Борончу Кудайбергенов, куудул: “БУЛ ООРУ БИЗГЕ ДЕПУТАТТАРДЫН КЕРЕГИ ЖОК ЭКЕНИН КӨРСӨТТҮ”

Коомдогу актуалдуу маселелер тууралуу айта турган сөзү бар, ар окуяны анализдеп ой жүгүртө алган куудул, алпаруучу Борончу Кудайбергенов менен маектештик. Өлкөдөгү абал, чыгармачылыгы, жеке сезимдери тууралуу суроолорго куудул жеткиликтүү тил менен таасирдүү жоопторду берди.

– Борончу байке, саламатсызбы? Учурда эмне менен алексиз?

– Саламатчылык. Руханий байлыгымды толуктайын деп үйдө диний китептерди окуп жатам. Жакшы да, жаман да бир Кудайдан дейт. Жамандын артында чоң жакшылыктар бар. Азыр элге сыноо, эскертүү берилип жатат. Илдет келгенде эле “бул илдет оору эмес, дары. Бизди ач көздүк, көрө албастык, кайдыгерликтен айыктырыш үчүн, баалуулуктардын баркын үйрөтүүгө келген дары” дегем. Ар бир үй-бүлөнүн үйүнө кирип, жакынын алып же оорутуп, көзүнө көрсөтүп түшүндүрбөсө, артты карабай жашап калдык. Болгонго шүгүр кылбай, аманчылыгыбыз, ден соолугубуз, үй-бүлө, достор, аба, суу өзү байлык экенин билбей койдук.

Материалдык көз караш менен жашап, руханий ырахат алууну унутуп калдык. Байга байлыкты берип койгону менен байлыктагы ырахатты алып коёт экен. Дүнүйөнүн артынан чуркап алган адамдарды байкасаң, дасторкондо турган түрдүү тамактан анда-санда алып гана ооз тийип коёт. Ошол эле учурда кембагал ал дасторкондун четине отурса, бир алманы алып жыргап, ырахат алып, даамын сезип жейт. Ошондуктан менин кедейлигим – менин байлыгым. Бирок ушул жерден Кудай ооруну өзү жараттыбы деген суроо туулушу мүмкүн. Жамандын артында жакшылык бар деген мындай түшүндүрүлөт: Эгер бир вирусолог вирус жаратып, адамдарды өлтүрөйүн, дарысын сатып байыйын деген максат койсо же адамзаттын санын азайтуу үчүн ойлоп табылган вирус болсо, муну ойлоп тапкандар өлгөн адамдардын бейишке кирүүсүнө себепкер болушу мүмкүн.

– Бир кезде президент болом деп ат салышкан элеңиз. Ошондо президент болсоңуз, азыр эмне кылмак элеңиз?

– Эмне кыларымды айтсам, азыркы президенттин маанайы түшүп калбасын (күлүп). Президент болуу оор. Анткени ал 6 миллион адам үчүн жоопкер. Акыретте да жооп берет. Бизде мындай экен, президенттин тегерегинде жүргөн адамдар өз ишин жоготпош үчүн келген президенттерди элдин жашоосунан бөлүп, “баары жакшы жашап жатышат. Эч кандай көйгөй жок” деп чындыктан алыстатып коюшат тура. Бирөө чындыкты айтса, аны акмак кылып көрсөтүшөт. Президенттин чөйрөсүндө колунда барлар жүргөндүктөн, эл да ошондой жашап жаткандай сезиле берет. Жөнөкөй адамдардын жашоосун түшүнүш кыйын болуп калат. Ошондуктан илгери хандар түндө жаман кийинип алып эл кыдырышчу да. Азыр биздин президентке оор. Анткени ал оюндагыны ишке ашырып, өкмөттү башкара албайт. Мен барсам да эч нерсе өзгөртө алмак эмесмин. Анткени бизде парламенттик башкаруу. Шайлоону жылдырууну, акчаларды бөлүштүрүүнү, пандемияга даярдануу жолдорун парламент чечип, өкмөткө тапшырма бериши керек болчу. Булар уялбай бири-бирине медаль, грамота тапшырышып тарап кетишти. Башкача адамдар келип алышыптыр. Президент башкарайын десе, ага эч ким баш ийбейт.

Өкмөттө да партиялар тандап берген кадрлар. Кыргыздарга президенттик башкаруу керек. Өкмөттү өзү көзөмөлдөмөк. Депутаттар каникулга кетип калганда таң калып, эсим ооп калды. Бирөө кечээ “анекдот айтып берчи” дейт. “Саламаттыкты сактоо министри Германияга дарыланганы кетиптир. Туура кылат. Жөнөкөй элге орун жетпей жатса, дагы бир орунду ээлеп жатып албай, байлар сырттан дарылансын да” дедим. Мектептерде да жөнөкөй жарандардын балдарынан орун талашпайлы деп байлар балдарын чет жактан окутушат. Азаматтар, рахмат! Башка эмне дейбиз? Президентке да рахмат. Башка мамлекеттин президенти сыңары анда-санда келип “эмне болуп жатасыңар?” деп коёт. Орусиянын миллиондогон калкы бар шаарларын бир мэр башкарат. Биз 6 миллион эл болсок, анын болжол менен 2 миллиону миграцияда жүрөт, расмий эмес эсептегенде. 1 миллиону балдар менен карылар. Бир миллиону башка улуттун өкүлдөрү. 700 миңден ашык чиновник бар экен. Алардын аялы, балдарын эсептеп 1 миллион деп коёлу. Калган 1 миллиону сен, мен, базарда иштеген эже-байке. Ушул катмар берки миллионду, чиновниктерди багып жатабыз. Бул оору бизге чиновниктердин, депутаттардын кемчилигин, акыл деңгээлин билдирип койду. Алардын такыр иштебей жүргөнүн, алардын бизге кереги жок экенин, элди такыр ойлошпойт экенин көрсөтүп койду. Баары чыгып өкмөттү сөгүп туруп, аягында добуш бергенде колдоп коюшат го. Ошого да таң калам. “Коррупция менен күрөшөбүз” дешет. Аны менен күрөшпөш керек. 4 миң сом айлык алып жаткан адам менен кантип күрөшсө болот? Биринчи айлыкты көтөрүш керек. Ал үчүн инвестиция тартып келип, экономиканы көтөрүш керек. Өзүбүздүн эле чет жерде иштеген ишкер жарандарыбызды инвестор катары чакырып, аларга жеңилдиктерди берсек болот.

– Сизди дагы эмнелер көп ойлондуруп жатат?

– Жүрөгүмдү оорутканы – мамлекетти 30 жылдан бери туура эмес жолго сүйрөп, жеп-ичип келаткандардын артынан аларды коргогон жаш армия пайда болуптур. Алар мамлекетти сатып жиберсе деле колдой беришет экен. Чындыкты айтып койсоң, фейк болуп алышып сени изилдеп, “акмаксың, эшексиң” деп жазып чыгышат. Таң калдым. Мен да кайсы бир саясатчыларга каршы пикиримди жазып койсом, алардын армиясы ар кандай сөздөрдү жазып, мени “тытып жеп” коёюн дешти. Кемчилигин айтып койгон адамды эл душманы кылып алышат экен. Таң калганым – азыр биз аянтка чыгып революция кылып, азыркыларды кетирип, жаңы бийлик орнотобуз десек, кайра эле ушул күнгө чейин иштеп келген кадрларды, мисалы, Темир Сариевди же Өмүрбек Текебаевди коюп коёт экенбиз. Айырмасы кайсы? Кайра эле саясаттын курмандыгы болуп калып жатпайлыбы. Өзгөртүш үчүн өзүбүз өзгөрүшүбүз керек. Ар бирибиз өзүбүзчө ой жүгүртүп, туура эмес болсо айтып турбасак, систем өзгөрбөйт. Мындан да жаман болот.

– Саясаттан алыстап, сиздин чыгармачылык иштериңиз тууралуу сүйлөшсөк...

– Мен блогер болуп, YouTube каналымды иштетип жатам. Режиссёрлук кылып, тарбиялык мааниси бар кыска метраждуу тасмаларды тартып жатам. Ар кандай ролик тартуу менен алекмин. Абал жакшырса, буюрса, күзүндө концерт коёбуз. Колдон келишинче элге пайдасы тийсе экен деп тамаша жолу менен чындыкты айтууга аракет кылып, жаман көрүнүп эле келе жатабыз.

– Бир маегиңизде “мени белгилүү куудул деп айтышса уялам” дептирсиз. Эмнеге уяласыз?

– Адам табиятынан куудул болот го. Менде андай сапат жок. Мен, тескерисинче, ой жүгүрткөн, көп уккан, анализ жүргүзгөн адаммын. Жашоодо олуттуумун. Куудул десе ыңгайсыз боло берем. Меники жөн гана иш. Коомдогу көйгөйдү тамаша менен айтайын деп изденем. Бир жагынан ата-энем тамашакөй болушкан. Апабыз жамактап күлдүрүп сүйлөгөн киши болчу. Анын үстүнө саяк уруусунун табиятында какшыктап, мыскылдап сүйлөө сапаты бар. Ушул канымдагы сапаттар менен эмгегим кошулуп куудул болуп жүрсөм керек.

– Биздин гезитке балалыгыңыз тууралуу айтып бергенсиз. Ошол маектен сиздин өз ата-энеңизге таарынычыңыз бар экени билинет. Бул таарынычтан арыла алдыңызбы?

– Ооба, бала кезде мени атамдын агасынын аялына берип койгону үчүн, кийин өз үйүмө келгенде башка балдарына кылгандай мамиле кылбаганына таарынчумун. Чоңойгондо ата-эненин баланын жашоого келишине себепкер болгонунун өзү чоң мааниге ээ экенин түшүндүм. Ата-энемдин колуна кайра келгенден кийин алардын тарбиясынын маанилүү экенин түшүндүм. Бул тагдыр деп билдим. Анын үстүнө көзү өтүп кеткенден кийин аларга таарынуу туура эмес. Ата-эне мээримдүү болот. Алар бала үчүн жасаганын милдет кылбайт, “кылганымды кайтарып берсин” деп күтпөйт. Ата-эненин сүйүүсү ушундай болот. Алардын мени башкага берип койгону келечегиме чоң таасирин тийгизди. Ошол себептүү ой жүгүртө алган, сезимтал болуп чоңойгон чыгармын. Эрке бала болуп чоңойсом, балким, баары башкача болмок.

– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Mirnar
2020-07-20 11:26:05
Эн туура айтыптыр! Элимди жеримди коргоймун,мекенимди онуктуройун, напсимди тыяйын деген эр азаматтар чыкса экен эртерек!
+11
Jaka78
2020-07-20 11:46:58
Азаматсыз,Борончу байке,даана,кесе,так айтыптыр,бар болуңуз
+8
Rakyl12
2020-07-21 12:15:06
Жакшы ой жугуртуусу бар киши да.
+5
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан