Кыргыз шоу бизнесине өзгөчө талант кошулду. Eazy... Бул ырчы жигит күйөрмандарын үнү менен гана эмес, бийлегени менен да суктандырат. Жаңыдан аты чыгып келе жаткан Ислам Сагынов “эл мени байкашы үчүн көп аракет кылдым, көп убакыт кетирдим” дейт.
EAZY ТУУРАЛУУ:
Аты-жөнү – Ислам Сагынов
Туулган жылы – 1994-жыл, 4-июль
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Пётр Шубин атындагы музыкалык мектепти, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын фортепиано классын аяктаган.
Учурда – ырчы
Репертуарындагы ырлары: “Сафари”, “Модели”, “Бомбита” (Баястан жана G-Voo менен), “Ван Гог” (G-Voo жана Shukur Ali менен аткарган) жана башка.
– Ислам, саламатсыңбы? Күйөрмандарыңа өзүңдү кенен тааныштырып кетсең...
– Саламатчылык. Менин аты-жөнүм Ислам Сагынов. 1994-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм. Апам музыкант, 30 жылдан бери Улуттук филармонияда иштейт. Өз атамды көргөн эмесмин. Өгөй атам музыкант. Мен алардын жолун жолдоп, музыкант болуп калдым. Мектепте окуп жүргөндө Пётр Шубин атындагы музыкалык мектептен билим алып, кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын фортепиано классында окудум. Андан кийин музыканы таштап, акча табыш үчүн ар кандай жумуштарда иштеп жүрдүм. Анткени үй-бүлөбүздүн материалдык абалы жакшы эмес болчу. Кайсы бир убакыттан кийин вокалдык билим алайын деп Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырдым. Ал жактан буга чейин музыкалык билим албаган балдар менен чогуу окууга туура келди. Бул нерсе эмнегедир мага ыңгайсыздык жаратты. Менин чөйрөм эместей сезилип, 2 жылдан кийин окууну таштап салдым.
– Андан кийин музыкалык карьераң кантип өнүктү?
– Чыгармачылыкка киришип, 3-4 жолу кайра аны таштап, башка иштер менен алек болдум. Көр оокаттын камын көрүш керек да. Кыскасы, жан дүйнөмө жакпаган иштер менен алек болдум. Ортодо кабактарда, тойлордо ырдап жүрдүм. Акыры олуттуу түрдө 2015-жылы чыгармачылыкка кириштим. Ырдаган, музыкалык аспапта ойногон мага жеңил. Рэп окуп жүргөндүктөн мени рэпер деп ойлошот. Бирок мага фанк, джаз, соул жанрында ырдаган жагат.
– Анан кантип рэп окуп калдың?
– Рэп ырчылары менен дос болуп жүрүп, алардан үйрөнүп ырдап калдым. Эгер үнүң болсо, рэп окуган жеңил. Негизи вокалы жакшы эместер рэп ырчысы болушат. Рэп ырдаган досторумдун баары “үнүм болсо ырдамакмын” дешет.
– Эмнеге каймана атың Eazy?
– Кичинемден эле чоң атам мени эркелетип Иси, Изи деп чакырчу. Чоң атамды туурап, башка туугандарым да Изи деп калышкан. Эл алдына чыгууга каймана ат издеп, көп убара болдум. Анан өзүмдүн Изи атым эсиме келди. Бир ирет бир байке “Изи дегенди из деген мааниде колдонсо болот да” деп калды. Анан мен кыргыз маданиятында из калтырам да деп ойлодум. Экинчи тарабы – Eazy англис тилинен которгондо “жеңил”, “оңой” деген сөз. Бардык ырларым жеңил, позитив чакырсын деп Изи деген каймана атты тандап алдым. Бирок жашоом, басып өткөн жолум жеңил эмес, оор болду.
– Кандай оор жолду басып өттүң?
– Бул тууралуу кийин айтып берейин.
– Макул. Сонун бийлейсиң. Муну бийлегениңди көргөндөрдүн көпчүлүгү айтат, жазат. Бийлегенди атайын үйрөндүң беле?
– Ийримдерге барган эмесмин. Болгону мектептин акыркы жылдарында Майкл Жексондун чыгармачылыгы менен “ооругам”. Телевизор алдына туруп алып анын ар бир кыймылын кайталачумун. Мындан тышкары досторумдун көбү музыканттар, бийчилер болчу. Ошол досторум менен бийлечүмүн. Ушул кызыгуулардан улам эле бийлеп калгам. Ооба, ырларыма жазылган комментарийлерди окусам, 60-70 пайызы бийлегенимди баалашат. Ошондон улам күйөрмандарыма эмне жагарын билип калдым. Бул да белги болсо керек. Балким, келечекте бий концерт да уюштуруп калам.
– Буюрса. Атыңды таанытыш үчүн эмне кылыш керек?
– Казакстанда ырлар эмнеге жакшы өтөт? Анткени пиар жакшы. Пиар үчүн акча керек. Биз колунда бар мекендештерибизден демөөрчүлүк кылууну сурансак, жардам бергилери келишпейт. Анткени бизди башка музыканттар сыяктуу ойлошот. Эч кимди таарынткым келбейт. Ар кимдин өз деңгээли, стили, жанры бар, ой жүгүртүүсү башка.
Мен көп аракет кылдым. Көп убакыттан кийин гана эл мени байкай баштады. Өзүмө көңүл бурдуруу үчүн рэп да окудум. Бирок баарына өзүбүз күнөөлүүбүз. “Бактылуу экенибизге өзүбүз күнөөлүүбүз”. Бул сөз менин жашоодогу, чыгармачылыктагы устатым Азамат Такырбашевдин сөзү. Ал байкем мага көп нерсе үйрөттү. Ошол адамдын жардамы менен азыр мурункудан башка адаммын. “Бактылуу экенибизге өзүбүз күнөөлүүбүз” дегенибиз бакыт – бул азыр жашоо. Ар бир секунд, көз ирмем бакыт. Ал биздин чечим, биз тандаган жол. Мен башка жолду тандай алмакмын. Ошондуктан өзүбүз күнөөлүүбүз, өзүбүз жаратуучубуз.
– Азыр бактылуусуңбу?
– Ар секунд бактылуумун. Анткени мен азыр жашап жатам. Жашабай эле басып жүргөн учурум да болгон. Искусство өкүлдөрү көпчүлүк учурда транста, депрессияда болушат. Эмоцияны, сезимди жүрөгүбүз аркылуу өткөрөбүз. Ошондо ырлар, музыкалар жаралат. Мен көпчүлүк учурда маанайым суз жүрөм. Дайым иштеп кыймылда жүргөнүм мени коргойт. Болбосо ичип кетмек болушум керек. Мен бөйөн жылдызынын алдында төрөлгөм. Бир нерсе жакпаса өз уяма кирип жок болуп кетем, мени эч ким таппай калат.
– Өзүң кандай ырларды угасың?
– Бардык музыканы, башка элдин музыкасын угам. Өзгөчө фанк, соул, джаз угам. Азыр Португалиянын, Бразилиянын музыкасына көңүл буруп жатам. Ырларым да ошолордукуна окшош чыгып жатат.
– Кыргыз ырчыларынан кимди угасың?
– Мирбек Атабековду. Ал ишендирип ырдай алат. Көпчүлүк ырчылар ишендирип ырдай алышпайт. Андайлардын аттарын да билбейм. Арсенди, Айбек Замировду угам. Анан эски кыргыз ырлары жагат. Мисалы, Рыспай Абдыкадыров, Гүлсүн Мамашеваны, “Наристе”, “Киргизия” ансамблдерин угам. Эмнеге азыр андай жок?
– Жеке жашооң тууралуу билгибиз келет...
– Сүйлөшкөн кызым бар. Июнда үйлөнүшүбүз керек эле, абал мындай болуп калбадыбы.
– Бактылуу болгула! Чыгармачылык ийгилик!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg