«Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү, "Аалам сулуусу-2018" сынагынын катышуучусу Бегимай Карыбекова коронавирус инфекциясы менен күрөшкөн "Бирге" ыктыярчылар ассоциациясынын катарына кошулду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, каалоочуларды чакырды.
Түзүлгөн топ 2-июлдан тартып иштей баштады. Ыктыярчылар тобу пандемия шартында ооруканаларда, стационарларда иштеп жаткан медкызматкерлерге керектүү каражат, тамак-аштарды ташып жана башка ар тараптуу жардам көрсөтүүдө.
– Биз дарыгерлерге жардам беребиз, коронавирус илдетине кабылган адамдар менен түз байланышта болобуз. Биздин топто 170 адам бар. Чын дилден жардам бергиси келген жарандарды катарыбызга кошулууга чакырабыз,- дейт модель.
Бегимай Карыбекова учурда италиялык "Еmpоriо Аrmаni" компаниясы менен иштешип жатат. Ошондой эле Германиядагы ири "Louisa Models" агенттигинин модели.