ЖУРНАЛИСТ БҮБҮКАН ДОСАЛИЕВА КАЗА БОЛДУ

Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева 5-июлда капысынан келген илдеттен улам 62 жашында дүйнө салды.

Ал кыргыз журналистикасынын көрүнүктүү өкүлү, илимпоз, педагог, саясат таануу илимдеринин кандидаты эле.

Бүбүкан Досалиева 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган. Эмгек жолун Республикалык балдар китепканасында библиограф болуп иштөөдөн баштаган. КТРК, "Сары-Өзөн-Чүй" телеканалдарында бир топ жыл иштеген. Ошондой эле бир катар университеттерде журналистика боюнча сабак берген. 1995-жылдан бери "Азаттык" радиосунда иштеп келе жаткан.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Бүбүкан Досалиеванын көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ainura220888
2020-07-13 10:53:25
Арабаевада Досалиева деген эже бар эле жур.факта
+1
ainura220888
2020-07-13 10:53:43
Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун
0
№ 918, 9-15-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан