Авазбек Аманбеков, кикбоксчу: “АТА-ЭНЕМ АКЫРКЫ БЭЭСИН САТЫП, МЕНИ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНА ЖИБЕРГЕН”

36 күндүн ичинде удаасы менен 2 ирет Дүйнө чемпиону болуунун өзү кандай эрдик. 2019-жылы кикбокстун лоу-кик жана фулл-контакт түрү боюнча эки Дүйнө чемпиондугуна катышып, экөөндө тең алтын медаль тагынган спортчу Авазбек Аманбеков менен болгон маекти сунуштайбыз.

Туулган жылы – 1991-жыл, 16-апрель

Туулган жери – Ош шаары

Билими – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн

Учурда – Үй-бүлөлүү

Жетишкендиктери – Кикбокс боюнча Кыргызстандын чемпиону,
ушу-саньда боюнча Дүйнө кубогунун ээси (2016), кикбокс боюнча Азиянын (2017-2018) жана Азиялык оюндардын (2017) жеңүүчүсү, кикбокс боюнча 3 жолку Дүйнө чемпиону (2013, 2019, 2019)

Машыктыруучусу – Маралбек Давлеткулов

– Саламатсызбы, Авазбек, ден соолугуңуз жакшыбы? Учурда эмне менен алексиз?

– Жакшы, рахмат. Учурда Ысык-Көлдө сбордобуз.

– Инстаграмда “21 күн ичинде өзүңдү өзгөрт” деген долбоор баштаптырсыздар. Идея эмнеден улам жаралды?

– Бул демилгени “Таасирлинк” долбоору сунуш кылган. Мага да абдан жакты. Ушул долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Негизи кайсы бир иш-аракетти адатка айландыруу үчүн аз дегенде 3 апта керектелери окумуштуулар тарабынан далилденген. Долбоордун максаты – бир пайдалуу иш баштап, аны адатка айлантуу. Чуркоо, эрте туруу, китеп окуубу, айырмасы жок. Эң негизгиси өзүнө, ден соолугуна, коомчулукка пайда бере турган иш-аракет болушу шарт. Өзүм күнүнө бир барак Куран окууну баштадым.

– Жакшы экен, ийгилик! Балалыгыңыз, спортко болгон алгачкы кадамдарыңыз тууралуу билгим келип турат...

– Түбүм Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Дыйкан айылынан. Ош шаарында төрөлүп, 6 жашка чейин ошол жакта өскөм. Кийин үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келип, жашап калдык. №57 орто мектепти бүтүргөм. Үйдөгүлөр “кичинекейиңде аябай тентек болчусуң, качан болбосун башың эле жарыла берчү” деп күлүп калышат. Тентектигимдин айынан башыма таш тийип, кулагым тытылып же дагы бир нерсе болуп эле жетип келчү экенмин. Айтор, денемде калган тактар көп. Кичинемден эле каратэ, таэквондого кызыкчумун. Кинолордон мушташкандарды көрүп алып, ушулардай болсом деп жүрүп машыгуу залына бардым.

– Ошондо спортко болгон кызыгуу кинодон улам ойгонгон экен да?

– Ошондой десем да болот. Жан-Клод Ван Дамм, Жет Ли, Жеки Чан, Брюс Ли аткарган кунг-фу, ушу, каратэ сыяктуу чыгыштын мушташ өнөр искусствосу көрсөтүлгөн кинолор болчу. Айрыкча ак кимонолорду кийип алып машыккандарына суктанчумун. Мен дагы мушташканды үйрөнсөм деп кыялданып жүргөндө биз окуган мектепке таэквондо секциясы ачылып калды. 9 жашымдан тарта таэквондо менен машыга баштадым. Таэквондодо кара кур ээси, өлкө чемпиону болгом. 17 жашымда кикбокско которулдум. Себеби ошол учурда кикбокс өсүп-өнүгүп жаткан. Өзүмдү бул жаатта да сынап көргүм келди. Ошондон бери Маралбек Давлеткуловдун колунда машыгып келем. Ошол эле учурда ушу-саньда, кармаш уруш күрөшү боюнча да беттештерге чыгам.

– Уруш өнөрүн тандаганыңызга ата-энеңиз кандай карайт?

– Эң алгач машыгуу залына апам өзү алып барган. Үйгө келип “мектепте таэквондо ачылды” десем, “макул, бар” дешти. Ата-энемдин колдоосу менен ушундай ийгиликке жеттим. Мелдештерге ак батасын берип узатып, келгенде жаркырап тосуп алышат. Аларга чексиз ыраазымын.

– Спорт сизге эмне бере алды?

– Эң негизгиси – мекенге болгон сүйүү. Чет жакка чыкканда патриоттук сезим күчөйт, ата-эне, үй-бүлөгө болгон мамиле өзгөрөт. Спорт кол-бут менен эле мушташып коё турган нерсе эмес. Адам катары калыптануу үчүн да тарбиялык мааниси зор. Спорт аркылуу досторумду таптым, эл-жер көрдүм. Жумушум да спорттон алыс эмес. Деги эле спортсуз өзүмдү элестете албайм, кандай ийгилик жаратып, эмне иш кылбайын, баары спортко байланыштуу.

– 2019-жылды ийгиликтүү жыйынтыктап, Сараеводо жана Анталияда өткөн кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда эки ирет удаасы менен чемпион аталдыңыз. Чемпиондукка карай жол кандай болгон?

– 2019-жыл эсимде калган жемиштүү жылдардан болду. Октябрь айында Босния жана Герцеговина өлкөсүнүн Сараево шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугуна бардык. Бул жакта кикбокстун лоу-кик түрү боюнча өткөргөн төрт беттеште тең жеңишке жетиштим. Жакшы даярдыкта, өзүбүзгө ишенип барганбыз. Кудайга шүгүр, 1-орунду алып келдик. Даярдык жакшы болгондуктан жеңишке жетүү кыйынчылык жараткан жок. Машыгууда канчалык кыйналсаң, беттеш ошончолук жеңил болот деп коёт. Көпчүлүк учурда мелдеш учуру эмес, ага чейинки машыгуулар эсиңде калат. Анткени 2-3 маал үзгүлтүксүз машыгасың, салмак кууйсуң, диета кармайсың.

Түркиянын Анталия шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугуна барабыз деген деле ой жок болчу. Даярдык күчтүү болуп, спорттук формада турган учурдан пайдаланалы дедик. Бир ай ичинде дагы даярдандык. Анталияга кикбокстун фулл-контакт түрү боюнча бардым.

Финалдык беттеште түркмөнстандык мурунку атаандашым менен кез келдим. Аны менен буга чейин да эки ирет кармашып, жеңип алгам. Каршылашым күчтүү болгондуктан жеңиш кыйын жол менен келди. Беттештин акырына чейин утулуп жаткам, чечүүчү секунддарда таамай соккулар менен нокдаунга учуратып, упайлар эсебинде жеңишке жеттим. Келгенде агайларым “азаматсың, мурда бир ай аралыгында эч ким 2 жолу Дүйнө чемпиону болгон эмес, тарых жараттың” деп ыраазы болушту.

– Спортчуларга мамлекет тарабынан колдоо жетишсиз. Анын үстүнө кикбокс олимпиадалык эмес спорт түрүнө кирет. Спорт каражатты талап кылат, каржы жаатын кантесиңер?

– Рахмат. Чынында спортчуларга кыйын эле. Мелдештерге барганда кыргыз спортчулары менен чет элдик спортчуларды салыштыра берем. Бизде спортчулар өжөр келишет. Мекенди сүйөм, Кыргыз желегин көтөрөм, эл үчүн, жер үчүн деген ураан менен жашашат. Башкаларда көпчүлүк учурда акча, жакшы шарт чоң роль ойнойт. Бизде шарт жакшы болгондо дүйнөлүк аренада чоң ийгиликтерди жаратмакпыз деп ойлойм. Спорт каражатты, ошол эле учурда убакытты талап кылат. Спорт менен эле машыгып жүрө берейин десең, акча алып келбейт. Акча табайын деп иштесең, спортко убакыт жок болуп калат. Эки жаатты тең бирге алып кетүүгө жетишпей, көбү спортту таштап коюшат. Кудайга шүгүр, өткөн жылы Сараевого барганда жол киребиз мамлекеттин эсебинен төлөндү. Мелдешке барарда акча издеп калган учур болбой койбойт. Ата-энем акыркы бээсин сатып, мени Дүйнө чемпиондугуна жиберген учур да болгон. Мамлекет жардам бербейт деп жатып алган болбойт. Анткени максатыңа жетүү маанилүү. Кылган мээнетиң акчага келип такалбашы керек.

Өз өлкөңө сөз тийгизүүнү каалабайсың. Мисалы, чет өлкөгө чыкканда деле казак, өзбек туугандар ушундай суроолорду беришет. Мактайсың да, кантип жамандамак элең? Карыз акча алып келдим демек белем.

– Спортту улуттук, олимпиадалык, олимпиадалык эмес деп бөлүп-жарбай, эмгек бирдей бааланса деген таризде президентке кайрылуу жасадыңыз эле, ошол кезде кандай эмоцияда элеңиз?

– Ошол учурда “күлгүн көз айнек” тагынып жүргөн окшойм. Эмоцияга алдырдым дебейм. Олимпиадалык эмес спорт түрүнө деле көңүл бурулуп, өсүп келе жаткан жаштарга стимул болсун деген максатта кайрылгам. Машыктыруучулук кылам, окуучуларым бар. Алар деле биз чемпион болсок, бизге ушундай жакшы мамиле болот экен деп алдыга талпынат да. Мисалы, биз бир айда 2 жолу алтын медаль алып келдик. Келгенде аэропорттон жок дегенде мамлекет өкүлдөрү, спорт агенттигинен барып тосуп алса кубанасың да. Сөзсүз эле акча бериш шарт эмес. Ошого дагы командада нааразычылык болгон. Албетте, бул өз өлкөңдүн намысы үчүн болгон аракет. Менден утулган атаандашым, мен Авазбекке утулуп калдым дебейт, мен кыргызга утулдум деп айтат. Бул Кыргыз өлкөсүн дүйнөгө таанытууда болгон спортчулардын салымы деп билем.

– Маегиңиз үчүн рахмат!

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
manatova
2020-07-13 14:32:49
Кыргыздын эр азаматтары аман болсун!
+5
Arstan18.18
2020-07-15 16:01:28
Кыргызымдын чыныгы жигиттеринин бири! Коп коп ийгиликтерди багындыр!
+1
№ 918, 9-15-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан