Автокырсыкка кабылып, оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган ырчы Асел Кадырбекова палатага которулду. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков 7-июлда билдирди.
"Ырчынын абалы оор, бирок туруктуу. Бир аздан сүйлөп баштады. Ал көбүнчө уктап жатат. Жылыш бар. Биз аны жандандыруу бөлүмүнөн өзүнчө палатага котордук. Жанында апасы бар. Асел апасын жана башка адамдарды тааный баштады",- дейт Жумабеков.
Эске салсак, Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Кырсык көчөгө орнотулган видеобайкоого жазылып калган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Ырчы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө эс-учун билбеген абалда бир аптадай жаткан.
Жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаранга иш козголуп, Бишкектин Свердлов райондук соту аны 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган.