ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 13-ИЮЛДАН 19-ИЮЛГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Ар кайсы маалыматтарга дүрбөлөң түшпөңүз. Окуу же жумуш боюнча аткарчу оор жумуш күтөт. Тааныш-билиштерден кеңеш сурап же интуицияга таянып кадам таштап көрүңүз. Эс алуу күндөрүнө эч нерсе пландабай, үйдө калуу сунушталат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Ушул аптадагы жасаган ишиңизден айдын аягындагы маанилүү иш көз каранды болмокчу. Алдыга коюлган пландарды эртеңки күнгө калтырбаңыз. Керексиз байланыштардан качыңыз. Чыгармачылык дараметиңиз жогорулайт. Бирөө менен чогуу кылган ишиңиз ийгиликтүү аяктайт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жеке жашооңуз жакшы жакка өзгөрө баштайт. Аптада керемет күчкө ээ болуп, көп жакшы нерселерди жаратарыңыз күтүлүүдө. Ийгиликти колдон чыгарбаңыз. Чөйрөдөгүлөрдүн пикирин угуп коюу туура. Өзүмчүлдүк кылып жатып жаман көрүнүп каласыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Апта ичинде чыдамдуулук, билим жана жөндөмүңүз ишиңиздеги чыныгы профессионал экениңизди далилдейт. Көйгөй жараткан майда нерселер, убакытты алган жагымсыз жагдай жаралса көңүл бурбай койгон оң. Утурумдук жаралган маселе чечилет. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга ишениңиз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жуманын башында алган маалыматтын чын-бышыгын аныктамайынча кабыл албаңыз. Дүрбөлөңгө түшүп, бекер тынчсызданасыз. Ийгиликтүү ишке ашып жаткан жумушуңузду жаңы баскычтарга чыгарыңыз. Ата-эненин, жакындардын абалын сурап турууну эстен чыгарбаңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Апта ичинде жасай турган кадамдарыңыздан мурда ар бир нерсени тыкыр анализдөө керек болот. Жетекчилик менен болгон нааразычылык орун алат. Жумшагыраак болгонуңуз оң. Бейшемби жаңы нерселерди үйрөнүүгө ийгиликтүү күн. Жума күн иш боюнча сүйлөшүүлөргө ылайыктуу.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Бир гана өзүңүздүн жумуштарды гана эмес, жакындардын маселесин чечүүгө да туура келет. Бул үчүн сизге көп күч керек. Туура тамактанып, эрте уктап, ысык-сууктан этият болуп, өзүңүзгө күч топтоңуз. Апта соңунда масштабдуу эмес, тар чөйрөдө эс алууну пландаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Позитивдүү болуңуз. Чагылгандай чарт-чурт кыялды жыйыштырып, бардык нерсеге сабырдуу кароо сунушталат. Айлана-чөйрөдөгү адамдардын чыңалган маанайы сиздин кыялды көтөрө албашы мүмкүн. Сизге керектүү болгон маалыматка оңой жетип кубанасыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Апта ичи тынч өтөт. Шейшемби күнү жаралган жагымсыз кырдаалдан достордун жана үй-бүлөңүздүн колдоосу менен чыгасыз. Жума, ишемби күндөрү мурда башталып, аягына чыкпай калган иштерди бүтүрүүгө ылайыктуу. Апта соңу жан дүйнөгө тынчтык тартуулаган күн болот.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Сизди бул аптада көйгөйлүү дагы, ийгиликтүү дагы маселелер бирдей коштоп жүрмөкчү. Бул абал сизди бир аз чарчатып коюшу мүмкүн. Жаралган кырдаалдан коркпой, бекем туруп, өзүңүзгө ишенип кадам таштасаңыз, бардыгы ойдогудай ишке ашат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Ишиңизде ийгилик күтөт. Көптөгөн суроо-талаптарга карата алмашкыс кызматкер болосуз. Бир ишти баштаган соң аны аягына чыгарып анан кийинкисин баштабасаңыз, энергияны туура эмес сарптап алып кыйналасыз. Апта соңун үй-бүлөлүк эс алууга арнаңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Сизге тааныш эмес нерселер менен алек болууга туура келет. Бирөөлөр кызыктуу жумуш сунушташат. Сүйлөгөн сөздөрдү ылгабасаңыз, жакыныңызды таарынтып алышыңыз мүмкүн. Оңдоп-түзөө, көптөн бери убакыт жоктугунан кол тийбей жүргөн жумуштарга тартыласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 918, 9-15-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан