БИР БҮРКҮМ. ОБЛУСТАР АРАЛЫК КАТТАМ ТОКТОШУ МҮМКҮН...

  • Бишкекте 16 жаштагы кызды коркутуп, үйүн тоноого шектелип 3 кыз кармалды.
  • Президент Сооронбай Жээнбеков эпидемиялык кырдаалдан улам облустар аралык унаа каттамдарын токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
  • Дүйнөнүн 57 өлкөсүндө мекенине кайтууну каалаган 7812 Кыргыз жараны бар экенин 6-июлда ТИМ билдирди.
  • Бишкектин Ленин РИИБинин жетекчиси болуп Жеңишбек Абитов дайындалды.
  • Жалал-Абад облусунда акыркы 6 айда 138 өрт кырсыгы катталды.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: “Быйыл ЖОЖдорго жана кесиптик окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт”.
  • Бишкек мэри Азиз Суракматов: "Коронавируска вакцина табылгыча себепсиз көчөгө чыкпай тургула".
  • Кемин районунда 12 жашар бала Чүй дарыясына түшүп кетип каза тапты.
  • Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 8-июлда "эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлерин ишке чакыруу керек" деп билдирди.
  • 8-июлда Түркиядан Бишкекке 326 Кыргыз жараны кайтып келди.
  • Бишкекте 15 жаштагы кызын сабап өлтүрүүгө шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
  • Патрулдук милиция: "Бишкекте 1-июлдан 5-июлга чейин 2570 айдоочу жол эрежесин бузду".
  • БШК парламенттик шайлоого карата баннерлерди жана кеңсе каражаттарын аймактарга жеткирүү кызматын сатып алууга тендер жарыялады, жалпы сумма 21 миллион 121 миң сом.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 918, 9-15-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан