Учурда коронавирус пандемиясы жүрүп жатканына байланыштуу “ооруп жатам” деген эле адамдар. Ооруп калгандардын арасында шоу-бизнестин өкүлдөрү да бар. Алар оорунун белгилери кандай пайда болгонун, кантип дарыланып жатышканын айтып беришти.Залина Касымова, кыл кыякчы: “БАЛАМ КАТУУ КЫЙНАЛДЫ”
– Ооруганыма 10 күн болуп калды. Дене табым көтөрүлгөн жок. Бирок алым кетип, чыйрыгып, бирде үшүп, бирде тердеп жаттым. Азыр өзүмдү жакшы сезип калдым. Бирок дагы деле жыт сезе элекмин. Ушул нерсеге көнө албай жатам. Бир нерсени мурдума такап жыттасам да жыты жок. Менден балдарыма жугуп, экөө тең оорушту. Кызымдын дене табы көтөрүлүп, бир күндө кайра түштү. Балам көбүрөөк кыйналды. 3-4 күн дене табы көтөрүлүп, 39га чейин жетти. Тердеп-кургап, буту-колу ооруп, ичи өттү. Витаминдерди ичип, дарыгерлер айткан дарыларды ичип айыктык.
Кайрат Примбердиев, ырчы:
“ЭЛ КЫЗМАТЫНДАГЫЛАР УШУЛ ОКУЯДАН ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГАРЫШСА БОЛМОК”
– Мен 2 жума мурун башым, муундарым ооруп, алсырап 3 күн жаттым. Ооруп жаткан кезде кытай жана француз антигриппиндерин ичтим. Антибиотик ичкен жокмун. 3-4 күндөн кийин өзүмө келип, эшикке чыга баштадым. Кайра жыт, даам сезбей калганымды байкадым. Бирок өзүмдү жакшы сезип жүрдүм. Мындай абал 4 күндөй созулду. Азыр баары жакшы, ден соолугум калыбында. Элибизди Кудай сактасын. Элге айтарым, колдон келсе дарыгерлер менен акылдашып дарылангыла. Азыр элге кыйын заман болуп турат. Элибиз өзү менен өзү болуп калды. Жооптуу кызматтагылар ушундай күндө алдыңкы сапта жүрүп, бардык кырдаалды өз көзү менен көрүп, ошондон жыйынтык чыгарып иштешсе жакшы болмок.
Курал Чокоев, ырчы: “ҮЙ-БҮЛӨМДҮ ШААРДАН АЛЫС ЖИБЕРДИМ”
– Мен суук тийип оорудум окшойт. Дене табым 37,8ге чейин көтөрүлдү, алсырадым. Бал менен чай ичип, тамакты күчтөп жеп, антибиотик ичип, 2 күн үйдө жаттым. Тамакка табитим жакшы эле тартып, даам, жыт сезип жаттым. Үй-бүлөм жанымда болду. Кудайга шүгүр, алар оорушкан жок. Азыр шаардан алыс болсун деп жубайымды кызым менен кошо төркүнүнө, Көлгө жибердим. Ооруп жаткандарга өз алдынча дарыланбай, врачка көрүнгүлө деп айткым келет.Каныкей, ырчы: “ЖЫТ, ДААМ СЕЗБЕЙ КАЛДЫМ”
– Эки жума мурун кулагым, мурдум ооруп баштады. Андан кийин эле алсырап жатып калдым. Сөөктөрүм какшап ооруп, дене табым 38,5ке чейин көтөрүлдү. Доктурга чалып, ал айткан дарыларды ичтим. Бир күндөн кийин дене табым түштү. Бирок шалдырап, башым ооруп, тамак жей албай, жүрөгүм айланды. Андан кийинки күнү жыт, даам сезбей калдым. 2 жума өзүмө келе албай койдум. Азыр баары жакшы. Жакшы болуп калганда доктурдан сурасам уруксат берди эле касиеттүү Ысык-Көлгө барып, 2 күн жүрүп келдим. Көлгө түшкөн жокмун, эч ким менен жолуккан жокмун. Жөн гана абасы менен дем алып, көлдүн шарпылдаган толкунун угуу мага жетиштүү болду. Ошол жакка барганда өзүмдү аябай жакшы сезип калдым. Мен ооруп калганда кызымдын да, баламдын да дене табы көтөрүлдү. Бирок дары берсем эле түшүп калды. Мен бардык нерсе үчүн Кудайга шүгүр кылам. “Элибиз бул илдеттен тезинен кутулуп чыкса экен” деп тиленип жатам.Үмүтай Абдышова, ырчы: “ӨЛҮП КАЛАМБЫ ДЕП КОРКТУМ”
– Мени менен чогуу жашаган эже коронавирус болуп ооруп калыптыр. Ошондон улам паникага алдырдым окшойт. Фотосессия кылып жүргөндө тердеп, алсырап, баса албай калдым. Дене табым көтөрүлүп, жүрөгүм айланып, тердеп-кургап ооруп калдым. Дароо дарылана баштадым. 300 грамм имбирди 1 литр сууга кайнатып, бир баш сарымсакты туурап кошуп, бир лимонду тышы менен кошо майдалап туурап кошо кайнатып, ага 150 грамм бал салып, ысык бойдон бир кружка ичип, тердеп жаттым. Мындан тышкары дарыларды ичтим. Ошентип бир күндүн ичинде айыгып кеттим. Азыр Кудайга шүгүр, баары жакшы. Ооруп калганда лентадан жаман жаңылыктарды окуп алып өлүп каламбы деп корктум. Мындайда жаныңда жакын адамың болсо жакшы экен. Каалаганымды жасап, жакшы сөзүн арнап жанымда жигитим жүрдү.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg