Түгөйлөр бири-биринин оорун колдон, жеңилин жерден алып, үй-бүлө жүгүн бирге көтөрүшөт эмеспи. Бирок ошондой өмүрлүк жарды кантип табыш керек? Айрымдар “бир көрүп эле менин адамым экенин туйгам” десе, кээ бири бара-бара сүйүү сезими ойгонгонун айтышат. Белгилүү спортчулар сүйүктүүлөрүнө кантип жолугуп калганы тууралуу айтып беришет.
Тилек Жээнбеков, мушкер, эрежесиз уруш боюнча Angel's Fighting уюмунун чемпиону:
“ЖУБАЙЫМ МЕНЕН БААРЫН АЧЫК АЙТЫП СҮЙЛӨШКӨМ”
– Келинчегим менен таанышып калуума бир тууган карындашым себепкер болгон. Экөө курсташ болчу. Расмий таанышканга чейин эле 2 жыл мурун карындашым “ушул кыз менен сүйлөшүп көрбөйсүзбү, жакшы кыз, мага да жакшы жеңе болот” деп көрсөтүп жүрчү. Элес албай эле “жок” деп койгом. Арадан эки жыл өткөндөн кийин үйлөнүүгө туура келип, ички дүйнөм ошого дайын болгондо карындашыма “тартиптүү, менин балдарыма мыкты эне, сага жеңе боло турган жакшы тааныган кыздарың болсо, мени менен тааныштыр. Сүйлөшүп көрөйүн, ылайыгы келсе үйлөнөйүн” дедим. Анын үстүнө үйдө жалгыз баламын. Ата-энем небере жытын жыттап, келиндин колунан чай ичсин деп карындашым менен сүйлөшүп отурсам, ошол 2 жыл мурун көрсөткөн курбусун көрсөттү. Алгач телефондон таанышып, сүйлөшүп баштаганбыз. Бирок ага чейин бири-бирибизди көрүп жүрчүбүз.
Мен айылдык жигитмин, келинчегим шаарда чоңойгон, орус мүнөз кыз. Экөөбүз бир аз сүйлөшүп эле пикирибиз келишпей, сүйлөшпөй калдык. 10 күндөн кийин кайрадан байланышып, жолугуп, бири-бирибизди жакындан билгенге аракет кылдык. Арадан 3-4 ай өткөндөн кийин менин келечектеги жубайым боло турган адам экенин сезип, аракет кыла баштадым. Ата-энесине, жанында жүргөн досторуна, айрыкча мага кылган мамилеси көңүлүмө толду. Үйлөнөйүн деп чечтим, ата-энесине айттырдым, жолугушуулар болду. Жазга маал болчу, кыргызда түшүм жок кез деп коёт эмеспи, ага карабай ата-энем менен кеңешип, 4-5 айдын ичинде эле баш кошуп алганбыз.
Жубайымды тандаган себептердин бири – бою узун, сөөктүү экени. Келечекте менин дагы уул-кыздарым кыргыздын баатырларынан болсо экен дегем.
Чынын айтсам, жашоого реалдуу карайм. Ачык айтып, болгон оюмду туура, так жеткирип, ал адам кайра жетиштүү жооп ала алгыдай кылып сүйлөшүүгө аракет кылам. Андыктан болочоктогу келинчегим менен ачык эле сүйлөшкөм. Ал кезде шаарга толук отурукташа элек болчумун, кайын журтума да пландарымды, спортто жүргөнүмдү, жумушумду, баарын ачык айтып, жубайымдын колун сурагам.
Азыр Кудайга шүгүр, 2 уулубуз бар. Эки уулумдун сонун энеси, менин сүйүктүү жарым. Бирге түтүн булатканыбызга жети жылдан өттү. Ал менин спортчу экенимди билген, спортто ийгилик жаратуу үчүн көп мээнет керек экенин түшүнгөн. 7-8 жылдын ичинде спортко кошкон салымымдын башында тургандардын бири – келинчегим. Туура тамактануудан баштап, ой жүгүртүүмө чейин жанымда акылга акыл кошуп, түрткү болуп турат.
Жаш муунга дагы бактылуу үй-бүлөлүк жашоо каалайм. Эң негизгиси ортодо биримдик болуп, бири-бирине сабырдуулук, акылдуулук жана түшүнүү менен мамиле кылыш керек.
Турат Осмонов, мушкер, профессионалдык бокстун WBC Asia версиясы боюнча учурдагы чемпиону:
“ЖУБАЙЫМ ЭКӨӨБҮЗ КАЗАКСТАНГА КАЧЫП КЕТКЕНБИЗ”
– Мен келинчегим менен 2010-жылы 21-мартта таанышкам. Нооруз майрамында көргөзмөдөн кезигип калганбыз. Ал кезде мен 11-класста, ал 9-класста окучу. Ошону менен 5 жыл сүйлөшүп жүрдүк.
Кандайдыр бир белек же гүл берерде аябай толкунданчумун. Себеби мүнөзү оор болчу. Оңою менен көп нерсени жактыра берчү эмес. Бирок ага карабастан көңүлүн таап, сүйлөшүп калдым. Башында жубайым болуп калат деген ой деле болгон эмес, жөн эле жактыруу болчу. Кийин мен Казакстанга окууга тапшырып кеттим. Спорт жаатында жүрүп, бири-бирибизден алыс болуп калдык. Бизди аралыктын алыстыгы жакындатты. Көп убакытка көрүшпөгөн мезгил экөөбүз үчүн оор күндөр болгон. Мен 1-сессияны бүтүрүп, каникулга келгенде Казакстанга чогуу качып кеткенбиз. Аны үйүндөгүлөрү урушуп, көп маселе жаралган. Аягында ата-энелерибиз бизди түшүнүп, макул болушкан.
Ошентип келинчегим да Казакстанга окууга тапшырган. Экөөбүз Казакстанда чогуу жүрүп, 2015-жылы окууну бүтүп келип баш кошконбуз. Кудайга шүгүр, ортобузда эки балабыз бар. Экөөбүз бирге көп жол басып өттүк десем болот. Ушул адамды жолуктурганым үчүн Кудайга миң мертебе ыраазымын. Менин спорттогу ийгиликтерим, деги эле жетишкендиктеримде жубайымдын кошкон салымы чоң. Анткени ал колдогонду билет. Ушунчалык талапкөй жана мотивацияны да жакшы берет.
Азамат Байматов, футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын оюнчусу:
“КЕЛИНЧЕГИМ МЕНЕН ИНСТАГРАМДАН ТААНЫШКАМ”
– Келинчегимдин аты Жибек. 2015-2016-жылдары Инстаграм кеңири кулач жая баштады. Инстаграм менен “ооруп” жүргөн кезде Жибектин пианинодо ойногонун көрүп жактырып калдым. Анан ага жаза баштагам. Ошентип Инстаграмдан таанышып калганбыз. Өзүңүздөр билгендей, спорттук карьерам чет мамлекетте (ред.: учурда Малайзияда Куала-Лумпур футболдук клубунда ойнойт). Андыктан кыргыз кыздары менен бир жерде таанышып калып же капыстан жолугушуп сүйлөшүп калуу кайдан болсун? Ошол себептүү көп деле кыздар менен таанышып, сүйлөшчү эмесмин. Анткени мен алыстамын, а ортодогу байланыш ар күнү болуп, мамиле күндөн күнгө өсүшү керек.
Биз алгач 2016-жылы жайында жолукканбыз. Биринчи кадамдарыбыз Ысык-Көлдө башталган. Ал учурда Жибек Көлдө болгондугуна байланыштуу ал жакка байма-бай каттап калгам. Мен кайрадан Индонезия, Оманга кеттим. Ошол учурда аябай эле кыйын болгон. Экөөбүздүн тең жылдыз белгибиз жаачы. Жаачылардын мүнөзү оор келет, Жибектин да мүнөзү оңой эмес. Бирок ал баарына чыдап, эки жыл күттү. Ошону менен эки жыл сүйлөшүп жүрдүк. 2018-жылдын сентябрында жаракат алып, Москвадан операция жасаткам. Ошондо мени менен чогуу барып колдоп, жанымда болду. Кыз кишинин ошондой оор күндөрдө жанымда болгонуна аябай ыраазы болгом. Мындай кадамдарды сыйлайм. Ошентип 2018-жылы ноябрда баш коштук. Бирок үйлөнүү тоюбуз боло элек. Буюрса, алдыңкы күндөрдө өзүбүздүн чакан чөйрөдө үйлөнүү тоюбузду балабыз менен чогуу өткөрөбүз деген ниетибиз бар. Бишкекте же чет мамлекетте болобу, аны убакыт көрсөтөт.
Азыркы учурда мен үчүн дагы кыйын болуп жатат. Анткени жети айдан бери Малайзияда жалгызмын. Үй-бүлөм Кыргызстанда. Ысык-Көлгө жөнөтүп койгом, ошол жакта. Авиакаттамдар жабык, ачылышын күтүп жатабыз. Мен бара албайм, анткени барсам кайра бул жакка келе албайм. Малайзия ошондой шарттарды түзүп койду. Биринчи мүмкүнчүлүк болору менен үй-бүлөмдү алып келем деп авиакаттамдардын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатам. Мени ар дайым колдоп турган келинчегим менен сыймыктанам.
Динара Акимова
sport@super.kg