Жалпы адамзат жер жүзүн каптаган оору менен алышып, оор күндөрдү башынан кечирип жаткан маалы. "Бул сыноолор өтөт, кетет, жамандын артынан жакшы келет" деп бул кыйын күндө элге дем берип, кыргыздын бир топ ырчылары чогуу ырдап чыгышты. Таасирдүү ырдын автору, акын Акбар Кубанычбеков бул ырдын тарыхы тууралуу айтып берди.
АКЫН ТУУРАЛУУ:
Акбар Кубанычбеков 1992-жылы Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. КТРКда “Шайыр апалар” берүүсүнүн алпаруучусу. Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгында “Периштенин канаты” китеп жыйнагы үчүн Алыкул сыйлыгы ыйгарылган. Жалпы 300гө чукул обондуу ырлары бар.
“СУЛТАН МЕНЕН МИРБЕК ЭКӨӨ ЫРДАМАК”
– Март айында Султан Садыралиев “ыр жазбайлыбы?” деп чалып калганда “макул” дедим. Бул ырды башында Султан Садыралиев менен Мирбек Атабеков экөө ырдайбыз деп жатышкан. Карантинде үйдө отуруп видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп жаттык. Ыр жазылып бүткөндөн кийин ойлонуп көрүп, “бул ынтымакка чакырган, кыргыз элин биримдикке үндөгөн ыр болуп жатса, жамаат менен ырдабайлыбы?” деген пикирге келдик. Ырды жазып жатканда улам видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп, жазылган саптарын окуп берип жаттым. “Бул күндөр өтөр-кетер. Кыйналган жандардын үнү жетер” деп жазып окуп берсем, “болбой калды, башкача кылалы” дешти. Ошентип ырды түнкү саат 2-3кө чейин жазганбыз.
Ырды чогуу аткаруу үчүн ырчылардын баарына сунушташты окшойт. Сыркоолоп, тамагы ооруп калгандар ырдай албай калышты. Ырдын мен окуган акыркы куплети жок болчу. “Ырды жазып жаткандан кийин өзүң да окуп койбойсуңбу?” деген сунуш түшүп, акыркы куплетин кошуп жазып, окуп калдым.
“АДАМГА АДАМ МААНИЛҮҮ ЭКЕН”
– Бул оору жөндөн-жөн келген жок деп ойлойм. Кудайдан берилген сигнал болду. “Адамдар, ойлонгула, өзүңөр менен өзүңөр болуп эле баратасыңар. Күнүмдүк турмушуңар силерди жеңип бара жатат, бири-бириңерди унутуп баратасыңар” деген. Тууган менен тууган катташпай калышпадыбы. Ишиң болсо эле чалышат. Илгери “ден соолугуңду сурап коёюн дедим эле” деп ата-энелерибиз бири-биринин үйлөрүнө барышчу. Ошондой мамиле азайып баратканын ырга камтыйлы дедик. Көрсө, дүнүйөң ашып-ташып турса да кыйналып турган учурда “кандай болуп калдың?” деп жаныңа келип суу куюп бергенге адамдык мамиле керек тура. Ошондуктан адамга адам маанилүү деп ушул ыр жазылды.
Элге дем, руханий азык берүү оюбуз бар эле. Кудай буюрса, кечээтен бери көпчүлүк “ыйладык” деп жазып, чалып жатышат. Демек, дагы аракет кылып, ушундай ырларды жаратыш керек экен деген ойдо калдым.
Дүнүйө деп эле чуркап, планыбыздын кулу болуп калыптырбыз. Ортодо көп адамдар менен таарыныч бар эле. Өлкөбүздүн алтын адамдары бул дүйнөдөн өтүп кеткенде ошол ызаларды кечирет экенсиң. Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Чубак Жалилов өңдүү мыкты адамдар өтүп кетти. Сен өтүп кетсең, “мына ушулардай элдин баары ыйлагыдай өмүр сүрүш керек” экен деген ой келди. Ошондуктан “Акбар, уктап жата бербе, кыймылда. Кудай сага өнөр бердиби, жаз” деп өзүмө мотивация берип жатам.
“АДАМГА АДАМ КЕРЕК”
Сөзү: Акбар Кубанычбековдуку
Обону: Султан Садыралиевдики
Бул күндөр да өтүп кетер,
Кыйналган жандардын үнү жетер.
Баркын билбей бул жашоонун,
Жашадык заманда өзүм деген.
Баркын билбей бул жашоонун,
Жашадык заманда өзүм деген.
Кайырма:
Бул сыноолор өтөт, кетет,
Жамандын артынан жакшы келет.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө, адамга адам керек.
Абалыңды сурап турган,
Бул күндө, адамга адам керек.
Узак жолду улап келген,
Ар бир таң өзгөчө кубат берген.
Канча кыйын күн келсе да,
Адамбыз баарына чыдап келген.
Канча кыйын күн келсе да,
Адамбыз баарына чыдап келген.
Кайырма:
Сабыр керек сынбай турган,
Жакшы күн бар улай турган.
Чыңалсын деп адамзатты,
Сыноолорду Кудай сунган.
Чыңалсын деп адамзатты,
Сыноолорду Кудай сунган.
Кайырма:
Адам жөлөк курбусуна,
Себепкер жаркыган турмушуна.
Кыйын күндөр бирге өтөт,
Таянып эл деген уул-кызына.
Ынтымакта жеңе турган,
Кайрат бер, сабыр бер кыргызыма.
Кайырма:
Адам деген көпүрө турмушуна,
Адам деген жөлөк да курбусуна.
Күч бар кезде биригип бир муштумга,
Курсак экен көпүрө кыргызыма!
Сен өлбөйсүң артыңда изиң калса,
Сен жашайсың тарыхта ишиң калса.
Ташты талкан кыла бер сапарыңда,
Темир кессең мокобос мизиң барда.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg