Москванын түштүгүндөгү ресторандардын биринде үйлөнүү тою өтүп жаткан кыз каза болуп калды. «Московский комсомолец» гезитинин жазганына караганда, анын өлүмү башында белгисиз болгон. Кийин белгилүү болгондой, кыздын жаңгакка аллергиясы болгон. Кыздын туугандары ресторанга буюртма берерде тамак-ашка жаңгак аралаштырбоону өтүнүп, кыздын аллергиясы бар экенин айтышкан. Бирок кыз-күйөөгө даярдалган дасторконго коюлган конфеттин курамында жаңгак бар болуп чыккан. Кыз ошол конфеттен бир нечени жегенин жана андан кийин өзүн жаман сезип баштаганын күбөлөр айтышкан. Ресторанга “Тез жардам” чакырылып, бирок реаниматологдор кызды сактап кала алышкан эмес.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg