28-июнда Алай районунун Сары-Таш айылында кар жаады.
Өкмөт: “Медициналык кадрлардын резервине 870 адам киргизилди”.
Өлкөгө азырынча кайрадан өзгөчө абал киргизилбей турганы расмий маалымдалды.
Өлкөдө “Алтын тамга” аттестатын 234 бүтүрүүчү алды.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Олег Запольский 39 жашында пневмониядан каза тапты.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алды.
30-июнда премьер Кубатбек Боронов жетектеген жаңы өкмөт парламентте ант берип, ишке расмий түрдө киришти.
Парламенттик шайлоодогу босоголук чекти 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү жөнүндө мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
ЖАМК: “Абакта отургандардын арасында коронавирус жуктуруп алгандар жок”.
Өлкөдө токойлорду экинчи жолку улуттук инвентаризациялоо башталды.
1-июлда чартердик каттам менен өлкөгө Сауд Арабиядан 121 Кыргыз жараны учуп келди.
Кара-Суу шаардык кеңеши Кара-Суу шаарынын мэри кызматына Адыл Лолобаевди шайлады.
Автандил Добулбеков politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.