды. 5-июлда Бишкектеги “Rixon” мейманканасынын базасында 60 адамга ылайыкталган оорукана ачылды. Мейманкананын аймагында дарыгерлер үчүн жатакана да уюштурулары айтылды.
“Мындан тышкары Ошто “Андрос-Ош” көп профилдүү оорукананын базасында да 35 орундуу оорукана ачылат. Эгер ооруканалар жетишпесе, биз “ЕREM” спорт комплексин күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даярбыз” деп айтылат маалыматта.
Бул иштердин демилгечиси Райымбек Матраимов тарабынан өпкөнү жасалма дем алдыруучу 10 аппарат, 500 кычкылтек концентратору, 2 портативдүү рентген, кандагы кычкылтекти текшерүүчү 50 оксиметр, 200 дарыгерге коргоочу кийимдер сатып алынганы айтылды.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg