Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков 6-июлда эки тараптуу пневмониядан көз жумду. Депутат абалы оорлошуп, соңку күндөрү Бишкектеги улуттук госпиталда дарыланып жаткан. Ал Кыргыз парламентин 2016-жылдын 27-апрелинен 2017-жылдын 25-октябрына чейин жетектеген. Чыныбай Турсунбеков коомчулукка акын, котормочу, "Акун" компаниясын түптөгөн ишкер катары да таанымал.
Экс-төрага 1960-жылы Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган. Филология илимдеринин кандидаты. 1989-жылдан 1997-жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеп, 1997-жылдан 2010-жылга чейин ишкерлик менен алектенген. Бир нече ыр жыйнактардын автору. Ал быйыл 60 жашка чыкмак.
Маркумдун сөөгү 7-июлда Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.
“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Чыныбай Турсунбековдун мезгилсиз дүйнө салганына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg