Сонун жигит. Көптү билгени, анализдегени, эң башкысы эркектин негизги милдетин билгени жакты. Акылдуу сөздөрдү көп киши сүйлөй алат, бирок ар бир сөздү жүрөктөн өткөрүп сүйлөгөн башка эмеспи. Алпаруучу Эркин Рыскулбеков менен ошондой маанайда маектештик. Сизге кызыктуу болот деп ишенем.
– Эркин, тумоолоп жаткан элең, абалың кандай болуп калды?
– Даам, жыт сезбей калдым, жөтөлдүм. Бирок жеңил өтүп кетти. Шүгүр, азыр жакшы болуп калдым.
– Эл бул дарт менен күрөшүүдө өзү менен өзү калгандай болду. Сага да ошондой сезилип жатабы?
– Башка өлкөлөрдө “абал курчуп кетсе, мындай кылабыз” деген "Б" планы бар болчу. Мамлекет башчылары жаңы оорукана сала албаса да, бир имаратты бошотуп, керебеттерди, жок дегенде дем алдыра турган аппараттарды даярдап коюшу керек эле. Азыр ишкерлер жасап жаткан иштерди мамлекет апрель айында жасашы керек болчу. Аппараттарды алдырууга эмнеге ырчы Анжелика чуркап, башкалар акча чогултушу керек? Бул мамлекеттин түздөн-түз милдети да. Тилекке каршы, өкмөт функциясын аткарган жок. Эл биринчи жолу өзү менен өзү калган жок. Эсиңерде болсо, 2005-жылкы төңкөрүштө ыктыярдуу топ түзүлүп, “биз эл менен!” деген жазууларды жазып жатып соода-сатык тармактарын сактап калышкан. 2010-жылы ошондой эле төңкөрүш болду. Саясатчылар “ким каякка отурат?” деген кресло талашмай менен алек болуп жатышканда Бишкек талоондо калды. Мен ал кезде студент элем. Мен курдуу жигиттер менен чыгып түнү менен дүкөндөрдү кайтарып чыкканбыз. Кийин Ош коогалаңы болду. Анда жаш адис элем, элге жардам катары акча чогултканбыз. 3 жыл мурун Дача-СУга учак кулады, бирөө басып келдиби? Ажобуз басып келип көңүл айткан жок, кайра эле эл жардамга кол сунду. Элибиз өз киндигин өзү кесип келе жатат.
– Мунун “чекити” болобу? Качанкыга чейин өз киндигибизди өзүбүз кесе беребиз?
– Чекит коюш үчүн эл аң-сезимин өзгөртүшү керек. Тойлордо көп байкайм. Азыр батаны аксакал бербей, даражасы бийик министр, депутаттарга бердирип калганбыз. Депутаттар “биз тандалып келген эл өкүлдөрүбүз” деп жатышат, тандалып келсең жоопкерчиликти ал да. Мен салык төлөөчү катары, аларга добушумду берген жаран катары талап коё алам. Талап кылганды үйрөнсөк чекит коёбуз.
– Бул жолу маданият өкүлдөрүнө ыраазы болдум. Анын ичинде сен да барсың. Макул, пиар үчүн болсун, бирок жардам берилип жатат...
– Негизи жардам бергендер көп. Ишкерлер, колунда бары да, жогу да бири-бирине жардам берүүдө. Кесиптештеримдин социалдык тармакта катталуучулары көп болгону үчүн көзгө түшүп жатышат. Жарыялабай коёюн дейсиң, бирок сени ээрчиген адамдар көп болот экен, ошондуктан жарыя кылууга туура келди. Мисалы, тааныбаган эле бир байке Инстаграмдан жазып, 200 миң сом берди. “Республикалык штабга берели дегенбиз, бирок алар таза иштегенине күмөн санап калдык. Силерге ишендик” деп тапшырып кетишти. Ооба, быйыл маданият тармагындагы адамдардын жарандык позициясын көрдүм. Мурун “мен кыргыздын уулу болгонум үчүн сыймыктанам” деп сахнага чыгып бир-эки пафос сөз айтып, ийиле жүгүнүп, ошону менен жок болуп кетишчү. Эл акыркы жумада кыйналып кетти, ошондо ырчылар “мени чоңдор той-топуруна, мамлекеттик иш-чараларга чакырбай калат, жөн эле отуруп турайынчы” дебей, ачык позициясын билдиришкенине кубандым.
– Апаң жөнүндө жазган блогдоруңду окуп калабыз. Бул жолу атаң тууралуу айтып берсең...
– Атамдын көзү өтүп кеткенине 16 жыл болду. Мен атага тең уул да боло албадым деп ойлойм. Жайдары, март, элди ээрчиткен лидер адам болчу. Сүйлөсө атам сүйлөсүн, ырдаса атам ырдасын дегендей эле. Өңүм, анан элдин сүрүнөн коркпой алпаруучу болуп кеткеним атама окшош деп ойлойм. Мага атамдай болуш кайдан.
– Жашооңдо бактылуу кокустук болгонбу?
– Жолум ачык, “везунчик” баламын. Студентмин, курстун алдыңкы үч студентин Анталияга билимин тереңдетүү үчүн жиберишчү. Мен алдыңкы үчтүккө эмес, ондукка да кирчү эмесмин. Байрам Кара деген түрк улутундагы деканыбыз бар эле, мени чакыртып жибериптир.”Окуу жайдан чыгарып жибербесе экен” деп корктум. Барсам “Эркин, мына бааларың. Сен Кудайдан жөө качкан эле бала экенсиң. Студенттин биринчи функциясы – жакшы окуу. Бирок сени теледен көрүп калдым. Мыкты үч студент барышы керек эле, бирок тааныштарымды салып жатып сени төртүнчү кылып коштум. Өзүмдүн атыман ТРТга стажировка өтөгөнгө сага жолдомо алдым. Теле сеники экен, бул тармакта өзүңдү өстүр” деп жиберген. Дагы бир бактылуу кокустук, Мелис Эшимканов кокустан тепкичтен кезигип калып эле 2-курстун студенти экениме, дипломум жок экенине карабай телеканалга жумушка алган. Бактылуу кокустуктар, көп адамдар, жагдайлар бул атты жасашыма жардам беришти.
– Шайыр-шатман жүрөсүң. Өзүң менен өзүң калган учурда эмне тууралуу ойлоносуң?
– Өзүм менен өзүм калганда куураган куу кекиртек демекчи, эртеңки жөнүндө ойлоном. “Ремонтту бүтүрүш керек, бастырманын алдын жасап коюшум керек” дегендей тиричилик тууралуу ойлоном. Бирок андай ойлордон качам, өзүмдү алаксытканга аракет кылам. Жашоомдо терең депрессияга кирип кеткен учурларым болгон.
– Сүйүүдөн уламбы?
– Жок, эки жолу тең “жашоодо жолумду туура эле тандап алдымбы? Мени менен тең балдар мындай ийгиликтерге, бийиктиктерге жетип жатат” деген ойлордон улам кирип кеткем.
– “Эркектин биринчи милдети – каражат табуу” деген оюң жакты.
– Таш доорунан бери эле эркек куралын алып сыртка чыгып тамак-аш таап келет, аял тукум улайт. Экөө биригип тукумдарын коргойт. Бул мыйзам. Биз табияттын бул мыйзамын жоготуп алдык. Батыш, орустар, арабдар дедик. Аларды туурадык. Эч биринин жакшы жактарын ала алган жокпуз, өзүбүздүкүн да сактап кала албадык. Түпкүрүндө эркектер морт. Сынып калат. Дагы бир кыргыз эркегинин жаман адаты – куру намыс. Стамбулда кафеде отурсаң 50гө чыгып калган официант эркек келип тыпылдап тейлеп кетет. Эч уялбайт. Бизде 40тан өтсө курсак байлайт, галстук тагынып бир жерде отуруш керек. Антпесе үйдө отуруш керек. Үйдө отурган эркек майдаланат, чүнчүйт, ызакор болот, ичкиликке жакындайт. Анан барып табигый функциясын унутуп калат. Агрессия башталып, жанагы дөңгөлөктү асып алып урган эркекке айланат.
– Ал аял арызын кайтарып алды...
– Эч таң калган жокмун. Мен биздин аялдарды мигранттарга салыштырам. Аялдар зомбулукка кабылганда “кайда барам? Өзүмдүн билимим жок болсо эмне кылам?” деп аргасыз зөөкүр күйөө менен элдешкенге макул болушат. Мигранттар да күйөөсү урган аялдардай эле айласыз. Башка улут деп кордолгондо, укугу корголбогондо түкүрүп туруп “Москваңды желкемдин чуңкуру көрсүн” деп басып кеткиси келет. Бирок кайда барат? Келсе мамлекети алсыз, иш менен камсыз кыла албайт. Баарына чыдаш керек болот. Ошол эле айласыздык сузактык эжеде болду.
– Өткөнкү шайлоодо “үгүт иштерине катышпайм” деп катышпай койгонсуң. Бул жолу да ошол принциптесиңби?
– Оюм эки эсе бекемделди. Рахмат, ошону эскертип койгонуңарга. Беш жылдын ичинде ошол партиялардын бири да жыргаткан жок. Келе жатканына да катышпайм. Азыр той да жок, эч нерсе жок. Бирок ачка калсам да үгүт иштерине катышпайм, анткени моюнума саясий жүктү үйгүм келбейт. Ошол учурда көбүнө айткам, “тыйынды башка жактан да табабыз. Мобулардын оюнуна катышып ырдабай эле койгулачы” десем угушкан эмес. Ошого эми аң-сезимдери жетип отурат. Мирбек Атабеков менен кечээ эле кофе ичип отуруп сүйлөштүм, ал дагы катышпайм деди. Атактуулук бул да бир жоопкерчилик да. Бирөө мисалы, ал партияны тааныбайт, бирок Мирбек Атабековду таанып, жакшы көргөнү үчүн ал үгүт кылган партияны шайлашы мүмкүн.
– Эркиндик деп эле кыйкыра беребиз, сенин түшүнүгүңдө ал эмне?
– Эркиндик мен үчүн мамлекетимде мыйзамдардын так аткарылышы. Мен эртең менен коркпой, интернеттеги социалдык тармактар аркылуу “мага бет кап жетпей жатат” деп айта алганым. Ал үчүн бирөө келип кайра кечирим суратпаганы. Дагы мен шайлаган адам үчүн салган добушумдун башкача болуп өзгөрүлбөшүнө кепилдик. Идеалдуу коомду мен мындай көрөм. Мечит турат, мечиттин жанында мектеп турат, мектептин жанында кафе турат, анын жанында китепкана турат. Айтылган имараттын кайсынысына кирсем да, өзүмдүн тандоом болсо, аны эч ким сөз кылбаса ошол менин эркиндигим. Өзүмдүн атым менен жазамбы, фейк менен жазамбы ага эч ким киришпесе, ал менин эркиндигим.
– Кел, сүйүү тууралуу ойлор менен маекти жыйынтыктайбыз. “30 жаштын ары жагында сүйүү болбойт” деп Алыкул акын туура айткан бекен же жаңылыптырбы?
– Бар да, болбосо Раймалы кайдан чыгат эле. Отуздан кийин оор басырыктуу, жоопкерчиликтүү, акыл калчаган махабат келет. Билимдүү, жан дүйнөсү терең адамдарды баалай баштайсың. Үйлөнгөндөн кийин сүйүү да, жапайы кумар да түгөнгөндө бир нерсе калыш керек да. Маңдайыңда жан дүйнөсү бай, арманыңды уккан, кызыктуу адам менен калышың керек деп ойлойм.
– Маегиңе рахмат!
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg